Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

3-май - эркин басма сөздүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата медиа эксперт, көз карандысыз талдоочу Кубан Абдыменди сөзгө тарттык.

- Убактылуу өкмөт Улуттук телерадио корпорацияны коомдук телерадиого айлантуу боюнча декрет кабыл алды. Бул иш-аракеттер эмнеден башталышы керек?

- Улуттук телеканалда көзөмөл кеңешин түзүү менен башталыш керек дагы, ошонун негизинде жаңы жетекчиликти дайындап, андан кийин жалпы саясат кандай боло турганын азыркы Убактылуу өкмөт менен чечип, андан кийин ишке кирише тургандай бир деңгээлге чыгыш керек.

- Мурунку бийликтин тушунда эле коомдук телерадио боюнча демилге көтөрүлүп, а түгүл мыйзам да кабыл алган. Бирок кийин таптакыр токтоп калган. Ушундай көрүнүш кайра кайталанбашы үчүн эмне кылуу зарыл?

- Азыркы учурдагы кырдаал мурдагы кырдаалга караганда түп тамыры менен айырмасы чоң болгондуктан азыр менимче, УТРК Коомдук телеканалга айлана тургандай мүмкүнчүлүк абдан жогору. Бирок ошого карабастан, албетте азыркы эле учурдан баштап телекомпаниянын иштей турган иштерин көзөмөл кеңешти түзүү менен башташ керек деп ойлойм. Эгерде бул кеңешке бир тараптуу адамдар кирбей, коомдук ишмерлердин арасынан, же саясий партиялардан болобу, же азыркы саясатты аныктай турган күчтөр болобу, ошолордун арасынан дагы өкүлдөрдү кошуп, андан кийин жалпы маалымат каражаттарында иштеген белгилүү адамдардын көз карашын эске ала тургандай кылып, аларды туруктуу иштей тургандай орган түзүү менен башташ керек деп ойлойм. Ошондо гана биз азыркы УТРКны Коомдук телеканалга айландырууга мүмкүнчүлүк алабыз.

- Ушул процесстер канча убакытты алышы мүмкүн. Анын үстүнө алдыда шайлоо сыяктуу саясий процесстер да турат?

- Албетте Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаал бизди тез арада көп өзгөртүүлөрдү жасаганга түртүп атат. Ошого карабастан менин билишимче, ММКлардын арасында иштеп аткан мамлекеттик эмес уюмдар, маалымат каражаттарына тиешелүү иштерди алып барып аткан уюмдар, бардыгы биригип алып, ушул багытта тезирээк бир кадамдарды жасашыбыз керек дегендей сигналдарды берип атканы бул бекеринен эмес. Эгерде референдумга чейин, андан кийин жалпы парламенттик шайлоого чейин УТРКны эч кимге көз каранды эмес деңгээлге чыгарып, бийлик бутактарынын дагы, саясий күчтөрдүн дагы, коомдук уюмдардын дагы көзөмөлүнөн астынан чыгарып, өз алдынча иш алып бара тургандай деңгээлге чыгарып алсак, албетте бул жалпы эле кыргыз элинин, демократиянын өнүгүүсүнө жана өзгөчө ММКлардын кайталангыс деңгээлге чыгып, толук көз каранды эмес иштешине жол ачмак.

- Бир топ эл аралык уюмдардын баяндамаларында соңку учурда Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начар деп айтылып келди. Эми сөз эркиндигинин сактап калуу үчүн кандай механизмдер керек? Убактылуу өкмөт менен кандайдыр бир келишимдер түзүлүшү зарылбы, же мыйзамдарды оңдоп алыш керекпи?

- Албетте механизмдер керек. Менин жеке оюмда, ушуга чейин Кыргызстанда иштеп келген 4-5 мыйзам ММКлардын ишин көзөмөлгө салып, бир нукка түшө тургандай деңгээлде иштеп келген. Бирок ошого карабастан акыркы мезгилдердеги, өзгөчө Бакиевдин мезгилиндеги жалпы телеканалдардын иштөө принциптерин аныктай турган мыйзам иштелип чыккан. Бирок ал толугу менен ишке кирише электигине байланыштуу ошол мыйзамды дагы тезирээк кайра карап чыгып, өзгөртүүлөрдүн ичинде коомдук телевидение кандай иштейт, анын негизги принциптери кандай болот, коомчулуктун арасында таасири көз каранды эмес деңгээлге чыга тургандай механизмдери кандай экендегисин аныктап чыккандан кийин жалпы парламент шайланып, чоң мыйзам кабыл алынгандан кийин туруктуу бир деңгээлге чыга алат деген ишенич бар.

- Сиз азыркы кыргыз маалымат каражаттарынын ишине кандай баа бересиз? Мурун дээрлик баардык телеберүү мурунку бийликтин сөзүнөн чыкпай калды деп сындалчу эле. Азыр кайра ошонун тескериси болуп жаткан жокпу?

- Тескери варианты деп айтканга мүмкүн эмес го дейм. Менин оюмча, эгерде Бакиевдин мезгилинде өзгөчө телеканалдардын арасында көз карандуулук болуп, бир үй-бүлөнүн сөзүн айта турган ММКлар 95 пайыз түзсө, азыр тескерисинче 80-90 пайызга жакыны көз каранды эмес болуп иштейбиз, бирөөнүн көзүн карабай иштейбиз деген деңгээлге чыкты. Бирок мунун дагы терс жагы бар, эч бир чекти билбестен өз билгенин айтып кете тургандай мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк болуп атат. Ошондуктан жалпы мыйзам кабыл алына тургандай деңгээлге чыксак, парламент шайлангычакты азыркы мыйзамдар менен жок дегенде беренелерин аткара тургандай деңгээлге түшсөк, анда биз жакшы өнүгө турган жолго чыкмакпыз.

- Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG