Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Кыргызстанда басма сөз эркиндиги кооптуу жагдайга кирептер болууда. Медиа уюмдар кечээ ушундай билдирүү жасашты. Алардын баамында өңчөй көз карандысыз маалымат каражаттарынын жабылып, тосмолонуп жатышына бийликтин таасири бар. Расмий бийлик өкүлдөрү болсо мындай дооматтардын коюлушун жөндүү деп эсептешпейт.

Акыркы эки жумада бир катар көз карандысыз маалымат каражаттары ар кандай себептер менен угармандарга, окурмандарга жетпей калды. 19-мартта Биринчи май райондук соту “Назар”, “Ачык саясат” эркин гезиттеринин чыгуусуна тыюу салып койду. Мындай сунушту сотко Башкы прокуратура берип, аны президент Курманбек Бакиевдин аброюна доо кетирди деп негиздөөдө жана моралдык чыгым үчүн 5 млн. сом доо коюуну, ал каражатты балдар үйүнө жиберүүнү көздөп жаткандыгы айтылууда. Ал эми 15-мартта болсо “Форум” гезитинин 7 миң нускасын Тартип коргоо кызматтары тартып алып койгон. Аны кайтарып бергендиги тууралуу азырынча маалымат таратыла элек.

Укук коргоочулар далилденбеген бул иштер үчүн гезиттерге тыюу салууну, тартып алууну мыйзамсыз чечим, маалымат каражатына кысым катары баалашууда. Медиа өкүл Акмат Алагушевдин пикиринде:


- Керек учурда аткаруу бийлиги болобу, сот бийлиги болобу, прокуратура болобу өтө оперативдүү жана ыкчам чара көрөт. Ал эми мыйзамсыз гезит нускаларын тартып алып жатканда унчукпай коет. Ошондуктан бийлик бардык болуп аткан окуяларга укуктук баа берет го деген үмүттөмүн.

Укук коргоочуларды Кыргызстандагы эң эле көз карандысыз маалымат алуу шартын түзүп турган интернет сайттарына жасалган тоскоолдуктарды да сындап жатышат. Бул күндөрү “Фергана ру”, “Центразия.ру”, “Парус.кж” өңдүү интернет сайттары, “Живой журнал” блогдору бир учурда жапырт жабылды. Саясий окуялардын күчөшү менен кошо жабылып, чектелген маалымат каражаттарынын ана башында “Кыргызстандагы сөз эркиндигинин көрсөткүчү” саналган “Азаттык” үналгысы турат. Мындай пикирин “Журналист” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев:

- Качан бийлик менен “Азаттыктын” ортосунда мамиле бузулуп кеткенде, бийлик элге калыс маалыматтардын жетишин каалабаган учурларда “Азаттыкка” кескин мамилеси өзгөрүлүп, кандайдыр башка себептердин шылтоосу менен жабылып калат. Ушундай эле себеп менен мурдагы бийлик “Азаттыкты” 2005-жылы бир айга жапкан.

Басма сөз эркиндигинин азыркы абалына Марат Токоев төмөнкүдөй баасын берди:

- Коркунучтуусу – бийлик кандайдыр бир мыйзамдарга, чечимдерге таянса жакшы болмок. Азыр бардыгы оозеки чечимдер аркылуу ишке ашып атат. Коркутуп, сабап кетип атышат. Мурда жеке журналисттерге каршы мындай аракеттер жасалса азыр эми мындай кысым маалымат каражаттарына пайдаланылууда. Ачык-айкын эмес, жең ичинен жасалып жатканы - коркунучтуу.

Укук коргоочуларды ошондой эле көз карандысыз маалымат каражаттарын каттоодогу ашкере убарага салган талаптар да тынчсыздандырып жатат. Медиа өкүлчүлүктүн 2009-жылдын октябрында алган маалыматына караганда Юстиция министрлигинде каттоодо алтымыштан ашык маалымат каражаттары турат. Алардын төртөө коомдук, саясий окуяларды, маалыматтарды чагылдырууга багытталган. Калгандары рекламалык багытты көздөшөт.

Медиа уюмдардын Кыргызстандагы басма сөздүн акыркы жагдайына тынчсызданууларына Президенттин катчылыгы баштаган тараптар расмий жооп берише элек. Катчылыктын өз ара аракеттенүү кызматынын башчысы Илим Карыпбеков мурдараак “Азаттыкка” берген интервьюсунда:


- Маалымат каражаттарында бир окуя болсо эле анда бийликтин күнөөсү бар деп айтыш конструктивдүү эмес пикир деп ойлойм, - деген.

Ошондой эле катчылыктын тиешелүү адистери курултайлар башталаар алдында “Азаттыкты” уктуруудан менчик телеканалдардын баш тартышынын себептерин иликтөө иштери башталгандыгын кабарлаган болчу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG