Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын айрым депутаттары ушундай демилге менен чыгышууда. Ошол эле учурда коомчулукта мындай мыйзам кабыл алынса сөз эркиндигин чектейт деген кооптонуулар да жок эмес.

Интернет сайттарын массалык маалымат каражаты катары каттоо маселесин Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров акыркы эки-үч жылдан бери козгоп келатат. Депутат интернет сайттардагы шеринелик баарлашуу бөлүктөрүндө (форумдарда) жеке бирөөнүн абройуна шек келтирген, диний экстремизм, улуттар ортосунда чыр -чатак чыгаруу, порнографияны жайылтуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү үгүттөөлөр кездешээрин айтып, муну мыйзам аркылуу жөнгө салыш керек деп эсептейт.

Бул маселе Бишкек пресс-клубунда өткөн “Кыргызстандагы интернет-журналистиканын азыркы абалы: проблемалар жана келечек” деп аталган жыйында талкууланып, анда бир топ талаш-тартыштуу пикирлер айтылды.

Эл аралык “Associated Press” агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү Лейла Саралаева мындай мыйзам кабыл алынса бир катар чектөөлөргө алып келишинен чочулап, интернеттин демократиялык, жарандык коомдун калыптануусундагы ролу зор экенине токтолду:

-Эгер депутаттар эле канатын кесип салбаса Кыргызстанда Интернет журналистиканын келечеги кең деп ишенимдүү айтсак болот. Айрым депутаттар Интернет мейкиндигин жөнгө салган мыйзам зарылдыгын белгилешүүдө. Менимче, информациялык сайттардагы шеринелик баарлашууларга айрым чектөөлөрдү киргизүү мүмкүн, бирок мындай чектөө киргизүү менен чылпагын алабыз деп көзүн оюп албасак болду. Интернет азыр Кыргызстанда оппозициялык маалымат каражатынын ролун аткарып, андан биз ар кандай маалыматтар, түрдүү көз караштагы пикирлер менен ыкчам тааныша алабыз. Ошондуктан интернеттин демократиялык коомду калыптандыруудагы орду жогору.

Депутат Алишер Сабиров болсо мындай чочуулор туура эместигин, Интернет кааласак-каалабасак да баары бир өнүгө берээрин айтып, бирок мунун баары мыйзамдык алкакта болушу керектигин белгилейт:

-Биздин демилге Интернет журналистикага жол тосууну, же интернетти жабууну көздөбөйт. Биз алар мыйзам алкагында иш жүргүзсө дейбиз. Балким мындай мыйзам жоктугу жоопкерчиликтен качкан чиновниктер, аймактык, улут аралык мамилеге от жаккысы келген айрым журналисттер үчүн ыңгайлуудур. Бирок биз демократиялык өлкөдө жашасак мындай мыйзам болушу керек. Бул албетте кыйын, бирок ал зарыл.

Ошол эле учурда мындай мыйзамдын азыр эс кандай кажети жоктугун белгилегендер да жок эмес. Маселен, медиа өкүл Илим Карыпбеков өлкөнүн маалымат багытындагы мыйзамдары интернет мейкиндигин да көзөмөлдөй алаарын айтып, ансыз деле азыр айрым интернет сайттардын өкүлдөрү форумдарга жарыяланган пикирлер үчүн Кылмыш кодексиндеги “мазактоо, ушактоо” Жарандык кодекстеги “адамдын кадыр-баркына шек келтирүү” беренелери боюнча сот алдында жооп берип жаткан учурлар жок эместигин белгилейт.

Канткен менен азыр мындай мыйзам долбоорун даярдоону көздөгөн үч жумушчу топ түзүлүп, ал Жогорку Кеңештин депутаттарынан, өкмөт өкүлдөрүнөн, журналисттерден куралды.

Жумушчу топтун курамына кирген медиа өкүл Илим Карыпбеков бул топ азыр мындай мыйзам долбоорунун зарылдыгы барбы-жокпу деген маселенин үстүндө иштеп жатканын айтат:

-Балким бул жумушчу топтор мындай мыйзам керек, бирок ошол чектөөнүн дагы чеги болуш керек деген тыянакка да келиши мүмкүн. Же мындай мыйзамдын таптакыр кереги жок деп да чыгышыбыз мүмкүн.

Бирок ошол эле учурда жакшы мыйзам долбоору даярдалган күндө да депутаттар аны каалагандай өзгөртүп, интернетке анык чектөөлөр кирип калышы мүмкүн деген да кооптонуулар жок эмес. Илим Карыпбековдун айтымында, мындай мыйзамдын кабыл алынышына, интернет булактарына көзөмөл кылууга өкмөт тарап да кызыкдар болууда.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG