Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

Жаздан бери саясий тиреш-уруштан башы чыкпаган Кыргызстанда сөз эркиндигинин сакталышы жайында кеп кылуунун зарылдыгы барбы?

Журналисттердин өзгөчө этият, өзүн-өзү бекем тыйып, карманып отурушу көпчүлүктүн калыс, ыкчам маалымат алышына кедергисин тийгизбейби?

Кагылышта кантиш керек?

“Журналист” коомдук бирикмесинин маалыматына ынансак, жыл жаңыргандан бери маалымдоо каражаттарына кысым, журналисттердин укугун басмырлоо күчөп кеткен. Ансыз да оор жагдай өлкөнүн түштүгүндөгү жаңжалдардан соң журналисттердин жеке коопсуздугун камсыз кылуу, маалымдоо каражаттарынын кырчылдаган кагылышты кантип чагылдырышы керек суроосуна такалууда. “Журналист” коомдук бирикмесинин түштүк боюнча координатору Бакыт Ибраимовдун ырасташынча, Оштогу жаңжалда төрт журналисттин үйү өрттөлгөн. Ал күндөрү шаарда байланыш начар болуп, шаардыктар электр жарыгы жок калган.

- Ошол 11-июнда тополоң башталган күнү “Ош ТВ” менен “Мезон ТВ”, “ДД” телекомпаниялары жабылып калган. Алардын айтымында, Ош мэриясы аркылуу аларга өтүнүч түшкөн экен. Биз аны тактай элекпиз, ошондой өтүнүч чын эле түшкөнбү же жокпу дегенди. Телени жаап койгула, күн сайын кыргыз-өзбек проблемасын көбүрөөк көтөрүп, көбүрөөк айтып берсеңер абал ансайын кыйын болуп кетет, дегенинен ошол 3 телекомпания иштебей калган.


Б.Ибраимов тополоң учурунда журналисттер жакшы иштей алышпаганын, антишке журналисттердин жаатташкан тараптардын экөөнөн тең керектүү маалымат алуу мүмкүндүгү болбогонун белгиледи.

“Журналист” коомдук бирикмесинин координатору Мери Бекешова журналисттердин укугу андай тополоң, жаңжалы жок кездерде деле көп бузуларын белгилейт.

- Журналисттердин укугунун бузулушу боюнча январь айында 17 учур катталса, февраль айында 23 катталган. Ал эми март айында эң көп 47 учур катталган. Буларды талдоого алсак, апрелге чейин жалпыга маалымдоо каражаттарынын укугу көбүрөөк бузулуп келген. Бийлик алмашканга чейин журналисттердин укугу деле бузулган. 7-апрелден кийин тескерисинче журналисттердин укугу бузула баштады.

Цензураны ким баштады?

Кыргызстандын түштүгүндөгү тополоң журналисттер арасында өзүн-өзү чектөө, улуттар ортолук мамилени өтөле этият чагылдыруу милдетин алдыга алып чыкты. “Эркинтоо” гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониев басылып бараткан жаңжалды кайра тутандырбаш үчүн журналист эмнени жазып, эмнени айтуусу керектигин өзү эле билиши керек деп эсептейт.

- Жаңжалга от чачып жибере турган, кайсы бир адамдарга терс таасирин тийгизе турган жагдайларды алып ташташ журналисттин өзүнүн этикасына, профессионалдык деңгээлине байланыштуу бериши керек. Ошондой эле берилип жатат. Азыркы Ош окуясына, Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардын берилишинде Кыргызстандагы маалымат булактары, журналисттер менимче туура эле жолду тандап алды деп ойлойм.

“Кыргыз туусу” гезитинин башкы редакторунун орунбасары Мырзакат Тыналиев улуттар ортолук мамиле сындуу өзгөчө этият мамилени талап кылган темаларды чагылдырууда журналистте сөзсүз ички цензура болушу керек, деген пикирде.

- Калган учурда андай цензура деле жок. Ар ким өзүнүн кожоюнунун кабак-кашына жараша сокчуну согуп, коргоочуну коргоп, мактоочусун мактап жатат.

Ош менен Жалал-Абаддагы калайман кыргыз журналистикасынын орчун мүчүлүштүктөрүн кашкайта көрсөткөн окуя болду. Объективдүү, ыкчам маалымат жетпеген жерде уу-дуу кептер менен ушак-айыңдын күнү тууп, ансыз да калтыс кырдаалды ансайын курчутуп ийиш текейден арзан экени да айкындалып калды. Жаңжал учурунда жергиликтүү журналисттердин көбү үй-бүлө, жакындарын коопсуз жерге жеткирүү түйшүгүндө болушканы Бишкектеги маалымат жыйынында айтылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG