Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

А. Мониев: “ММКга үй-бүлөнүн гана ырын ырдатуу аракети жүрүүдө”


Журналисттердин сабалышына жана өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына байланыштуу суроолорго жаңыдан чыгып жаткан “Пресс.kg" гезитинин баш редактору Абдувахаб Мониев жооп берди.

- “Ош шамы” басылмасынын кабарчысы Кубаныч Жолдошевдин сабалышы менен жыл башынан бери журналисттерге кол салуунун саны жетиге жетти. Алардын ичинде сиз өзүңүз да барсыз. Сизге кол салгандар табылдыбы?

- Жок, эмнегедир ал иш ошол боюнча эле калып калды.

- Сиз иликтеп, сураштырып көргөнүңүздө кандай жоопторду алып атасыз?

- Мен атайын иликтеп көргөнүм жок. Ошондуктан кандай иш жүрүп жатканы боюнча кабардар болбодум. Себеби менин ишенимимде, дегеле мындай учурларда кылмышкерлерди табуу иши Кыргызстанда болуп көрө элек.

- Мына ушундай табылбай калып аткандардын себебинен улам буга бийликтин да кызыкчылыгы бар деген пикирлер айтылып атат. Сиз кандай ойлойсуз?

- Сөз эркиндигин кысымга алуу бүгүн Кыргызстанда жаңылык болбой калды. Мунун түбү жалпы эле Кыргызстандагы мамлекеттик бийликке барып такалат. Биз Аскар Акаев президент кезинде Кыргызстанда үй-бүлөлүк бийлик түптөлүп калды, үй-бүлөлүк бийлик курулду деп ызы-чуу болуп жатчубуз. Азыркы бийлик, 24-марттан кийин Акаевдин бийлигин кулатып келген бийлик - үй-бүлөлүк бийлик мына мындай болот деп накта үй-бүлөлүк бийликти орнотту Кыргызстанда. Ал эми үй-бүлөлүк бийлик орногон мамлекетте эч качан ММК эркин болбойт.

- Абдувахаб, мамлекеттик башкаруу системасын рефармалоо агымы менен мурда өкмөткө баш ийип келген “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттери дагы президенттин алдындагы катчылыктын карамагына өттү, булар менен кошо облустук телекомапниялар да өткөнү айтылып атат. Кээ бир талдоочулар муну дагы президент жалпы басылмаларга, сөз эркиндигине өзү көзөмөл кылууга өттү деп айтып атышат. Сиз кандай ойдосуз?

- Туура баамдашкан. Мен бул маселени тереңирээк билем. Анткени 2005-жылдын 24-мартынан кийин Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин баш редактору болуп иштеп калбадымбы. Ошол мезгилде, 2005-жылдын декабрь айында президент К. Бакиевдин жардыгы чыккан. Ал “Слово Кыргызстана”, “Кыргыз Туусу” гезиттерин баш кылып, облустук гезиттерди төш кылып акционерлештирүү боюнча болчу. Ал жардыкты аткаруу боюнча өкмөттүн атайын иш чаралары белгиленген бир айдын ичинде аткарылсын деп. Бирок жардыкты жокко да эч ким чыгарган жок. Анан акционерлештирүү боюнча сөз да болбой, ошол боюнча калып кетти.

Ал эми бүгүн кайра тескери айланып, мурдагы эле өкмөттүн карамагындагы басылмаларды бүгүн президент жеке өзүнүн колуна алып отурат. Курманбек Бакиев бийликке келген кезде мен ММКларга эркиндик берем деген сөзүн караманча танып, тетирисинче иш кылууда. Бул эмнени билдирет, бул Кыргызстанда накта үй-бүлөлүк бийликти чыңдоону, ММКлардын баардыгы бир үй-бүлөнүн гана ырын ырдап, арыгын чабыш керек деген нерсени гана түшүндүрөт. Буга чейин жакшы билесиздер, Кыргызстандагы телерадиокомпаниялардын бардыгы бир үй-бүлөнүн колуна топтолгон. Эми кезек гезиттерге түштү.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG