Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:31

Кыргыз эл акыны, залкар драматург Жалил Садыковду акыркы сапарга узатуу тажыясы Улуттук опера жана балет театрында болду.

Ага Бишкек шаарынын тургундары, мамлекеттик кызматкерлер, чыгармачыл интеллигенция катышты.

А.Малдыбаев атындагы Улуттук Опера балет театрынын Колонналар залында улуу талант, акын жана драматург, коомдук ишмер Жалил Садыковдун сөөгү жаткан табыттын жанында Улуттук гвардиянын жоокерлери каз-катар тизилип турушту. Ар улуттун жүздөгөн өкүлдөрү, шаар тургундары Жалил Садыков менен коштошуп, аза күтүп турушту.

Мамлекет башчысы Роза Отунбаева, биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев, Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркулов залкар таланттын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтышты. Залда муңдуу кошок жаңырып турду.

Абакем, салмактуу сөздөн сүйлөгөн,
Абакем, кыргызым деп көп күйгөн.
Кабылан жүрөк уулуңду,
Капырай качырдык ай, ушул дүйнөдөн.

Абакем жеримден тоо көчкөндөй,
Абакем элимден кайрат өчкөндөй,
Абакем кыргызга эле кыйын иш болду, оо-ооой,
Абакем, кыз-улан ай жашын төккөндөй, а-аай.

Калайык тунугу кетти кыргыздын, о-оой,
Калайык туйгуну эле кетти кыргыздын, а-аай,
Калайык асылы эле кетти жылдыздыню ай-ааа,
Арман күн акыны эле кетти ай, кыргыздын оо-оойа.

Андан соң Опера балет театрынын алдында миңдеген кишилердин катышуусунда аза күтүү митингисин маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз ачып, андан соң президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаев Жалил Садыковдун өмүр жолу, чыгармачылыгына кыскача токтолуп, президент Роза Отунбаеванын көңүл айтуу катын окуду.

- Өнөр менен өлүмдүн аралыгын ал өзүнүн адамдык бийик духу менен алыстатты. Анын ар бир күнү жашоо үчүн күрөшкө айланды. Жалил агайдын ички духу күчтүү, эл журтун, улутун, кыргызын сүйгөн чыныгы патриот адам эле.Чыныгы акын жана чыныгы инсандын оболу, ал сөздүн нукура маанисинде өтө бийик адам эле. Ошол адамдык бийик сапаты акындыгына өтүп, анын ар бир ыр сабы жашоону, өмүрдү, турмушту, жерди, күндү, гүлдү сүйүүнүн символуна айландырды.

Коштошуу сөзүн сүйлөгөн Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев калемдеши Жалил Садыковду залкар талант катары мүнөздөп, адамгерчилиги өтө жогору инсан эле деген баасын берди.

Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз сөздүн устаты Жалил Садыковдун элге, келечек муунга калтырган сөзү калганын белгиледи.

- "Өзү өлсө да сөзү өлбөйт",-деген улуу сөз бар. Анткени кийинки күндөрү биздин турмушта өзү өлө электе, сөзү өлүп калган далай инсандарды көрүп келатабыз. Жалил агабыздын сөзү менен биз таңда турабыз да, Жалил агабыздын сөзү менен күндү батырабыз.Кыргыздын сыймыктуу болгон жерлеринде. Мамлекетибиздин салтанаттарында, чет-мамлекеттен келген коноктордун алдында, спортчуларыбыз чет өлкөлөрдө жеңишке жетишип кыргыздын туусу желбирегенде далай жолу ушул Жалил Садыков агайыбыздын сөзүн кайталап, кайрат алып, сыймыктанып турарбыз, -

Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымова калемдеш агасы Жалил Садыковду акыркы сапарга узатып жатып, кыргыз эли дагы бир улуу таланттан айрылганын, алардын чыгармаларына байлык-мансап дегендердин кесепетинен көңүл бурулбай калабы деп арман кылды.

-Менин бир арманым бар көкүрөктө. Биз улууларды укчубуз. Эч качан алардын артынан ушак же жаман сөз айтчуу эмеспиз. Насыр Давлесовду да, Жалилди да кыргыздын гимнин жамандап асылгандар болду. Сөзүн жаман жазды, музыкасын жаман жазды деп. Ушундай бир долу эркектер, долу аялдар пайда болду. Бул биздин кыргыздын идеологиясынын бузулганы. «Атасын сакалдын сүйргөнсүп» ушинтип отурса улуунун сөзүн ким угат. Жаштар таптакыр эле тескери тарбияланып жатканы ушу да. Улуусун сыйласа, атасын сыйласа, энесин сыйласа, замандашын сыйласа мына ошол адамды да бала-бакырасы, урук-тууганы сыйлайт. Ошол үчүн мен жаштарга айтаар элем, «дүжүр чал, дүжүр кемпир» деп кемиснтпей, маданият тармагындагы, адабият тармагындагы аттуу-баштуу адамдарды «сакалдан алып сүйрөбөй» урматташ керек. Жакшы жагын көрө билиши керек.

Маркум Жалил Садыков атасы Садык молдо кызматтарда иштеп жүрүп жалган жеринен эл душманы болуп алыска айдалып кеткенден кийин турмуштун далай оор азаптарын башынан өткөрүп, 12 жашынан козу кайтарып, 14кө чыкканда араба айдап, суу сугарып, балалык чагынан чыйрак, эмгекчил болуп өскөнүн бала кезден берки курдашы, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Сайпидин Осмонов эскерди.

- Бала кезибизде козу кайтарып, кичине эс тартканда чийне тартып, чөмөлө үйүп, машак терип, суу сугарып, эр азаматтар кыла турган жумуштарды далай жасадык. Жакем кичинесинен абдан зээндүү, чукугандай сөз тапкан, бала да болсо чоңдордой сүйлөгөн, бөтөнчө тырышчаак, чыйрак, сары бала эле.

Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, кудай таалам Жакеме жакшы жарды туш кылды. Аяшым Сабира бала төрөп, тамак- ашын жасаган карапайым эле аял эмес, ал Жакеме аял да, эне да, эже да, сырдаш да, дарыгер да болду. Жакем көп жылы кант диабети менен ооруп, мына ушул Сабира аны баладай кылып, кабагым-кашым дебей бакканынан, жакшы мамиле кылганынан улам ушул жашка чыгып отурат.

Бул жерден Жалилдин, Жалил болушуна ушул жубайы Сабиранын эмгеги өтө зор деп айтаар элем. Чыграмаларын редакциялап, терип, иреттеген да ушул Сабира. Эми эмне айтам. Жалил туйгунумдан айрылдым. Муң жутуп турам. Арты кайрылуу болсун. Топурагы торко болсун. Үй-бүлөсүнө, укум-тукумуна кудай таалам узун өмүр берсин, ден-соолук берсин.

Сайпидин Осмонов белгилегендей, Жалил Садыков оор турмуштун айынан Кызыл Октябрь айылында ветеринардык курсту бүтүрүп, мал догдур болуп иштеп, кийин Ак-Түз кенинде шахтер болуп иштеген.

Жалил Садыковдун агаларынын бири ардагер Токтогон Жамалдинов Жалил Садыковду турмуштун далай запкысы жаштайынан чыйралтып, өжөр болуп өскөнүн, айылда жүргөндө эле элдин оор турмушун ыр кылып жазып, сөздү аз сүйлөсө да саз сүйлөгөнүн белгилеп, Мамлекеттик университетке окууга киргенге чейин эле жашоонун катаао элегинен өтүп, кыргыз элим, Ата мекеним үчүн деген максатты ошол бала кезинде эле алдыга койгонун айтты.

Ж.Садыковдун «Убада» аттуу алгачкы ыр жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Акындын жүздөгөн ырларына обон чыгарылган. Ж.Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982), «Сейтек» (1987), «Айкөл Манас» (1990) үчилтиги Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, «Эр Төштүк», «Ак Мөөр», «Жукеев-Пудовкин», «Терең кечүү», "Шаршен", "Боз торгой", "Адам жана азезил", "Шабдан баатыр" ж. б. драмалары ар кыл театрларда коюлган.

«Манастын уулу Семетей» эпикалык драмасы үчүн Ж.Садыковго Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Ж.Садыков чыгыштын улуу акыны Омор Хаямдын «Рубаилерин», Р.Гамзатов, К.Кулиев, А.Пушкин, М.Лермонтов, Т.Шевченконун, балкар акыны М.Кудаевдин жана Я.Шивазанын чыгармаларын кыргызчага которгон.

Ж.Садыковдун ыр жана поэма жыйнактары ондогон элдердин тилине которулду, драмалык чыгармалары чет өлкөнүн элет, шаарларындагы тетар сахналарында коюлуп келет.

1958-жылдан СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Ж.Садыков Кыргыз Республикасынын эл депутаты болгон.

Кыргыз Республикасынын Гимнинин авторлорунун бири, залкар талант Жалил Садыковдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлуп, анын арбагына багышталып куран окутулду.

Жалил Садыков мындан туура 78 жыл мурда Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келип, 23-октябрь туулган күнүндө сөөгү жерге берилди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG