Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Мэй: Британия Евробиримдиктин "жалпы базарынан" чыгат


Мереза Тей.
Мереза Тей.

Британия “бир буту Евробиримдикте, бир буту сыртта” болгон абалды тандабасын өлкөнүн премьер-министри Тереза Мэй билдирди.

17-январдагы Брексит боюнча өкмөттүн стратегиясы тууралуу сөзүндө Мэй Британияны Евробиримдиктин жаңы жана теңтайлашкан өнөктөшүнө айлантууга чакырды.

Премьер Британиянын биримдиктен чыгуу боюнча акыркы шарттарын кубаттоо керектигин айтып парламентке кайрылды.

Иммиграциялык агымды, анын ичинде Евробиримдиктен келген агымды көзөмөлдөөнү Британия өз колуна алышы керектигин белгиледи. Муну менен өлкө адамдардын жана жумушчу күчтөрүнүн эркин ары-бери жүрүшү деген европалык принциптен баш тартууну көздөөдө.

Ошондой эле Лондон биримдиктин жалпы базарынан жана европалык жөндөө органдарынын таасиринен чыгууну каалайт. Бирок Мэй ошол эле Евробиримдик жана башка өлкөлөр менен эркин соода боюнча жаңы келишимдерине жетүүгө умтуларын кошумчалады.

Британиялыктар өткөн жылдын июнундагы референдумда Еврошаркеттен чыгууну колдошкон. Бирок, британ бийлиги Лиссабон келишиминин 50-беренесинин талабына ылайык алигиче уюмдан чыгуу тууралуу расмий билдирүү бере элек. Тереза Мэй андай билдирүү марттын аягына чейин болорун айткан.

XS
SM
MD
LG