Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Путин Трампка болушуп Обаманын администрациясын айыптады


АКШ менен Орусиянын презиенттери Трамп жана Путин
АКШ менен Орусиянын презиенттери Трамп жана Путин

Орусия президенти Владимир Путин Обаманын администрациясын жалган дооматтар менен АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын "легитимдүүлүгүнө шек келтирүүдө" деп айыптады.

Өткөн жумада АКШ атайын кызматтары Трамп тууралуу Орусиянын колундагы компроматтарды президент Барак Обамага жана жаңы шайланган президентке беришкени маалым болгон. Аны Трамп да "жалган кабарлар" деген болчу.

17-январдагы маалымат жыйынында Путин 2013-жылы Москвадагы мейманканалардын бириндеги Трамптын сексуалдык иш-аракеттери боюнча айтылгандарды жалган маалымат деп атап, муну жасагандарды “сойкудан да жаман” деп баалады.

Путин жыйында Москва-Вашингтондун көйгөйлүү мамилелерин акыр-аягы жөндөөгө үмүтүн билдирди. 20-январда ант берип, кызматына расмий киришкени жаткан Трамп да Орусия, Путин менен алакасын жакшыртарын айтып келет.

Обаманын учурунда Вашингтон-Москва алакасы начарлады. Буга Орусиянын АКШ демократтарына хакердик чабуулу, 2014-жылы Крымды аннексиялашы, Украина чыгышындагы жикчилдерди колдошу, Сирия согушу жана башка окуялар себеп болгон.

XS
SM
MD
LG