Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

Коомдук телекөрсөтүү: кыялдар ишке ашабы?


УТРКны Коомдук телеканалга айлантууну талап кылган акциядан. 2006-жылдын 2-февралы.

УТРКны Коомдук телеканалга айлантууну талап кылган акциядан. 2006-жылдын 2-февралы.

Убактылуу өкмөт Улуттук телеканалды Коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу аракетин көрүп, жакын арада анын байкоочу кеңеши түзүлөөрүн жарыялады. Бул маселе боюнча “Азаттыктын” суроолоруна УТРКнын мурдагы бийликтин тушунда түзүлүп, иштебей жатып тарап кеткен байкоочу кеңешинин мүчөсү Исмаил Шайбеков жооп берди.

- Мурдагы бийлик тушунда дагы УТРКны Коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу маселеси козголуп, аягына чыкпай калган эле. Ушу тапта Убактылуу өкмөт бул маселени кайра козгоп жатат. Сиздин оюңузча, коомдук теле канчалык деңгээлде көз карандысыз, эркин боло алат?

- Убактылуу өкмөттүн мындай демилгесине албетте кубанычтамын. 2006-жылы 8-июнда мурдагы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, бирок белгисиз себептен ошол кездеги президент 2007-жылы 2-апрелде гана кол койгон эле. Деген менен бул мыйзамдын ошол учурда жаралышы оорукчан баладай болуп калган деп айтса болот. Азыр убактылуу өкмөт декрет менен кабыл алды коомдоштуруу боюнча, эгерде мындан ары ушул мыйзам иштеп кете турган болсо, УТРК Коомдук болуп идеалдуу болот деп айта албайм. Бирок мурдагыга караганда коомдук болооруна менде шек жок.

- Учурда Коомдук телевидениеге байкоочу кеңеш түзүү маселесине сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бир нерсенси айтып койоюн, мурдагы легендарлуу паралмент жөнүндө айтып жүрүшпөйбү, биз дагы легендарлуу байкоочу кеңешбиз деп айтсак болот. 2007-жылы 28-майда Жогорку Кеңеш 15 кишини байкоочу кеңешке мүчөлүккө бекиткен. Анын ичинен бешөө Жогорку Кеңештен, бешөө президент тарабынан, бешөө жарандык коом тарабынан келген өкүлдөр эле. Бирок ушул мыйзамдан негизинде шайланган 15 адам мурдагы бийликтин буйругу дейбизби, же болбосо Мелис Эшимкановду башкы деректерликке алып келиш үчүнбү кандайдыр бир оюндар болуп кетти. Анан биздин байкоочу кеңештин 9 мүчөсү жыйынга катышпай, арыз жаздык деп кетип калышкан. Алар: Арабаев, Асанова, Жумабаев, Максүтов, Медетов, Орунбеков, Турапов, Артыкбаева деген мүчөлөр эле. Ал эми калган Орозбаков, Иманкулова, Малтабаров, Шайбеков, Сариева сыяктуу мүчөлөр ошол мыйзамды иштетүүгө абдан аракет кылганбыз.

- Ошол тогуз адам балким ошол убактагы бийликтин иш чарасына, көрсөтүп аткан көрсөтмөлөрүнө каршылык иретинде байкоочу кеңештен чыгып кеткендир?

- Жок, андай деп айтышка туура келбейт. Мисалы, чыгып кеткендердин көбү президенттик квотадан жана Жогорку Кеңеш тарабынан келгендер болчу. Көбүнчө жарандык коомдон шайлангандар калганбыз. Алар эмне үчүн кетип калганынын себеби түшүнүктү эле болуп турбайбы, ким деле болсо, кайсы бийлик деле болсо колундагы куралын алдыргысы келбейт экен.

Мен мындан ары УТРКнын байкоочу кеңеши иштеп кетсе, Улуттук каналыбыз мындан ары элдик канал болуп, элдин кызыкчылыгын, бейтарап маалымат таратса деп тилейт элем.

- Байкоочу кеңеш эми жакын арада түзүлө турган болду. Ушул байкоочу кеңешке кандай адамдар келсе жана алар кандай иш жүргүзсө деген пиикирдесиз?

- Эми чынын айтканда Жогорку Кеңеш кабыл алган УТРКнын байкоочу кеңеши боюнча мыйзамды калыбына келди да. Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештен шайланыш керек. Менин айтайын деген мындай сунушум бар эле, ошол “кеттик” деп кетип калган адамдардын арыздары азыр да Жогорку Кеңеште тиешелүү жерде сакталуу болсо керек. Ал эми мыйзамды иштетүүгө аракет кылган, азыр мен атын атаган кишилер азкыркы күнгө чейин байкоочу кеңештин легитимдүү мүчөсү деп айтсам деле болот. Себеби биз 2012-жылга чейин шайланганбыз.

Азыр байкоочу кеңешти шайлоо боюнча жаңы комиссия түзүлүптүр, ушул комиссия ошол нерсени эске алса болот, ушул адамдар менен байланышып көрүп, 2012-жылга чейин силердин полномочиеңер бар экен, иштей аласынарбы, иштей албасаңар кандай кылабыз деп, булар менен байланышып туруп чечсе болот.

Кандай болсо да элибизге дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлдү, убакыт келди. Ушул учурда Улуттук каналды коомдоштуруп калыш керек, мындан ары элдик кызыкчылык үчүн, бейтарап иштетиш керек. Анда иштеген журналисттерге сөз эркиндигин, чыгармачылык эркиндиктерди бериш керек.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG