Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:17

Полиция өкмөтү


- Грузия полициялык мамлекет болуп калды деп оппозиция кекетип жүрөт го? - Албетте! Мамлекеттин эң алгачкы функциясы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу да, - деп кесиптешим жооп берди.

2003-жылга чейинки абал

Тамырын терең жайган паракорлук, туруксуз мамлекет, өкмөткө болгон өтө төмөн ишеним жана мыйзам үстөмдүгүнүн жоктугу бул өлкөнүн өнүгүүсүнө бут тосуп келген. Андан тышкары салыктар жыйынтыктуу чогултулбай, аткезчилик жыл сайын өсүп турган.

Мамлекеттик автоинспекциясынын (МАИ) кызматкерлерине калктын ишеними болгону 10 пайыз болчу. Паракорлук система толук кандуу таркалып, иш аткарууга жөндөмдүүлүк болгон эмес. Жол кырсыктары бул өлкөнүн негизги көйгөйү болуп чыга келген. Милиция кызматкерлеринин орточо айлыгы 20 доллар гана болчу.

Жаңы чакырыктар

Роза ыңкылабынан кийинки болгон чакырыктар жогоруда айтылган көйгөйлөрдү түп тамырынан өзгөртүүгө умтулган. Анын ичинде мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу, жыйынтыктуу башкаруу, аймактын бүтүндүгүн чыңдоо жана экономиканы өнүктүрүү болгон.

Жумуштан кетирүү

2004-жылдын жайында МАИдеги 16,000 кызматкер пара алды деген айып менен иштен айдалган. Эки аптанын ичинде жумушка алынган жаңы кызматкерлерге 500-1500 долларлык айлык акы, социалдык камсыздандыруу, жаңы униформа, жаңы унаалар жана техника, жаңы этика кодекси сунушталган.

Жумушка алуу

Жаңыдан ишке орношуп жаткан кызматкерлер ачык, атаандаштыкка негизделген сынактан өткөн соң реформаланган Полиция академиясында даярдыктан өтүшкөн. 2004-2010-жылдардын ичинде 450 кызматкер пара алып кармалып, алардын иши сотко өткөрүлүп берилген. Ушул маалда элдин арасында реформаларды колдоо боюнча маалыматтык кампания башталган.

Паракорлукту жоюу

Ошол эле учурда полицейлер акчаны накталай алышпайт – алар жөн гана штраф баракчаларын жазып турушат. Полицейлердин унааларды себеби жок токтотууга такыр укуктары жок. Ар кыл райондордун ичинде аларды улам улам бири бири менен алмаштырып да турушат (ротация) жана алардын ишин текшерүү үчүн Жалпы инспекция жана Патруль полициясын текшерүү боюнча башкаруу органдары ИИМдин ичинде иштейт. Алардын ишине башка бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө тыюу салынган.

Статистика

Азыркы учурда Грузиянын Патруль полициясы 3320 полицейлерден турат, анын 13 пайызын аялдар түзөт. 2007-жылдан бери 1000 видеокамералар жол кыймылдарын түзөөгө жана кылмыш иштерин алдын алуу үчүн Грузиянын чоң шаарларында орнотулган.

Дал ушундай иштердин арты менен полиция кызматкерлерине болгон ишеним 2003-жылкы 10 пайыздан 2010-жылдагы 83 пайызга жеткен.
XS
SM
MD
LG