Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Орусиядагы эң ири Саян-Шушен ГЭСиндеги кырсык мурунку союздук технология менен иштеп жаткан КМШ өлкөлөрүндөгү энергетиктерди кыйла кооптонтуп койду. Ошондуктан "Азаттыктагы" кезектеги талкуунун темасы Кыргызстандагы ГЭСтердин коопсуздугу жөнүндө болду.

Талкууга катышкандар:

Таалай Толубаев, Кара-Көлдөгү Нарын каскадынын башкы инженери
Райымбек Мамыров, Кыргызстандын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, парламенттин мурдагы депутаты.
Бекташ Шамшиев, талкууну алып баруучу, "Азаттык".

Б. Шамшиев: -Райымбек мырза кырсык болгон Саян-Шушен ГЭСиндеги технология менен биздин Токтогул ГЭСиндеги каскаддын технологиясы баары бирдей. Мурдагы бир өлкөнүн технологиясынын негизинде жасалган иштер да. Ушундан улам бир суроо туулуп атат да, биздеги ГЭСтерде коопсуздук маселеси кандай ахыбалда?

Р. Мамыров: -Бүгүнкү иштеп аткан ГЭСтер тууралуу ошол электр станциялардын акционердик коомунун берген маалыматтарына таянып гана айтышыбыз мүмкүн. Себеби мен акыркы жылдарда ал жерде кандай эксплуатация болуп атат, тетиктери кандай ремонт болуп атат, айта албайм. Саян-Шушен ГЭСи болобу, Токтогул ГЭСи болобу, же болбосо Тажикстандагы ГЭСтер болобу, бул деле бир объект.

Ар бир нерсенин иштөө мөөнөтү болот, андан тышкары аны ар дайым карап ремонттоп жыл сайын экспертизадан өткөрүп туруш керек. Ошондуктан Саян-Шушен ГЭСинде авария болуп кетти, бизде да болушу мүмкүн дегенден мен алысмын.

Мен Саян-Шушен ГЭСи менен Токтогулдун көп айырмачылыктарын көрүп атам да. Биринчиден Саян-Шушен дүйнө жүзүндө, менимче кубаттуулугу боюнча экинчи же үчүнчү ГЭС. Ал жерде плотинанын узундугу 1 кмге жакын. Токтогулда жүз метрдин тегерегинде болуп атат. Экинчиден, Токтогул ГЭСинин плотинасы абдан ыңгайлуу жакшы жерде курулган да, кууш аскага курулуп эки жагынан каткан жерлери жакшы.

Акыркы официалдуу маалыматтарды мен да интернеттен окуп көрдүм. Саян-Шушен ГЭСи курулган убакта плотина менен машина залынын дубалдары бир-биринен аралыгы 110 мм 10-15 см тегерегинде болуш керек экен да. 2008-жылы акыркы экспертиза кылып караганда ал жерде ошол плотинанын дубалы 105 ммге жылып кеткени айтылып атат да.

Акыркы он жылда ал жерде Чубаис баштаген РАО РЕС көбүнчө ушуга окшогон объектилердин техникалык абалына эмес, биринчи кезекте бизнес жагына карап жатышты. Саян-Шушенскийде бир канча көлөм менен суу туруш керек, ушундан ашса ал жерде плотиналар иштен чыгат, туура эмес иштейт деген эрежени сактоо зарыл эле. Аларды эч ким эске алган эмес дагы сууну көбөйтө беришкен. Ошол суунун деңгээли көп болгондуктан плотинанын дубалын жылдырып, жанагындай кырсык болгон.

Мен официалдуу версияларды окуп айтып атам. Экинчиси, ошол жердеги жарылган генератордун капкагы ошол жерден атылып чыгып кеткен, анан ошондон суу чыгып барып дубалды бузуп, андан суу кетти деген болуп атат да. Эгер ошол генераторлорду салыштырып көрө турган болсок, биринчиден ал жерде генераторлор 640 мв. Биздики бул жерде 300 мвттын тегерегинде, өзүнүн түзүлүшү боюнча дагы башкачаарак.

Биздики генераторлор менен трубинанын ортосундагы аралык абдан алыс. Суу боло турган болгондо дагы ал андай чекке жетпейт. Негизинен Токтогул ГЭСи уникалдуу курулуш да. Бул абдан алдыңкы ГЭС болуп эсептелет. Ошон үчүн аны убагында ремонт жасап тура турган болсо, менимче ал жерде Саян-Шушенскидегидей авария болбошу керек.

Акыркы кездерде, мисал үчүн Өзбекстанда, "мына Саян-Шушенскийде ушундай болду, Токтогул менен Нуректе да ушундай болуп кетсе биз мынчабыз суунун астында калат экенбиз" деген да маалыматтар жүрбөйбү. Ал жарылып кетсе мындай болот деп айтып, элдин баарын дүрбөткөн менимче туура эмес деп ойлойм. Бирок убагында гана карап эксплуатация жасап, жыл сайын текшерип турса, бул жерде андай кырсык болбойт..

Т.Толубаев: - Биздин ГЭСтин ахыбалы канаттандыраалык эле, ремонт убагында кылып атабыз, кышка даярдык жүрүп атат. Биз дагы Саян-Шушен ГЭСинен кийин аябай камтама болуп, өзүбүздүн кызматкерлердин баарын чогултуп, макулдашып баарына тапшырма бердик. Мурда бир айда бир жолу караса, азыр бир айда эки жолу карап, мурдагыга караганда эки үч эсе катуураак иштеп атабыз. Ал жердеги окуя биздин ГЭСтерде кайталанбайт.

Б. Шамшиев: - Райымбек мырза, сиз мына 90-жылдардагы ахыбалды жакшы билесиз да ушул ГЭСтердеги. 90-жылдарда бизде да экономикалык аябай кыйын кысталыш кырдаал болду, эми азыркы жагдайды деле мыкты деп айтыш кыйын бирок ага салыштырмалуу экономикалык мүмкүнчүлүктөр бар да. Ошол 90-жылдары ГЭСтин коопсуздугун анын туруктуулугун, туруктуу иштей турган технологиялык негизги милдеттер, технологиялык талаптар талаптагыдай эле сакталып ошого ылайык иштер жүргүзүлдү деп айта аласызбы?

Р. Мамыров: -Камбар-Атада биринчи, экинчи ГЭСтердин курулушунун долбоорун ошол Ташкенттеги Гидропроект жасаган. Эгер бүгүнкү күнү ошол киши ал проектилерди шашылыш жасап койгон, анан курулгандар дагы шаштырып аткан дей турган болсо, ал киши дагы ошондо бир жооп бериш керек.

Мен башка мисал үчүн Күрп- Сай, Шамалды-Сай ГЭСтери жөнүндө эмес Токтогул жөнүндө айтайын. Токтогул деген бул Кыргызстандагы, мурдагы союздагы чоң жакшы ГЭСтердин бири болгондуктан ал жерде абдан көп көңүл бөлүнгөн.
Союз маалында энергетика министерствосу болгон, бүт союз боюнча 15 республиканын баарысында талаптар бирдей болгон.

Саян-Шушенскидеги окуя элементардык эле эксплуатация кылып аткан кишилер өзүнүн милдетине туура мамиле кылбагандыктан болуп атат. Экинчиден, мен айткандай техникалык көп маселелерди экинчи орунга калтырып, бул жерде биринчи орунда бизнес болуп калды. Электр энергияны көбүрөөк иштеп, көбүрөөк сатышыбыз керек деген маселе алдыга өтүп кеткен да. Ошондуктан ал каралбай калып келип атат.

Б. Шамшиев: -Таалай мырза Токтогул ГЭСиндеги автоматтардын иштеши кандай, мына Саян-Шушен ГЭСиндеги автоматтар иштебей калды деген бир сөздөр айтылып атат да, мына ошолор такай көзөмөлдөнүп турабы?

Т. Толубаев: -Бизде ошол Токтогул ГЭСинде, Күрп-Сай ГЭСинде баардык ГЭСтерде эле өзүңүз айткандай баары автоматташтырылган. Эгер генераторлорубуз бир кокустук болуп иштебей кала турган болсо, сөзсүз автомат иштеп кетиш керек. Запорожец аппарат деп коёбуз, негизи агрегаттарды жүргүзгөн бөлүгү, ошол жабылыш керек, ал жабылбаса анын үстүндө затвор деп коёбуз ошол жабылыш керек.

Алар өзүнүн убакты сааты менен белгиленген графиги менен дайым текшерилип турат. Айрыкча, ремонтко чыкканда сөзсүз текшерилип, акты жазылып, колдору коюлуп, балдар бир-бирине тапшырып өткөрүп турат.

Б. Шамшиев:
-Райымбек мырза мына ушул Токтогул көлүнө ылайланган суу агып келет дагы көптөгөн кум,чопо, ылай суунун астына чогулуп атат. Токтогул ГЭСин ишке киргизилгенин айтып атасыз, 30 жыл болду деп. Мына ошол 30 жылдын ичинде кыйла эле катмар пайда болгон болуш керек. Ушул технологиялык жагынан ушуну тазалоонун ушул маселени чечүүнүн кандай бир жолдору каралган?

Р. Мамыров: -Ылдыйкы ГЭСтерде Шамалды-Сай, Таш-Көмүрлөрдө суунун агымы аз болгондуктан, аны тазалай турган жолдор бар. Кээ бир жерлерде "аварийный спуск" деп коёт, ошолорду ачып туруп тазалайт. Биринчиден Токтогулда суунун көлөмү 19.5 миллиардка чейин каралган. Экинчиден, ошол жерде Үч-Терек башталганда эле көпүрөдөн өткөндөн кийин эле 100 метрден кийин суунун агымы акырындай баштайт.

Сиз айтып аткан ылайлар ошол жерден баштап жерге отуруп калып аткан болуш керек. ГЭСтин плотинасына чейинки аралык менин оюмча 20-30 км дей болсо керек. Алар плотинанын өзүнө барып туруп такалып калат же болбосо генераторго бирдеме болот дегенден мен алысмын, себеби ал жакка такыр жетпейт.

Башка маселе болушу мүмкүн, суунун көлөмү деген ар түрдүү жерге коюлган приборлор боюнча эсептелинет. Балким ошол ылай көбүрөөк болуп калып туруп суунун көлөмү приборлор менен туура эмес көрсөтүп калышы мүмкүн. А, жанагындай туруп калып ГЭСке зыян келтирет дегенден алысмын.

Андан сырткары ГЭСтин өзүндө "аварийный спуск" дегени болот, астынан коюп ачып сууну кое берип жибере турган болсо алар агылып чыгып кетет. Бирок бизде ылдый жагындагы ГЭСтерибиз бар да, анын баары барып туруп ылдый жакка туруп калат, ошон үчүн анын ошол Токтогул суу сактагычында турганы жакшы.

Б. Шамшиев: -Таалай мырза Токтогул суу сактагычынын астында абдан көп ылай, чопо, кум топурак, таш чогултулуп атпайбы. Сай менен агып келген мына ошолор ГЭСтин иштешине тоскоолдук кылбайбы?

Т. Толубаев: -Ал чопо, ылай, топурак аябай алыс, себеби дегенде биздин суу сактагычтын көлөмү аябай чоң да. Алар бизге жетип келбейт, тоскоолдук кылбайт. Кичинекей ГЭС болгондо, суу сактагыч кичинекей болгондо тоскоолдук кылмак да

Р. Мамыров: -Энергетика тармагында жыл сайын кышка даярдык маселеси боюнча атайын комиссия түзүлүп, бир гана ТЭЦтин көмүрү же газы барбы жокпу деген маселе эмес, бүт ошол республика боюнча энергетика тармагындагы объектилердин баарысынын кышка даярдыгы, ошонун ичинде ремонту, башка жактары каралат.

Саян-Шушенскиден кийин өзүбүз комиссия түздүк, азыр Ат-Башы ГЭСи менен Токтогул ГЭСинин абалын барып көрүп келүү үчүн. Менимче, комиссияда бир гана энергетика тармагында иштегендер болуп калып атпайбы. Ал жерге мүмкүн өзгөчө кырдаалдар министрин кошуп туруп, маалымат каражаттарынын кишилерин да алып барып туруп, ошол жангы Өзбекстандан же башка жактан болуп аткан сөздөргө жооп бере тургандай жыйынтык чыгарып, Токтогулда андай нерселер жок, азыр даярдык жакшы деген маалымат таркатылса, менимче, жакшы болот эле.

Б. Шамшиев: -Таалай мырза тармакта кандай проблемалар бар?

Т. Толубаев: -Эми проблема жок эмес, проблема бар. Негизинен азыр биздин запчастар, жардамчы тетиктердин баары Россиядан жасалат да, ошондон проблема бар. Бирок бул маселе акырындап чечилип атат. Анан кадр боюнча кичине маселелер бар, алардын баары аздан чечилип атат.
XS
SM
MD
LG