Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандагы журналисттерге кол салуулардан улам, сөз эркиндигинин абалы күн санап артка чегинип жатканына тынчсызданышууда. Ал ортодо жергиликтүү медиа уюмдар да журналисттердин коопсуздугун кантип камсыздоо керек деген маселени байма-бай талкуулап, уруп-сабоолорду алдын-алуунун жолдорун издешүүдө.

Европа коопсуздук жана кызматташтык сыяктуу айрым абройлуу уюмдар “Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучта” деп коңгуроо кагып, бул көрүнүшкө каршы өлкөдөгү медиа уюмдарды биргеликте иш алып барууга чакырды.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинен “Азаттыкка” билдиришкендей, учурда бейөкмөт уюмдар, укук коргоо органдары, журналисттердин укугун коргоочу фонддор дал ошол журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу маселесин карашып, аны кандай жол менен ишке ашыруу керектигин талкуулап жатышат. Аталган бирикменин жетекчиси Марат Токоев буларга токтолду:

- Журналисттерди уруп-сабоо фактысы жылдан жылга өсүп жатат. Мурда жөн гана уруп кетчү болсо, азыр ооруканага жаткыдай деңгээлде сабап жатышат. Ал эмес журналисттерди өлтүргөн да фактылар катталды. Жабыр тарткандар - курч темаларды чагылдырган журналисттер болуп жатат.

Үрөй учурган кол салуулар

Токоев журналисттерге кол салууларды токтотууга кыргыз бийлиги кызыкдар болмоюнча, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын аракетинен майнап чыгаарына ишенбейт. Соңку төрт жыл ичинде өлкөдө бийликти сындап жазган журналисттер түрдүү коркутуп-үркүтүүлөргө кабылышып, ал тургай кол салуу арты өлүм менен аяктаган окуялар, өзгөчө 2009-жылы эки журналисттин киши колдуу каза табышы журналисттер журтчулугун катуу кооптондурду.
Учурда курч, эркин жазган журналисттер үчүн коопсуздук маселеси негизги көйгөйгө айланды.


Көз карандысыз журналист Султан Каназаров мындан ары саясий курч темаларды чагылдырган журналисттердин коопсуздугу коркунучка кептелгенин айтат:

- Албетте эгерде сен күзүндө буудайдын жыйналышы, же ушул сыяктуу өтө эле жөнөкөй темаларды жазсаң коопсуздукту ойлонбосоң болот. Ал эми бийлик менен оппозициянын тирешүүсү же кээ бир адамдарга жакпай турган нерселерди жазсаң анда сен өзүңдү кооптуу сезе албайсың.

Журналист коомчулугу, өзгөчө оппозициячыл лидерлер катуу коогалаңга түшкөн бул жагдайды бийлик өкүлдөрү саясатка айландыруунун кажети жок деп белгилеп келишет. Алар журналисттерге болгон кол салуулардын көпчүлүгүнүн бети ачылып, айрымдарын укук коргоо органдары дыкат иликтеп жатышканын белгилешет.

Президенттик катчылыктын өкүлү Илим Карыпбеков буларды айтты:

- Азыр укук коргоо органдары болгон күч аракеттерди көрүп жатышат. Менимче, бардык маселелерди мамлекетке же укук коргоо органдарына шылтай бербей, чогуу аракеттерди көрүшүбүз керек. Журналисттер да өзүнүн коопсуздугун камсыз кылышы керек.

Анткен менен көпчүлүк журналисттер бийликчил адамдардын Кыргызстанда сөз эркиндиги өнүгүп жатат деген пикирине караманча каршы. Атургай президент өз көзөмөлүнө алдым деп жарыялаган бир катар кылмыш иштери ушул күнгө чейин ачылбай келатканын мисал тартышат.

Дал ошол журналисттерге кол салгандардын жазага тартылбай жатышы кырдаалды ого бетер курчутууда, дейт журналист Айбек Асан уулу:
Журналисттер да өзүнүн коопсуздугун камсыз кылышы керек.


- Учурда курч, эркин жазган журналисттер үчүн коопсуздук маселеси негизги көйгөйгө айланды. Журналисттерди уруп-сабагандар, атып кеткендердин жазаланбай калышы ого бетер журналисттерге болгон тескери көз карашты күчөтүп жатат. Кылмышкерлердин жазаланбай жатышынан улам ушундай өнөкөт күчөп жатат деп ойлойм.

Ошентип өткөн жылы ондогон журналисттердин үрөй учурган кол салууларга дуушар болушу, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын тынчсыздануусун жаратып, 2010-жылдын башталышы менен эле журналисттердин коопсуздугу, аларга кол тийбестик макамын берүү маселелери талкуулана баштады.

Медиа эксперттер “төртүнчү бийликке” болгон мамиле ушундай өңүттө уланып отурса, жакынкы жылдары үналгы-сыналгыдан, гезит беттеринен бийликти жактаган бир беткей гана макалаларды көрүүгө болот деп кооптонушууда.

"Азаттыктын" архивинен: Сөз эркиндиги эмнеге кедерине кетти? 1-бөлүк

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүндө сөз эркиндигинин абалы талкууланды.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG