Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Роухани: Өзөктүк келишим кайра каралбайт


Хасан Роухани
Хасан Роухани

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын өзөктүк келишим боюнча сынын четке кагып, Тегеран аны кайра козгобосун билдирди.

“Эч кандай кайра сүйлөшүүлөр болбойт. Келишим ишке ашып, жыйынтыкталган”, деди Иран президенти.

Мунаса күчүнө киргендигинин туура бир жылдыгына байланыштуу жыйында Роухани ал АКШнын өзү үчүн "жакшы келишим" деди. Муну Трамп түшүнбөй жатканын кошумчалады.

Трамп болсо өзөктүк программа боюнча макулдашууну “эң начар” деп, бул Иранга көп мүмкүнчүлүктөрдү берерин айткан эле.

Өткөн жылы Иран өзөктүк курал боюнча программасын кыскарткан соң андан АКШ жана Евробиримдиктин бир катар санкциялары алынган.

XS
SM
MD
LG