Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Кийинки кездери Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалына кабатыр ойлор көп айтыла баштады.

Антишке биртоп журналисттердин чет жерден башпаанек издөөгө мажбур болгону, айрымдарынын киши колдуу жок кылынышы, эркин басылмаларга олчойгон айыппулдардын салынышы себеп болууда. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу Кыргызстандагы сөз эркиндигине арналат. Ага «Журналист» коомдук бирикмесинин координатору Мери Бекешова, «Кыргыз туусу» гезитинин бөлүм башчысы Марип Тайчабаров, белгилүү журналист, публистчи Турат Акимов катышты.

- Мери айым, сиздер сөз эркиндигинин абалына такай байкоо жүргүзүп келатасыздар. Учурдагы абалды кандай деп баалоого болот?

Мери Бекешова: - Сөз эркиндигинин азыркы абалын мыкты деп айтыш кыйын. Ал 2005-жылга чейин жакшы эле деп айтыштан да алыспыз. Маселелер анда деле толтура болчу. Бирок салыштырмалуу айтканда акыркы жылдары сөз эркиндиги катуу ооздукталып баратат. А кезде эркин телекомпаниялар көп, бийликти ачык сындай алчу маалымат каражаттары арбын болчу. Мамлекеттик маалымат каражаттарынан айырмаланып эркин маалымдоо каражаттары бийликти сындап турчу, ошондой мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Азыр маалымдоо каражаттары оппозициялык анан бийликчил болуп бөлүнүүдө. Эми болсо эркин телекомпаниялардын баары жалаң бийликтин сөзүн сөздөп, мактап калышты.

- Анда кепти Марип мырза, сизге узатсам.

Марип Тайчабаров: - Кеп бул жерде алынган фактыны журналисттин кандай жеткиргенине жараша болуп жатат. Айрым учурда туура эмес маалыматтарды берип алып, анын жообун талап кылышса бизди куугунтукка алып жатат, дегендей туура эмес көз караштар болуп жатат. Бир фактыны айта кетейин. А.Атамбаев: “Мен Руслан Шаботоевди билемин, ал бийлик тарабынан ушундай кокустук болду”, деп айтты. Аны эркин басылмалар, башкалар берди. Р.Шаботоевдин туугандары мага келишип, ушуну далилдеп берсин дешти. Мындайда миш-миштерге берилбеш керек. Р.Шаботоевдин туугандары эчак эле өлтүрүлгөн экен дешип аябай кайгырышты. Журналист миштерге негизденбей, так маалыматты бериши керек. Мына бул жерде журналисттин укуктары чектелип жатат, деп айтышты. Так нерсени берсе чектелбейт. Анан арсар нерсени берип алып, аны бийликке, башкага шылтоолоштун кереги жок. Өкмөттүк гезитте иштейм. Сот ишиндеги бир маалыматты берип алып аябай ойлондум. Президенттин атын сатып, анын жакындары болобуз, деп иш жүргүзгөндөр бар экен. Ошолорду жаздым. Алар далилденди. Эч кандай тууган деле эмес экен.

- Турат мырза, ушундай жагдайга журналисттердин өзүнүн күнөөсү барбы? Аларга бийлик тарабынан кысым болгон жокпу?

Турат Акимов:
- Сөз эркиндигин абалы бир гана саясий өлчөм, категория, сапатка байланыштуу. Саясий болгон соң ал мамлекет башчынын көз карашына байланыштуу болот. Бир киши сынды көтөрө алат, бир киши сынды көтөрө албайт. Ошол эле Америкада Ж.Бушту эмне кылып гана тартыштпады, эчки-теке, Осама Бен Ладен кейпинде тартышты. Бирок алар эч кандай жазага кириптер болбойт. Демократия деп эсептелинет. Бизде андайга барсаң сотко түшүп Эркин Бөлөкбаевдей болуп калышың мүмкүн. Журналисттин эки укугу бар. Биринчиси маалымат алуу укугу, экинчиси ал маалыматты жайылтуу укугу. Экинчи укугу көп жерден кысылып калат. Бийликке гана байланыштуу дегеним, мисалы, силер “Азаттык” бийликтин кысымына кабылсаңар улуттук деңгээлге чыкпайсыңар. “Кабанак ит үйдүн артында болот”, дегендей майда-чүйдө радиостанциялардан орун издеп жүрөсүңөр.

- Мери айым, эки журналисттин табышмактуу өлүмү эмдигиче тактала элек. Онго жакын журналисттер чет өлкөдө саясий башпаанек издеп жүрүшөт. Учурда кайсы маалымдоо каражатынын үстүндө кара булут айланып жатат? Шайлоодон кийин кысым кичине басаңдадыбы?

Мери Бекешова: - Шайлоодон кийин журналисттер сестенгенсип турат. Бийлик бекем орунга туруп алды. Журналисттер биякта калып, алардан күчтүү, салмактуу адамдар деле чет өлкөгө качып кетип жатышпайбы. Бул адамдардын колунан эмне келет? Азыр баары тынчыраак иштөөгө аракет кылып жатышат. Мурункудай сындоо менен эч нерсеге жетише албастыгын түшүнүп турушат.

- Марип мырза, кийинки кездери бийлик вертикалы бекем орноп калды, ошондон ал катуу кол саясатын жүргүзүүгө киришти, деген сын кеп көп айтыла баштады. Бийлик мурдагы демократиялык салтынан жана элекпи?

Марип Тайчабаров: - Журналисттер, саясатчылар сестенгенсип турат, дегенге кошулбайм. Президент шайлоодон кийин башкаруу системасын реформалоо, мурунку идеологияны кайра карап чыгуу милдетин алдыга койду. Батыштын идеологиясы жарабай калды, улуттук идеологияны көтөрөлү деп жатат. Саясатчы менен журналист ким үчүн иштейт? Эл үчүн. Келгиле, айткыла деп жатса, анан кайдагы кысым. Мен аны байкай элекмин. Биз президентке жардам берип, пикирлерибизди айтышыбыз керек. Бизге көп окурмандар келишүүдө. Оппозиция азыр эмне үчүн келип, пикирин бербейт? Алар шайлоо болгондо эле чыгып калышат. Президентке кеңешин берип, мындай кылыңыз деши керек эле. Сөзсүз эле сындоо эмес да. Азыр унчукпай отурушат. Реформа болуп жатат. Кыргызга күйөм деген кишилер чогулуп иштей турган кез келди.

- Анан Турат мырза, мына ушул бийлик системасын реформалоо өз натыйжасын бериши мүмкүнбү?

Турат Акимов: - Марип мырза айтып кеткен идеология боюнча. Идеология деген жөнөкөй эле нерсе болот. Ал эл башчынын табигый каисеттерине туура келет. Эгер жолбашчы ууру болсо идеология уурулук болот. Жолбашчы каракчы болсо идеология деле ошондой болот. Кайрымдуу Аврелидей же Махатма Гандидей болсо идеология деле ошондой болот. Идеология адамдын дүйнөтаанымына байланыштуу нерсе. Аны он киши бириге калып жазып бере албайт. Жазып берген идеологиянын өмүрү кыска болот. Аны 70 жылдык коммунисттик система деле көрсөттү. Бул программаны түшүнгөн, аны негиздеген кишинин гана колунан келчү жумуш.

- Мери айым, жанатан бери айтылып келаткан кеп-сөз журналистика жаатында болууда. Анын орчун проблемалары деп эмнелерди айтат элеңиз?

Мери Бекешова: - Орчун проблема катары экономикалык жагдайды, журналисттердин айлык акысынын өтө төмөндүгүн айтат элем. Айрыкча жер-жерлерде 1,5 – 2 миң сомго те 90-жылдардагы компьютерлер менен иштеп жаткан журналисттердин абалы кыйын. Анткен менен азыркы маалымат агенттиктери эларалык стандарт менен иштеп жатышат. Ал эми бийлик журналисттердин сынынан сабак алып, кемчиликтерди оңдогонго аракет кылышы керек. Бул анын милдети.

- Марип мырза, жалпыбызга мүнөздүү мүчүлүштүктөр катары эмнелерди айтууга болот?

Марип Тайчабаров: - Журналист эл тарапта, эл кызыкчылыгын коргогон адам. Ошол маселе анын көңүлүндө болушу керек. Мына азыр кысым болуп жатат, дешет. Эмне үчүн оппозициядагы саясатчылар улуттук тилдин проблемасын көтөрбөйт? Коомдук уюмдар деле ушундай. Эмне үчүн алар кыргыз тили үчүн күйүшпөйт? Буларга саясат керек, демократия деп элди көтөрүп будуң-чаң кылышы зарыл. Бийликке тийишпей эле улуттук проблемаларды бир четтен козгой беришке эмне болбосун.

- Марип мырзанын бир сөзүнө кошулуп кетет элем. Себеп дегенде козгой турган проблемалар, жаза турган темалар толтура. Өзгөчө социалдык темалардын көбү баам сыртында калууда. Анда эмесе кепти көп узартпай Турат мырзага узатайын.

Турат Акимов: - Эмне үчүн биз бийликке акцент коебуз? Миллиондогон адамдарды башкарайын, миллиарддаган каражаттардын тагдырын чечейин деген бийлик жоопту тартыш керек. Анан пресса деген коом күзгүсү болгондон кийин бийлик бизге карап чачын оңдоп, кийимин карап, боюн түзөп турушу керек. Бул өзү түшүнүктүү эле нерсе. Бизде саясий сөздүн баркы түшүп баратат. Мына орус тилдүү гезиттерден “Лица” гезитинин келечегин көрбөй турам. Ошондой эле “Репортер” гезити жабылды. “Белый парус” эми чыкпайт. Ал жалаң Интернет тармагында гана калат экен. 1-октябрдан баштап “Форум” гезити чыкпайт. Ошондуктан бул саясий аналитика, саясий көз караштардын көбү өксүп калууда. Бул биринчиси. Экинчиси, кыргыз тилиндеги “Эл сөзү”, “Учур” , башка гезиттердин мойнунда 2-3 миллион сом сот тарабынан салынган айыппул турат. Бул гезиттердин жада калса өзүнүн компьютерлери жок. Баарын ижарага алышкан. Эртең сот чечими келип калса өздөрүнүн каражаттарынан айрылат. Азыр алар жаңы запастык гезиттерди издеп жатышкан учуру. Албетте, бул темаларды таштап коюп деле иштей берсе боло берет. Бирок, порнография, эротика, киноискусство, шоу-бизнести сөз эркиндигине байланыштырбаш керек. Бул таптакыр башка тармак. Мисалы, порнография менен эротика - ыпластыктын эркиндиги. Эфирге чыккандын баарын эле сөз эркиндигине байланыштырбаш керек. Сөз эркиндигинин саясий өлчөмү, саясий сапаты болот.

- Урматтуу талкуунун катышуучулары! Убакты-саатыңыздарды бөлүп, талкууга катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG