Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Кыйраган учактын кара кутусу табылды


16-январда Манас аба майданына жакын жерде кулаган жүк ташуучу “Боинг-747” учагынын кара кутусу бүгүн табылганын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Анда айтылгандай, 16-январь күнү “табылды” деп айтылып жаткан учактын кара кутусу эмес, ага окшош техникалык фрагменти болуп чыккан.

Учактын биринчи кара кутусу 17-январда издеп-куткаруу иштеринин натыйжасында табылган. Экинчи кара куту изделүүдө.

Кара кутудагы жазууларды Эл аралык авиация комитетинин адистери иликтейт.

Ар бир учакта экиден кара куту болот. Биринчиси учактын абалына көз салат, экинчиси учуунун үнүн жазып турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG