Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Саясат таануу илиминин доктору Жолборс Жоробеков өлкөнүн башкаруу жана билим берүү системасын реформалоо жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

-Президент Курманбек Бакиев шайлоодон кийинки ишин башкаруу жана билим берүү системасын реформалоодон баштаарын билдирди. Сиздин оюңузча, башкаруу системасы кандай реформага муктаж? Ал кыскартылыш керекпи же функциялары кайра каралыш керекпи?

- Албетте, мамлекетти башкаруу системасын кандайдыр бир деңгээлде реформалабастан туруп, өлкөдө болуп аткан экономикалык жана башка реформаларды астыга жылдыруу мүмкүн эмес. Менин оюмча, кайсы бир структураларды жоюп, же кайсы бир район, облустарды жоюп, кандайдыр бир катуу төөнү шыйракка чапкандай нерселер күтүлбөйт. Анткени бизге окшогон өткөөл мезгилде турган мамлекеттерде бул дайыма эле жакшылыкка алып келе бербейт.

Ошон үчүн Казакстан, Орусияга окшогон мамлекеттерде тескерисинен вертикалдуу бийликти күчтөңдүрүп, бийликтин көп структураларын күчтөндүрүш керек. Башка маселе, эгерде ошол айталы бири-бирин кайталаган, бирин-бири толуктабаган чачыранды кандайдыр бир структуралардын жоюлушу, адамдардын кыскарышы, башкалар албетте күтүлүшү мүмкүн. Анткени, эгерде биз андай нерселерге барбасак биздин кичинекей мамлекеттин бюджети көп ысырап болуп атпайбы. Ошон үчүн райондордун, аймактардын ашыкча бирин-бири кайталаган гана структураларынын жоюлушу, адамдардын кыскарышы ыктымал.

-Өлкөдө административдик-территориялык реформа, облус, райондордун ордуна аймактарды түзүү демилгеси да кезинде көтөрүлгөн. Мындай өзгөрүү керекпи биздин өлкөгө?

- Административдик-аймактык өзгөрүүлөр боюнча, калп айтпасам, акыркы он жылдан бери абдан катуу иштер жүрүп келатат, ар түрдүү варианттары, жолдору бар. Бирок ойлоп көрсөк, райондорду кыскартуу деген менен Чаткалды, же болбосо Чоң-Алайды, же Ат-Башыны кыскартуу менен болбойт. Ал жерде сөзсүз мамлекеттик административдик бирдик болуш керек.

Башка маселе, ошол жердеги айыл өкмөттөрүнүн функцияларын күчөтүү менен, аларга кандайдыр бир мыйзамдык тарабынан жол берип, ошол жердеги жергиликтүү бийликти күчөтүү менен, ал эми райондук системалардын кадрдык жагынан кандайдыр кыскартуулар болушу мүмкүн.

Катуу өзгөрүштөр болушу мүмкүн эмес, себеби биздин экономика турукташмайынча буларды кайра өзгөртүп, улам түзө бергенде биздин мамлекеттин өсүшүнө, экономикабыздын турукташына тескери таасирин тийгизиши ыктымал.

-Өлкөнүн билим берүү системасы негизинен орто мектептер жана жогорку окуу жайлардан турат. Кесиптик окуу жайларды көтөрүү аракети көрүнүктүү ийгиликтерге жетише элек. Бул тармак да реформага муктаж деп айтылды. Ал кандай реформа болот? Жогорку окуу жайлар коммерциялык негизге өткөрулөбү?

- Албетте, окуу системасындагы башталгыч мектептен тартып, андан кийинки атайын орто билим берүүчү жумушчуларды даярдоочу структурабыз, ошондой эле жогорку окуу жайы дагы абдан реформалоого муктаж.

Биринчи кезекте мен ойлойм, мамлекет 5 миң 500дөн ашыгыраак орунду жылыга бюджеттин эсебинен окутууга жумшайт. Мына ушуну эффективдүү түрдө колдонуунун жолун табыш керек дагы. Керек болсо айыл өкмөттөрүнө бериш керек. Адистерди чыңдамайынча, мектептердеги мугалимдердин сапатын оңдомоюнча биздин жакынкы арадагы акыбалыбыз оор абалдан кутулбайт.

-Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG