Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Форум: сөз эркиндиги кайсы жерден бүтөт?


Журналисттер коомчулугу Кыргызстандагы телеканалдардын көз карандысыздыгын камысыздоо, журналисттердин коопсуздугун жана укуктарын коргоо жаатында үч багытта топ-топ болуп иш алып бара турган болду. Мындай сунушту 10-июнда Бишкекте өткөн “Медиа форум-2010: мүмкүнчүлүктөр, күтүүлөр жана чакырыктар” аттуу эл аралык медиа форум берди.

Форумда талкуунун өзөгүн маалымат мейкиндигинде 2005-жылкы катачылыкты кайталабаш үчүн эмне кылуу керек деген маселенин айланасындагы талкуу түзүп, эл аралык жана жергиликтүү эксперттер сунуштар менен чыгышты.

Канададагы “Демократия жана мыйзамдуулук үчүн” борборунун директору Тоби Менделдин айтымында, чыныгы маалымат каражаты чектөөлөрдөн, кысымдардан тышкары, легитимдүү, ачык-айкын, өкмөттөн, саясаттан жана коммерциядан көз карандысыз болушу керек.

Апрелден кийин бийликке келген убактылуу өкмөт өз кезегинде көз карандысыздыкка умтулуу анын башкы концепциясы экенин айтып келатат. Форумга катышкан убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев саясий, экономикалык өңүттөрдө жана маалымат каражаттарынын ортосунда атаандаштык гана көз карандысыздыкты камсыз кылат деп билдирди:

- Массалык маалымат каражаттарынын өзүн-өзү жөнгө салып туруусу үчүн алардын ортосунда өз ара атаандашуу болушу керек. Алсак, бир эле телеканалдын ичинде ар башка көз караштагы материалдар чагылдырылып туурусу керек. Бул учурда эки тараптын тең бири-бири менен атаандашуусу күч алат. Бул көрүнүш албетте сөз эркиндигин камсыз кылат. Биз, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, жарандык коом менен биргеликте “Демократияга кайтып келүү” деген программа даярдап жатабыз. Муну ишке ашыруу үчүн бир же бир жарым жыл убакыт сарпталат.

Убактылуу өкмөт ошондой эле өзүнүн маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздоого умтулуп жатканынын далили катары УТРКны коомдук кылып кайра түзүү жөнүндөгү декреттин кабыл алынгандыгын, “Аймактык массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” декрет долбоорунун даярдалып жатышын келтирип жатат.

УТРКны коомдук кылуу багытында август айына чейин көзөмөл кеңеш түзүлүп бүтөөрү тууралуу божомолдор айтылууда. УТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев:

- Улуттук Биринчи каналды коомдук телеканалга айландырууда бир топ убакыт талап кылынаары шексиз. Ал үчүн көптөгөн маселелер каралууда. Алсак, кадр маселесин кыскартуу чоң көйгөй. Учурда 800дөн ашык кызматкер эмгектенет. Бир эле жыйынга 5 же 6 адам барат. Бири радиодон болсо, экинчиси жаңылыктар бөлүмүнөн, ал эми үчүнчүлөрү ТВ топтон. Бул, өзүңүздөр билгендей, туура эмес көрүнүш.

Ошентип медиа чөйрө бара-бара бардык каналдарды коомдук кылуу дымагын жасоодо. Анткен менен медиа коомчулук азыркы өкмөт маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын кепилдей аларына толук ишенген жери жок. Буга мисал катары апрелден кийинки “24 кж” агенттиги менен “5-каналды” басып алуу аракеттери, “5-канал” менен “Пирамида” телеканалдарын улутташтыруу фактылары келтирилди.

Бул өңдүү көрүнүштөргө өтө кылдат мамиле зарыл экенин форумда “Center for law and Democracy” эл аралык уюмунун башкы жетекчиси Тоби Мендел билдирди:

- Бешинчи жана Пирамида каналдарынын мындан аркы иш алып баруусун Убактылуу өкмөт эмес, мамлекет эмес, атайын түзүлгөн уюм аныкташы керек. Бирок бул жаңы түзүлө турган уюмдун ишин да катуу көзөмөлгө алып туруу керек. Анткени Кыргызстанда кандай гана көз карандысыз уюмдар болбосун, баары бир кайсы бир күчтөрдүн таасирине кабылат экен.

Даниялык “International Media Support” уюмунун кеңешчиси, апрелден кийин Кыргызстандагы маалымат каражаттарына байкоо жүргүзгөн Даце Каваса форумда өз баасын берип, өзүн-өзү жөнгө салуу системасы өнүгүүнүн негизги бөлүктөрүнүн бир катары баалады:

- Кыргызстандагы сөз эркиндикти мындан ары да бекемдөө үчүн биз, “International Media Support” эл аралык уюму, жаңы Конституцияга үч сунушту киргиздик. Булар: массалык маалымат каражаттарынын өзүн-өзү жөнгө салып туруучу система, сапат жана кесипкөйлүк.

Өзүн-өзү жөнгө салуу системасы медиа адистердин баарын эле ынандыра албайт. Форумдун айрым катышуучулары муну өзүн-өзү цензуралоого алып барышы мүмкүн деп эсептешти. Ошол эле мезгилде израилдик журналист Илья Полонский болсо маалымат каражаттарын чыпкаланбаган маалыматтардын баарын эле кое берген, кандайдыр бир кызыкчылыктарга ойногон курал эмес экенин белгиледи. Журналисттин айтымында, Израилде, маселен, коопсуздукка, кылмыштуулукка байланышкан цензура бар.

Текебаевдин пикиринде маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн көз карандысыз уюмдар көзөмөлдөшү керек:

- Улуттук сот башкармалыгы сыяктуу Бирдиктүү журналисттердин союзун уюштуруу керек деген сунуш киргизилип жатат. Бул уюмдун өзүнүн демократиялык нормалары иштелип чыгышы керек жана бул уюмга кирген журналисттер өздөрүнүн жаңы жоболорун иштеп чыгышы керек.

Ошентип эл аралык форум апрель ыңкылабынан кийинки ММКны өркүндөтүүнүн олуттуу маселелерин козгоду. Аны Интерньюс, Медиа полис жана эл аралык медиа колдоо уюмдары уюштурушту.
XS
SM
MD
LG