Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Бүгүн Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы каралат


Текебаевди колдоочулардын Бишкектеги УКМК имаратынын жанындагы минтинги, 26-февраль, 2017-жыл.
Текебаевди колдоочулардын Бишкектеги УКМК имаратынын жанындагы минтинги, 26-февраль, 2017-жыл.

“Ата мекен” партиясынын лидеринин тергөө учурундагы баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу партиянын штабынан маалымдашты.

Айрым маалыматтар боюнча, прокуратура Текебаевди эки айга камоону сурайт.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев мунун баарын өзүнө “бийликтин жапкан жалган жалаасы” деп айтып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG