Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Бул эки гезиттин ээси Бабырбек Жээнбеков басылмаларын бийликке иштетүү тууралуу сунуш түшкөнүн, бирок аны четке каккан соң басылмалары жабылып жатканын билдирди. Учурда АКШда жашап жаткан уулу Равшан Жээнбековго да кызмат сунушталганын айтты.

Гезиттерди жабуу жөнүндө чечим чыгарган Биринчи май райондук соттун судьялары иш тергелип бүткүчөктү комментарий берилбесин билдиришти.

Бабырбек Жээнбековдун айтымында, ага ушул жылдын 25-февралында өкмөттөгү аттуу-баштуу аткаминер чалып сүйлөшүүгө чакырган. Ал президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин атынан чыгып жатканын айтып Б. Жээнбековго гезиттерин бийлик үчүн иштетүүнү сунуштаган. Учурда АКШда жашап жаткан уулу, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбековго да кызмат берилерин кошумчалаган:

- Эгерде силер үч гезитиңерди Максим Бакиевге иштетип берсеңер силердин эч кандай проблемаңар болбойт. Кызматы да, башкасы да болот. Гезитиңерди иштетип беришиңер гана керек, деди. Мен андан “Бакиевдин бийлиги менен иштеше албайбыз”, - деп баш тарттым. Ортодо дагы башка нерселер бар, мен эми аны азыр ачык айткым келбейт. Бирок мен баш тарткандан кийин ушул иштер башталып жатат.

“Азаттык” бул өкмөт мүчөсү менен байланышууга аракет жасап, бирок андан майнап чыккан жок.

17-мартта Башкы прокуратуранын сунушу менен Биринчи май райондук соту “Ачык саясат” жана “Назар” гезиттерин басып чыгарууга тыйуу салды. Буга аталган басылмаларда жарыяланган “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбековдун кайрылуусу себеп болгон. Башкы прокуратура кайрылуу президент Курманбек Бакиевдин кадыр-баркына шек келтирди деп айыптап, гезиттерди беш миллион сомго доого жыкканы маалым.

Биринчи май райондук сотундагы бул ишти тергеп жаткан судьянын бири Эмил Аксамаев иш тергөөдө болгондуктан анын чоо-жайын айтуудан баш тартты:

- "Назар" гезити тууралуу айта албайм, бирок “Ачык саясат” боюнча иш менде турат. Ишти карап бүтмөйүнчө комментарий берүүгө мыйзам тыйуу салат.

16-мартта Башкы прокуратура Б. Жээнбеков менен кошо “Назар” гезитинин редактору Айгүл Бакееваны чакырган. Б. Жээнбековдун айтымында, анда он күндүн аралыгында кайрылуудагы президент Бакиев жөнүндө айтылгандарды гезит аркылуу жокко чыгарууга милдеттендирилген. Баш редактор буга макул болбой гезиттин жаңы санына кайрылууда айтылгандарды далилдөө максатында макалаларды жазаарын айткан:

- “Бакиевдерге жана Башкы прокуратурага жооп”, деп жаздым. “Эгерде Равшан Жээнбеков өзүнүн пикирин толук айтып бере албаган болсо, анда мен “Ачык саясаттын” эмки санына баштап ошол фактыларды далилдеп берүүгө аракет кылам, мен окурмандарга ошол далилдерди берем”, - деп жазгам. Тилекке каршы ага жеткирбей газетаны жаап жатышат. Бирок биз баарыбир башка каналдар аркылуу бул фактыларды элге жеткирүүгө аракет кылабыз, - дейт Б. Жээнбеков.

Оппозициялык “Ачык саясат” жана “Назар” гезиттеринин жабылышы өлкөдө соңку учурда сөз эркиндигин чектөө үчүн жаңы чабуулдар башталды деген сөздөрдү огобетер күчөттү.

Буга чейин көптөгөн жерлерде “Азаттык” үналгысын уктуруусунун чектелиши, айрым сайттардын ачылбай жатышы жергиликтүү жана эл аралык коомчулукту катуу тынчсыздандырып жаткан.

Антсе да бийлик өкүлдөрү басма сөз жогортон кысмакка алынууда дегенди жокко чыгарып келишет. Президенттин катчылыгынын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси Илим Карыпбеков “Азаттыкка” басма сөз майданындагы соңку окуяларда бийликтин аракети деп баалоого болбой турганын айткан:

- Кысым болуп атат деген сөздөрдү далили жана негизи жок айтыштан мурун карманып туруу өтүнүчүн айтат элем. Себеби чынында эле бийликтин өкүлдөрүнүн таасири болуп атабы же жокпу, белгилүү эмес. Ошондуктан муну текшерип карап чыгышыбыз керек.

Кыргызстанда буга чейин да бийлик өкүлдөрүнүн кадыр-баркына шек келтирди деген кине менен гезиттер жабылган. 2008-жылы “Де-факто” менен “Алиби” гезиттери президенттин жакын туугандарынын арызы менен соттолуп, бир миллион сом айып пул салынган. "Де-фактонун” редактору Чолпон Орозобекова башка өлкөгө башпаанек издеп качып кетүүгө аргасыз болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG