Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

Ошто журналисттердин жана редакторлордун демилгелүү тобу ММКлар үчүн этиканын чукул эрежелерин сунуштады. Оштогу ММКларды колдоо борборунун аткаруучу директору Максуда Айтиева андагы негизги максат - журналисттин макаласы курчуп бараткан келишпестиктерди андан ары күчөтүп жиберишине жол бербөө экенин айтат.

- Мындай этикалык чукул эрежелердин иштелип чыгышына кандай зарылчылык болду?

- Биринчиден, Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды чагылдырууда журналисттер бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп атат. Башка адамдардай эле көп суроолор бар, аларга даяр жообубуз жок болуп атат. Анан өзүбүзчө кеңештик да, биз ойлодук, бардык журналисттер өз алдынча сүйлөшүп алсак, кандайдыр бир эрежелерди иштеп чыгып, болуп аткан окуяларды чагылдырууда кайрадан пикир келишпестиктерди күчөтүп албайлы деген пикирге келип, этикалык эрежелерди иштеп чыгууну туура таптык. Кечээ биз 5-6 сунуштан турган эрежелерди кабыл алдык, 19 журналист, анан редакторлор катышты. Калгандарына да сунуштадык. Негизги максатыбыз - журналисттердин макалалары курчуп жаткан пикир келишпестиктерди андан ары күчөтүп жибербөө.

- Анда жаңжалга катышкан адамдардын улуту ким экенин айтпоо, топтордун кайсы улуттан экенине басым жасабоо тууралуу айтыптырсыздар?

- Биринчиден, кайсы бир иш-чарага катышып аткан адамдын биринчи эле өзгөчөлүгү анын улуту эмес да. Ал кайсы бир жерде иштейт, кандайдыр бир идеяны колдойт, кандайдыр бир иш аракеттерди кылып атат. Бирок ал кайсы улутта экенин ал ишке таптакыр тиешеси жок болушу мүмкүн. Ошондуктан биз сүйлөшүп алдык, биз улутун айтпайбыз, биз иштеген жерин, кайсы партиянын мүчөсү экенин, же жасаган жумушу боюнча гана маалымат беребиз деп.

- Окуяны чагылдырууда кесиптик нормаларды сактап, журналисттерди өзүнүн саясий көз карашын билдирбөөгө да чакырык ташталган экен. Сиздер кандай байкап атасыздар, ушундай саясий көз карашын билдирип жиберген макалалар да көп болуп атабы?

- Кыргызстанда бул жашыруун эмес, буга чейин деле ошондой болуп келген, көпчүлүк журналисттердин жазган макаласын карасаңыз, болуп аткан окуяда кандайдыр бир тарапка жан тартканы билинет. Бул биздин журналисттик кандайдыр бир социалдык деңгээлибиздин да көрсөткүчү болуш керек. Атуулдук позициясы менен өздөрүнүн профессионалдык позициясын бөлүп ала албагандыгы болуп турат. Ошону сүйлөшүп алдык.

- Мындан мурдарак бир катар медиа уюмдар журналисттерди бир тараптуу маалымат берүүдөн оолак болууга чакырышты эле. Ушул бир тараптуу маалымат берүүнүн кесепети азыркы кырдаалда кандай болушу мүмкүн?

- Биздин уюм ошол келишимге кол койгон эмес. Анткени биз күнүгө эртең мененки тогуздан кечки саат 8-9га чейин журналисттер менен чогуу иштеп атабыз. Алар кандайдыр бир кыйынчылыктарга дуушар болсо ошол жерде кеңеш бергенге аракет кылабыз. Же болбосо атышуу, же башка окуя болгон жерден келген журналист эмоционалдык абалда келет, анан ошону дароо монтаж кылганга болбойт. Биз аны жарым саат өзүнө келтирип, тынчтандырып, жанагы абалдан чыгарып, эми барып монтажыңды жаса деп жардам берип жүрөбүз. Себеби өйдөдөн туруп бир жактуу көрсөтүп атасыңар деш оңой медиа уюмдарга.

Бирок журналисттерге керектүү муктаждыктарына жардам берүү, ошол учурда жардам берип калуу эң негизиси деп ойлойм. Ошон үчүн ММКларды колдоо борборунун директору катары мен кол койгон жокмун. Анткени мен журналисттерге башкача жардам берип калышым мүмкүн. Биздин адистер журналисттерге макалаларды жазып аткан учурда жардам бере алат.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG