Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

БШК: Шайлоого даярдык шайма-шай


Президенттик шайлоого 8 күн калды. Борбордук шайлоо комиссиясы ага карата кеңейтилген жыйын куруп, шайлоону уюштурууга катыша турган бардык органдар даярдык шайма-шай экендигин айтышты. Ал арада оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар шайлоо өнөктүгү калыс болбой жатканын айтышууда. Отурумга катышкан бийлик өкүлдөрү андай маалыматтарды четке кагып, тескерисинче оппозиция тараптын жыйындарында мыйзам бузуулар катталып жатканын билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү отурумунда 23-июлда боло турган президенттик шайлоого даярдыктар жалпысынан дурус деп бааланды. Жыйынга катышкан Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, сот бийлигинин өкүлдөрү да президенттик шайлоого даяр экендиктерин ырасташты.

БШКнын төрагасы Дамир Лисовский билдиргендей, учурда жер-жерлердеги бардык шайлоо комиссиялары бюллетендер менен камсыз болушкан жана аларды Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кайтарууга алышууда.

Даярдыктар тууралуу Д.Лисовский мындай дейт:

- Жалпысынан Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону өткөрүүгө даяр. Ушул тапта эл аралык байкоочуларды каттоону улантып жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин төрт жүздөн ашык эл аралык байкоочуну каттадык.

Ал эми оппозиция өкүлдөрүнүн билдиргени боюнча, учурдагы президент жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев административдик ресурстарды ченемсиз пайдаланууда. Шайлоо процесстерине байкоо салып турушкан бир катар бейөкмөт уюмдары да БШК баш болуп бир гана талапкерге, учурдагы президенттин пайдасына иштеп жатышканын айтып чыгышты.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин ырасташынча, ушул тапта айыл өкмөттөрдөн тарта, аким, губернаторлорго чейин президентти катуу сындаган талапкерлерге, эң негизгиси Алмазбек Атамбаевге катуу тоскоолдук кылып жатышат. Белгилүү саясатчынын пикиринде, «карга карганын көзүн чукубайт» деген принципке таянып, прокуратура, сот органдары андай мисалдарды көз жаздымда калтырышууда:

- Бул алты талапкердин ичинен Курманбек Бакиев бүтүндөй мамлекеттин, бийликтин бардык мүмкүнчүлүктөрүн өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып атат. Ал аз келгенсип жанагындай тажаал аялдарды бизге каршы салып атат. Ал эми ошол алтоонун ичинен бийлик тарабынан өзгөчө куугунтукталып, бут тосулуп, камалып атышкандар – булар Атамбаев тараптагылар. Бакиевдер жана Бакиевчилер, алардын койгон адамдары ажалдай эле коркуп атышат. Булардын колунан бийликтин ооматы кетип атат. Ошондуктан булар жан талашып, «Көрө турган күнүбүз эмне болот? Эртең камалабызбы?» деп, ошондой зордук-зомбулуктарга барып атышат.

Башкы прокурордун орун басары Сумар Насизанын айтымында, шайлоо өнөктүгү маалында бүгүнкү күнгө чейин «административдик ресурстарды колдонуп жатышат» деген сыяктуу бир дагы айыптоолор тастыкталган жок. Тескерисинче оппозициялык күчтөрдүн талапкери болгон Алмазбек Атамбаевдин үгүт кампаниясы маалында мыйзам бузуулар катталууда:

- Бардык талапкерлерге, алардын ишенимдүү өкүлдөрүнө бирдей укук берилген. Алар кайсы жерге барып үгүт кампанияларын өткөрүшсө дагы тартип коргоо органдары аларга тоскоолдуктарды жасашкан жок. Тескерисинче алар тартип сакташат. Кээ бир адамдар «административдик ресурстар колдонулуп жатат, укук коргоо органдары кийлигишип жатышат» деп айтып атышууда. Биз аларга ар дайым айтып келебиз, «урматтуу ушундай сөздөрдү айтып аткандар, силер бизге конкреттүү фактыларды бергилечи. Буга кайсы кызматтагы адамдар аралашкан» деп.

Алдыдагы президенттик шайлоого карата өлкө боюнча 56 шайлоо округу, 2330 учаскалык шайлоо комиссиялары түзүлгөн. БШКнын маалыматы боюнча жалпы шайлоочулардын саны 2.718.818 болсо, алар үчүн 2.872.181 даана шайлоо бюллетендери даярдалган. БШК төрагасынын айтымында, бюллетендердин саны шайлоочулардын санынан көп болуп жатканы мыйзамга каршы келбейт.

XS
SM
MD
LG