Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:25

Кыргызстанда сөз эркиндиги үчүн алтын доор болуп жатат. Бул тууралуу көз карандысыз журналист жана эксперт, “Содружество” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Аркадий Гладилов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Ал ошондой эле Конституциянын долбоору, референдум, сөз эркиндиги туурасында ой бөлүштү.

“Азаттык”: Конституциянын жаңы долбоорун кандай баалап жатасыз?

Аркадий Гладилов: Менимче, Констиуцияга каалаган нерсени киргизип, абдан кооз жана сабаттуу жазууга болот. Башкысы ал практикада колдонулабы, ишке ашабы? Мына ошол маселе маанилүү. Чындыгында биздин мурдагы Конституциялар, ошол эле 1993-2007-жылы кабыл алынгандар деле жаман эмес болчу.

Ар бир Конституциянын өзүнүн жакшы жана жаман жактары бар. Бул жерде тигил же бул мыйзам элдин менталитетине кандай таасирин тийгизет - ошону караш керек. Маселен абдан мыкты, демократиялуу Баш мыйзамды кабыл алган менен ал элдин, коомчулуктун маанайына дал келеби? Бул чоң маселе. Мен азыркы Конституцияны калктын баары окуйт, таанышат деп ойлобойм. Калктын 5% таанышып чыкса бул да өтө жакшы көрүнүш болмок. Маселе ушунда болуп жатат.

“Азаттык”: Анан кантип референдумга барат деп ойлойсуз?

Аркадий Гладилов: Мурда кандай болуп келсе ошондой эле болот. Референдумга барышат, бирок эмнеге добуш берип жатканын билбегендер да бар. Ушундай болгон, болот жана боло берет. Референдум да өтөт, Конституция да сөзсүз кабыл алынат. Андан ары жашоо өз нугунда, Конституциядан сырткары улана берет. Башкача айтканда, калыптанып калган менталитет боюнча колунда бийлиги барларды “сыйлоо” улана берет.

“Азаттык”: Конституциянын долбоорунда каралган бөлүктөрдүн бири адам укуктары болду. Ушул жана башка улуттун укуктары кандай белгиленген?

Аркадий Гладилов: Адам укуктары негизинен жаман эмес. Мында мурдагы бийликтеги көп катачылыктар эске алынган. Кандай болгондо да Конституциялык кеңешмеде абдан сабаттуу иштелип чыккан. Бирок канча адам болсо ошончо пикир жаралат. Менимче, менчик маселеси абдан начар иштелген. Эскисин эле ордуна коюп койгон. Жашоо деген өзгөрүп турат. Кандайдыр бир өзгөртүү, жаңылык киргизиш керек эле. Бул менин жеке пикирим.

Ал эми улуттардын укуктарынын белгилениши да жаман эмес. Бир гана президент мамлекеттик тилди билиши керек деген жобо мурдагыдай калган. Бул бир эле убакта башка беренелерге каршы келип, муну менен башка адамдардын укугун бузулуп атат. Менимче бул – архаизм. Эмне, президент мамлекеттик тилден башка тилди билбеши керекпи? Маселен ошол эле экономиканын, юриспруденциянын негиздерин да сөзсүз билиши керек да.

“Азаттык”: Убактылуу өкмөт Конституциянын долбоорун үч - кыргыз, орус, өзбек - тилде басып чыгарды. Бул башка улуттардын укугун бузганга жатабы?

Аркадий Гладилов: Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын баары эле өздөрүнүн тарыхый тилдеринде сүйлөп, биле беришпейт. Ошого карабай ар бир улут өзүнүн башка тилдерин колдонгонго, балдарын ал тилде тарбиялаганга укуктуу. Эгер мыйзамдын тамгаларында сүйлөшө турган болсок, анда Конституция 80ден ашуун тилде чыгыш керек. Биз бул болбогон нерсе экенин билебиз. Которууга эле канча убакыт, ошончо тилде чыгарууга канча каражат сарпталат. Анын үстүнө азыр биздин бюджет абдан жарды.

Экинчиден, Конституцияда дин ар бир адамдын жеке иши деп жазылып турат. Тилге деле ошондой мамиле кылса болот. Чындыгында өз тилин сүйүү, сыйлоо, ошол тилде сүйлөө, колдонуу ар бир адамдын жеке иши да. Ошондуктан кайсы бир улут Констиуцияны өз тилинде чыгаргысы келсе, мына Кыргызстан элдеринин ассамблеясы турат. Эч ким жолтоо болбойт, чыгара берсин. Бирок бул мамлекеттин мойнуна жүктөлбөшү керек.

Мындай караганда биз жагабы, жакпайбы Кыргызстанда жашап жатабыз. Жакпаса башка өлкөгө, мисалы, орустар тарыхый мекени Орусияга кетсин. Ошондой эле башка улуттар да. Аларды кармаган эч ким жок. Ошондуктан бул жерде жашаган соң көпчүлүк тарабынан иштелип чыккан белгилүү бир тартип менен жашаганга милдеттүүбүз. Мисалы, биз Кыргызстандын гимнин туруп угабыз, кээ бирлери анын сөзүн билет. Биз өзүбүздүн, Кыргызстандын туусу менен сыймыктанабыз. Ошол себептүү кайсы өлкө болбосун анда жашаган адамдар андагы тартиптерин кабыл алууга милдеттүү. Бул жерде кыргыз тилин билбеген көп улуттар орус тилин билет. Ошондуктан Конституцияны эки тилде чыгарса деле туура болмок.

“Азаттык”: Ал эми журналист катары сөз эркиндигин апрель окуясына чейин жана кийин кандай баалап жатасыз?

Аркадий Гладилов: Билесизби сөз эркиндиги үчүн алтын доор качан болгон? Эсиңизде болсо 2005-жылы Аскар Акаев өлкөдөн чыгып кеткенде Бакиев бийлиги али тааныла элек болчу. Ошол убактагы бир канча ай, ошондо да 100% эмес 80% сөз экриндиги болгон деп айтса болот. Мына азыр да ошол алтын доордо жашап жатабыз. Бирок бул, тилекке каршы, абдан тез аягына чыгат. Бул жерде бийликтин деле күнөөсү жок. Бийлик да өзүн коргоп атат. Ал тургай “маалымат коопсуздугу” деген термин пайда болду. Бул эмне деген? Өз оюн ачык айткан ММКларды жок кылуубу, же өзүнүн ою, көз карашы бар, бийликтин позициясына макул эмес журналисттерди мисалы, Геннадий Павлюктай кылып өлтүрүүбү? Бул абдан коркунучтуу.

“Азаттык”: Г.Павлюк жөнүндө сөз козголду. Эмне үчүн алигүнчө аны өлтүргөн адамдар табылбай жатат деп ойлойсуз?

Аркадий Гладилов: Биринчиден, иликтөө абдан узак процесс. Экинчиден, бул жерде саясий адам өлтүрүү болуп жатат. Анын үстүнө мында далилдик база абдан күчтүү болгон да. Мен юрист, адвокат же тергөөчү эмесмин. Ошондуктан баа бериш абдан кыйын. Анын да өзүнүн себептери болсо керек. Өлтүргөн адамды табуу мүмкүн, аны да өлтүрүлгөн кезде, буйрук берген адамды табуу кыйын. Саясий фигура алмашат, бирок кожоюн ошол бойдон калат.

“Азаттык”: Кайсы бир берген маегиңизде "сөз эркиндиги – журналисттер ойлоп тапкан миф" деп айткан экенсиз?

Аркадий Гладилов: -Сөз эркиндиги бул жерден, тигил жерге чейин гана, башкача айтканда бир рамкада гана болот. Ал эч качан болгон эмес жана болбойт. Жок эле дегенде окурмандан, угармандан, көрөрмандан көз каранды болосуң. Жок деген журналист кожоюндан көз каранды болот. Ошол жагынан алып караганда эч качан эркин болбойт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG