Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:57

Мындан туура 20 жыл илгери, 9-ноябрда капиталисттик-коммунисттик системаны бөлүп турган Берлин дубалы уратылып, Германиянын батыш менен чыгыш калкы кайрадан бир мамлекет болуп бириккен.

Берлин дубалынын кулашы постсоветтик аймакта жаштарга кандай таасир тийгизген? Бул суроо менен «Азаттык» үналгысы ошол кезде жаңыдан аспирантурада окуусун аяктаган тарыхчы Нарынбек Алымкуловго кайрылды.

Нарынбек Алымкулов:
Советтер союзунда кайра куруу саясаты башталгандан кийин социализмдин бир топ кетирген кемчиликтери өзүнөн өзү эле көрүнө баштады. Ошол саясаттын негизинде 1949-жылы Германия, Кытай жана Корея экиге бөлүнүп калган. “Кайра курууда” биздин тышкы саясатыбызда жаңы саясий ой жүгүртүү боюнча М. Горбачевдин командасы ошондой жаңы ойду көтөргөнгө байланыштуу көп жерлерде кетирилген кемчиликтер калыбына келтирүү аракети жасалган. Ошонун бири - Берлинде бир мамлекетти экиге бөлүп, социализм менен капитализмдин ортосунда символ катары турган дубалдын кыйрашы болгон. Бул - Германиядагы демократиялык күчтөрдүн бирден-бир жеңиши болуп эсептелет.

«Азаттык»: Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин ошол кездеги дүйнөлүк саясаттын айынан бир мамлекет экиге бөлүнүп калган. Эмне үчүн бир мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбай, Германия эки полярдуу саясаттын курмандыгы болуп калды эле?
Советтер союзунда кайра куруу саясаты башталгандан кийин социализмдин бир топ кетирген кемчиликтери өзүнөн өзү эле көрүнө баштады.


Нарынбек Алымкулов: Себеби 1945-жылы согуш, чоң кырылыш аяктагандан кийин дароо эле кансыз согуш башталбадыбы беле. Советтер союзу чоң жоготууларга учурагандан кийин келечекте социализм жеңет, Германиянын Советтер союзу басып алган төрттөн бир бөлүгү өзүнчө мамлекет болуп калышы керек, ал мурунку тоталитардык-милитаристтик Германиядан бөлөк демократиялык республика болуш керек деген ой болгон. Ошон үчүн келишимдин негизинде борбору Берлин болгон демократиялык Германия республикасы болуп калган. Ал эми калган үч зона биригип, америкалык, франциялык жана британиялык өзүнчө бир мамлекет болуп бириккен. Мындай саясат ошол мезгилдин талабына ылайык деп эсептелген.

«Азаттык»: Берлин дубалынын кулашы пост советтик аймакка кандай таасирин тийгизген эле?

Нарынбек Алымкулов:
Эми бул, “ак ийилет, бир сынбайт” дегендей эртеби-кечпи боло турган жараян болчу да. Өткөндө М. Горбачев интервью берип жатып: “Биз, ГДР менен ФРГ ортосундагы биригүү жети жылга созулат го деп болжосок, бул эки мамлекет дубал уратылгандан кийин төрт ай ичинде эле бирикти. Бул чоң ийгилик”, - деп айтып жатпайбы. Ортодо чеп жок, бирок бириге албай жаткан өлкөлөр да жок эмес. Мына бул ошол башка өлкөлөр үчүн тынчтык жолу менен биригип, анан өнүксө болот дегендин мисалы болду.
Социалисттик лагердин жоголуп жатышы биз үчүн аябай оор болгон.


«Азаттык»: 1989-жылы сиз студент болсоңуз керек...

Нарынбек Алымкулов: Жок, мен анда жаңыдан аспирантураны аяктап, жаңыдан мугалим болуп иштеп баштагам.

«Азаттык»: Ошондо Берлин дубалы кулап атат дегенде сизде кандай маанай болду эле? Дегеле ошол кездеги сиздин курбалдаштарыңыз мындай кабарды кандай кабылдашкан?

Нарынбек Алымкулов: Бир чети биз советтик системада өсүп калгандан кийин, албетте баягы социалисттик лагердин жоголуп жатышы биз үчүн аябай оор болгон, биз көп нерсени оор кабыл алганбыз. Эртеби-кечпи демократиянын принциптери жеңиш керек экендигин азыр түшүнүп жатабыз. Германия буга күбө болду, мисал болду.

Тасмада: Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл

Берлин дубалы ураганына жыйырма жыл толду. Бул окуяны утурлай Бишкектин көчөлөрүндө "Сиз бул тууралуу кабардарсызбы?" деген суроо узаттык. MiT.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG