Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Адистердин айтымында, акыркы кездерде өлкөдө сөз эркиндиги начарлап, журналисттердин куугунтукка алынышы күчөдү.

Айдай Жолчубекова журналистика факультетинде экинчи курста окуйт. Ал келечекте курч материалдарды жазган, өз кесибин мыкты билген журналист болууну эңсейт. Бирок акыркы кездердеги өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы, бир нече журналисттердин чет өлкөлөргө баш паанек сурап кетиши Айдайды чыны менен кооптондурат:

- Биз, жаштар дагы өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын байкап атабыз да. Мына акыркы жылдары мамлекет башындагыларды сындай коем деп канчалаган журналисттер куугунтукка алынышты. “Де-факто” өңдүү бир нече оппозициячыл гезиттер жабылды. Керек болсо журналисттерди өлтүрүп да кетип атат. Анан мындай абалда курч материалдарды жазгандан коркосуң да.

"Чек арасыз кабарчылар” уюму жарыялаган жылдык баяндамасына ылайык, сөз эркиндигинин абалы боюнча Кыргызстан 125-орунда. Бул былтыркыга салыштырмалуу он чакты тепкичке төмөн.

Медиа өкүлчүлүк институтунун жетекчиси Бегайым Үсөнованын айтымында, өлкөдө бийликти сындаган журналисттерге куугунтукка алуу барган сайын күчөп барат:

- 2005-жылдан бери ар дайым журналисттерге чабуулдар катталып келатат. Албетте, мамлекеттик кызматтар алардын журналисттик ишмердүүлүккө тиешеси жок экенин айтып келишет. Ошентсе да “журналист” бул коомдук маанилүү кесип да. Андыктан журналисттерге кол салуу өзүн-өзү цензуралоого алып барууда. 2009-жылдын башынан бери 8 журналист жабыр тартты. Анын ичинде Сыргак Абдылдаев катуу сабалып, башка өлкөгө баш паанек сурап кетүүгө аргасыз болду. Андан тышкары Алмаз Ташиев деген журналист таяктоодон көз жумду. 2007-жылы Алишер Саипов өлтүрүлгөн эле. Ушул эле төрт жыл аралыгында алты журналист башка өлкөгө баш калкалап качып кетишти.

Адистер акыркы жылдары өлкөдө сөз эркиндигинин абалы кесин начарлап кеткенин айтышууда. Буга бир нече журналисттердин чет жактарга башпаанек сурап кетиши, айрымдарынын киши колдуу жок кылынышы, бийликти сындаган гезиттердин жабылышы себеп болууда.

Кыргыз Республикасынын президентинин катчылыгынын өкүлү Султан Жумагулов “Азаттыкка” берген маегинде мамлекет тарабынан журналисттерге мамиле катаалдашып кеткени менен журналисттер өздөрү да кемчилик кетирип атканын айтат:

- Журналисттик этика, мыйзамды сактоо жагынан журналисттер өздөрү дагы кемчиликтерди кетирип атышат. Муну моюнга алыш керек. Демек, журналисттер дагы, коом дагы, жаңыча, мыйзам тили менен иштей турган заман келгенин аңдап билиши керек. Башкача айтканда, мамлекет, журналисттик жамаат биз кайсы босогого келип калдык, мындан ары кайсы тарапка барышыбыз керек деп ой жүгүртүшүбүз зарыл.

Жаш журналист Айнура Аскарованын пикиринде, айрым учурларда журналисттер айласыздан этикалык кодексти бузууга барып жатышат:

-Учурдагы массалык маалымат каражаттарынын финансылык абалы айрым журналисттерди, редакцияларды заказ алып, сенсациялуу же мамлекеттин кайсыл бир иштерин ачыктаган материалдарды берүүгө түртүп жатат. Мындай жолго барып алар өз рейтингин көтөрүп, андан түшкөн акчага кызматкерлерге маяна төлөп берип, айтор эптеп жан сактоо аракетинде. Албетте мындай учурда журналисттик этикалык кодексттин айрым пункттары бузулуп атат. Анан мунун жыйынтыгында жанагыдай соттошуулар, чет мамлекеттерге баш паанек сурап кетүү фактылары орун алууда.

Айта кетсек, 2005-жылы журналисттерге 14, 2006-жылы 12, 2007-жылы 19, 2008-жылы беш кол салуу болгон. 2009-жылдын башынан бери 8 журналист жабыр тартты.
XS
SM
MD
LG