Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

2009: Журналисттер үчүн эң оор жыл


Кыргызстандык журналист былтыр 22-декабрда Алматы шаарында киши колдуу көз жумган.

Кыргызстандык журналист былтыр 22-декабрда Алматы шаарында киши колдуу көз жумган.

Акыркы 30 жылды алганда 2009-жыл жалпы журналисттер үчүн эң кооптуу болду деп табылып, бул жылы дүйнө боюнча 70 журналист киши колдуу болгон. Ушундай иликтөөсүн эл аралык "Журналисттерди коргоо" комитети жарыялады.

Аталган комитеттин баяндамасында бул багытта мурдагы советтик өлкөлөрдө, анын ичинен Кыргызстанда да абал оорлогону белгиленген.

Комитет иликтөөсүндө постсоветтик аймакта сөз эркиндиги, журналисттердин коопсуздугу боюнча абал мурдагыдан оорлошконун көрсөткөн. Маселен, Украинада, Грузияда бийлик тарабынан кысым, басымдардын көбөйгөнү, Грузияда калктын 7 пайызы гана интернетке кирүүгө мүмкүнчүлү бар экени айтылган. Ушул жаатта алдыга жылыш Белорусияда байкалган. Ал эми Өзбекстан, Казакстан менен Кыргызстанда журналисттердин коопсузудугу, сөз экриндиги боюнча абал мурдагыдан да начарлаганы айтылган. Кыргызстанда болсо бир жылда төрт журналист ур-токмокко кабылганы, бирок бир да окуя боюнча кылмышкер табылбаганы, ошондой эле 2007-жылы киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмышкер алигиче табыла электиги белгиленген.

Кыргызстандын "Журналисттер" коомдук бирикмесиниин төрагасы Марат Токоев курч жазган журналисттердин чындап эле сабалып же өлтүрүлүп кетип жатканын “Азаттыкка” билдирди. Ошондой эле булар боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштерине катыша албай тургандыгын ырастады.

- Эң тынчсыздандырганы – белгилүү, курч жазган журналисттерибиз же өлтүрүлүп, же сабалып атат. Ушундай фактылар көп катталганы менен, алар боюнча кылмышкерлер табылып, аларды жазалаган учурлар азыраак катталып жатат. Ошондуктан журналисттерде өзүн-өзү чектөөлөр күч алып жатат. Мындай шартта сөз эркиндиги туурасында сөз кылуу мүмкүн эмес.

Деген менен Кыргызстандын ички иштер министрлиги чыгарган жыйынтыктар жогорудагы айтылган жүйөөлөрдөн алда канча алыс. ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы Кыргызстанда журналисттерге кол салуу, ур-токмок же өлтүрүп кеткен 26 окуя катталган. Министр Молдомуса Конгантиевдин айтымында, алардын тогузунун иши сотко өткөрүлүп берилген.

- Соттун чыгарган бардык жыйынтыгында бул кылмыш иштери алардын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштуу экени көрсөтүлгөн эмес. Бир нерсени айтып коюшум керек. Бул иштердин бардыгы кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштуу деп айта албайм. Анктени катталган окуялар дээрлик жумуш убактысы бүткөндөн кийин, кечинде болгон. Көп учурда куртка, телефон же баш кийимин уурдаган учурлар катталган.


Ал эми журанлист Жылдыз Мусабекова министрдин мындай ойлоруна кошулбайт. Ал сабаган, тоногон бийликке майдай жагаарын, бийлик журналисттерди колдобой, коргобой турганын түшүнүп алган айрым адамдар да бийликтин ыкмасына салып, ушундай жолго барууда, дейт. Анын айтымында, бул бийликтин өзүнөн жоопкерчиликти алып салуу үчүн жасаган шылтоосу.

- Убакытка карабай журналист журналист бойдон калат. Мисалы президент түнкү саат он экиден кийин да президент бойдон калат да. Бул таптакыр түркөй, маңкурттук нерсе. Бакиев бийлиги кезинде мындай абал беш эсеге көбөйдү десек болот. Бизде сөз эркиндиги да жок, болсо да муунтулуп жатат. Чындык айткандарды сабап кетип, эскертүүлөр көбөйдү.

Жылдыз Мусабековаынын артынан да белгисиз бирөөлөр аңдып, телефон аркылуу кызын айтып коркуткан. Азыр бул иштин чоо-жайын тиешелүү органдар текшерип жатат.

Ал эми акыркы жылдары эки журналист – Алишер Саипов менен Геннадий Павлюк киши колдуу өлдү, бирок алардын кесиптик негизде өлтүрүлгөндүгүн сот тастыктай элек.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсеси болсо 2010-жылдагы медиа программаларында журналисттер коопсуздугуна орчундуу көңүл бурулаарын жарыялаган. Ага өлкөдө журналистика менен алектенүү кооптуу болуп баратканы себеп болууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG