Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Ооганстан түрк бийлигинин шектүү боюнча билдирүүсүн четке какты


Шектүү Машарипов
Шектүү Машарипов

Ооган бийлиги жаңы жыл түнү Стамбулдагы терактты уюштурууга шектелип, 16-январда кармалган адам Ооганстанда окуп-машыгуудан өткөн деген маалыматты четке какты.

- Террористтерди окуткан борборлорду, алардын башпааналарын Ооганстанда болтурбоо үчүн дайыма күч үрөп келебиз. Тилекке каршы, талибдер жана террордук топтордун окуу борборлору Пакистандын аймагында бар, - деди Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Седик Седики.

Стамбулдун мэри Васип Шахин буга чейин кармалган өзбекстандык Абдулгадир Машарипов Ооганстанда окуганын жана төрт тил билерин кабарлаган. Аны Стамбулдун Эсенйурт районунда Ирактын жараны бекитип жатканы аныкталган.

Шахиндин айтымында, 39 адамдын өмүрүн кыйып, 70ке жакынын жарадар кылган бул кылмыш боюнча жалпысынан 50 адам кармалган.

XS
SM
MD
LG