Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Журналистти ким коргойт?..


Бүгүн Бишкекте өткөн журналисттердин коопсуздугуна арналган жыйында ММК өкүлдөрүнүн укугун коргоочу комитет түзүү чечими кабыл алынды. Жыйынга катышкан жарандык коом жана бийлик өкүлдөрү журналисттердин коопсуздугун коргоо жаатында биргелешип кызматташуу зарылдыгын белгилешти.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш жыйынында СДП фракциясы журналисттердин коопсуздугу боюнча парламенттик угуу өткөрүү демилгесин көтөрдү. Ушул эле сессияга катышкан ички иштер министри Молдомуса Конгантиев журналисттерге байланышкан окуялардын бардыгын алардын ишмердүүлүгүнө байланыштырууга болбостугун билдирди.

"Өз жана өгөй" журналисттер

“Достук” мейманканасынын кичи залына элүүдөн ашык киши катышкан жолугушуу 22-декабрда киши колдуу өлтүрүлгөн журналист Геннадий Павлюкту эскерүү менен башталып, талаш-тартыш маанайда өттү. Ага катышкан Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү журналисттер, укук коргоочулар, саясий партиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, маркум Геннадий Павлюктун аялы, жакындары бир ооздон учурда Кыргызстанда журналисттердин жеке коопсуздугу өтө чоң коркунучта экендигин айтышты.
Жыйындын жүрүшүнөн

Алардын сын-пикири, ачуусу, сар-санаасы баары тең жыйынга катышып отурган Президенттин катчылыгынын коомчулук менен иштөө бөлүм башчысы Илим Карыпбековго түз эле багытталып жатты. Алардын бири, көз карандысыз журналист Азима Расулова ага мындайча кайрылды:

- Сиз болсо Оксана Малеваннаяга (Президенттик катчылыктын башчысы) айтып коюңуз, журналисттерге жолугууга чыксын, биз менен сүйлөшсүн. Анан дагы Курманбек Бакиев түз эфирде тегерек үстөл өткөрүү мезгили келди. Ага болсо журналисттерди бөлбөй бардыгын тең коё бергиле. Путин кандай жасап жатса, силер да ошондой уюштургула. Путин эч кимден коркпойт, миңдеген журналисттерди жыйнайт жана алардын баары суроо берет.

Журналист ошондой эле бийлик маалымат каражаттарын “биздики, биздики эмес” деп бөлгөндү токтотууну, Президенттик катчылыктын жетекчиси өзү кесипкөй журналист экендигин унутпашын эске салды.
Журналисттерге жасалган кылмыштарга бийлик канчан жетиштүү көңүл бурат?

Ага улай Жогорку Кеңештин депуттаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина журналисттерди мыкаачылык менен өлтүрүп, сабап, мазактаган иштердин бети ачылбай, ким уюштурганы жабык тейден калып жатканын белгиледи:

- Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Геннадий Павлюкту жерге берип жатканда коомдун бардык өкүлдөрүн, маалымат кызматкерлерин бир гана суроо – качан журналисттерге карата уруп-согуу, өлтүрүүнүн бирөөнө болсо дагы расмий бийлик жетиштүү деңгээлде көңүл бурат деген суроо турду. Эмне үчүн бардыгы тең коркуп, баштарын кумга жашырып отурушат. Муну менен биз Кыргызстандагы чынчыл, тайманбаган, адилет атуулдардан кол жууп жатабыз. Бул келечекте өлкөнүн жок болушуна таасир этүүсү мүмкүн.

Журналисттердин коопсуздугун кантип сактайбыз?

Буга чейин депутат Карамушкина Жогорку Кенештин жыйынында сүйлөп, парламенттик угуу өткөрүү демилгесин көтөрдү. Парламенттик жыйынга катышып отурган Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев депутатка жооп кайтарып, журналисттер кабылган кырсыктардын баары эле алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу эместигин билдирди.
Териштирбей эле баарын бийликке оодаруу өнөкөткө айланып баратат.М. Конгантиев

Министрдин айтымында, ар бир кылмышты териштирбей туруп эле бийликке оодаруу өнөкөткө айланып калды:

- Кечээ күнү Павлюк деген журналистибиз өз иштери менен Алматыга барыптыр. Ошол жерде көп кабаттуу үйдөн түшүп кеткенби, ыргытып ийишкенби, аны Казак Республикасындагы биздин кесиптештер териштирип, ишин козгоп, тергөө топторун түзүштү. Ал биздин жаран болгон соң биз бүгүнкү күнү алар менен тыгыз байланышта кабардар болуп турабыз. Анан ошого байланыштырып туруп, интернет аркылуу элди дүрбөтүп, муну бийлик жасап жатат деген - бул эчтекеге сыйбай турган нерсе болуп жатат да. Кыргыз эли бардыгы бир, ошондуктан кылмыштуулукту тең карашыбыз керек.

Министр Конгантиев акыркы жылдары журналисттерге кол салууларга байланыштуу жыйырмадан ашуун кылмыш иши катталып, алардын сегизи ачылганын маалымдады. Ачылган кылмыштардын катарында Ошто атып өлтүрүлгөн Алишер Саипов менен милициянын токмогунан өлгөн Алмаз Ташиевге байланышкан кылмыштарды атады. Министр ошондой эле бардык учурда жасалган оор кылмыштарды ачууну президент өз көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Журналисттердин коопсуздугу талкууланган жыйынга катышып отурган Президенттин катчылыгынын коомчулук менен иштөө бөлүм башчысы Илим Карыпбеков коңшу мамлекеттен Геннадий Павлюк тууралуу оперативдүү маалымат келээри менен расмий бийлик атайын чараларды көрө баштаганын, ал тургай маркумду жерге бергенге чейин катышканын билдирди.

- Мен бул жерде каралып жаткан маселе боюнча мамлекеттин позициясын билдирүүгө келдим. Биз бул жаатта эмне кылып жатканыбыздан маалымат берүү менен маселени чечүүгө силер дагы салымыңарды кошкула дегени келдим.

Ушинтип айткан Ак үйдүн өкүлүнө жыйындагылардын көбү "кана, кантип" деген суроолорду жаадырып, курч талкууга айлантып жиберишти.

Андан соң талкуу талаш-тартыш, ал тургай айрым учурларда көтөрүңкү добуш менен коштолуп, соңунда катышуучулар журналисттердин укугун, коопсуздугун коргой турган комитет түзүү чечимине келишти.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG