Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

23-мартта Бишкекте өтчү бийликтин Ынтымак курултайына катышчу делегаттардын баары такталды. Бул тууралуу Президенттин Катчылыгынын алдындагы эксперттик талдоо бөлүмүнүн башчысы Султан Жумагулов “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Ал сөзүн курултайдын күн тартибин бекитүү боюнча маселелерден баштады.

Күн тартибин делегаттар өздөрү бекитет

Султан Жумагулов:
- Курултайдын күн тартибин келген делегаттар бекитет. Азыр "күн тартибин бекитпей жатат", деп сын айтылып жатпайбы. Курултайда көтөрүлчү маселерди биз сунуш кылсак, "бийлик сунуш кылды, өзүнө ылайык күн тартибин түздү" деп айтышы мүмкүн.

Биз азыр эң активдүү делегаттарды чогулттук. Алар жакында телевидение, гезиттер аркылуу күн тартибинде кандай маселелер
Президенттик квота үчүн 2-март кечки саат алтыга чейин жети жүздөн ашуун арыз келип түштү
козголот, ошонун тегерегинде ойлорун бүгүн-эртеңден баштап айта башташат. Уюштуруу комитети ошолордун негизинде баардык сунуштарды, анан президенттик сайттагы курултай деген бөлүмгө да келип түшкөн ойлордун баарын чогултуп долбоорду иштеп чыгат.

Анан аны делегаттардын баарына салып жиберебиз. Алар ушунун негизинде болжол менен даяр ойлору менен келишет. Биздин болжолубуз боюнча, курултай башталардан бир-эки күн мурун жер-жерлердеги делегаттардын өкүлчүлүктөрүн чакырып, болжолдуу күн тартибин даяр кылып, долбоорду иштеп чыгып курултайга сунуш кылсак дегендей ойлор бар.

"Азаттык": - Президенттик квота боюнча келчү өкүлдөр аныкталган экен. Бул тизмеге кирген адамдардын баары өтүнүч менен кайрылышканбы?

Президенттик квотага жети жүздөн ашуун арыз түштү

Султан Жумагулов: - Президенттик квота үчүн 2-март кечки саат алтыга чейин жети жүздөн ашуун арыз келип түштү. Азыр ушул күнгө чейин келип түшүп жатат. Көнгөн адатыбыз менен кеч ойгонуп, көпчүлүгү нааразы болуп, “биз да кирсек болмок, бизден баланча-түкүнчө калып калыптыр”, деп ушул күнгө чейин келип түшүп жатат.

Бирок биз баарыбыз мыйзамды сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек. Минтип нааразы болгондордун ичинде абдан таанымал, элге төбөсү көрүнгөн инсандарыбыз да бар. Бирок тилекке каршы акыркы мөөнөт 2-март кечки саат алтыга чейин деп белгиленген. Ага чейин келип түшкөн арыздардын негизинде күнү-түнү иштеп, түзгөн тизмени президентке сунуш кылдык. Президент ошого макулдугун берди. Талкуунун баары ачык, коллегиалдуу түрдө жүрдү.

Айталы, кээ бир партиялардан жыйырма-жыйырма беш кишиге чейин беришкен экен, биз бирден-экиден калтырганга туура келди. Себеби дегенде башкалар да кириши керек эле да. Коммерциялык эмес уюмдардын арасында акыркы кезде өтө активдүү болуп жаткан уюмдардын баардыгынын лидерлери кирди.

"Азаттык": - Жер-жерлерден шайланып келчү делегаттардын баардыгы такталып калдыбы?

Султан Жумагулов: - Жер-жерлердеги өкүлдөрдү шайлоо эчак эле бүткөн. Беш жүз делегат дайын болду. Алардын баары келатат. Алардын баары билет. Азыр алардын документтери иреттелип, мен айткандай өздөрүнүн сунуштары менен бөлүшүп каттарын жазып жатат. Андан сырткары жыйырма делегат Кыргызстанда азыр иштеп жаткан негизги диний конфессиялардын өкүлдөрү.

Андан сырткары Орусияда, Германияда, Казакстанда жана Америкада иштеп жаткан, расмий түрдө катталган кыргызстандык диаспоралардын, коомдордун отуз беш өкүлү да дайын болду. Алар да билет, жакынкы күндөрү алар да келе башташат.

"Азаттык": - Чет өлкөлүк коноктор болобу?

Султан Жумагулов: - Чет өлкөлүк конокторду катыштыруу боюнча азыр сөз болуп жатат. Азыр эки ой айтылууда: белгилүү бир өлчөмдө бул курултайга, же болбосо убара кылбай келерки жылга белгилеп жаткан бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайына чакырсакпы деген ой бар.

"Азаттык": - Оппозициян тууралуу айтып кетсеңиз. Негизи баардык эле саясий партиялар сунуштарын киргизип, демилге көтөрүштүбү?

Оппозициялык партиялар курултайга катышуудан баш тартты

Султан Жумагулов: - “Жаңы Кыргызстан” партиясынан абдан көп сунуштар келип түштү. Андан сырткары сунуштар “Эрк”, “Эркиндик”, “Согласия”, “Родина”, “Кыргызстан аялдары” жана “Коммунисттер”, “Асаба” партиясынан келди. Тилекке каршы булардан башка бир дагы партиядан арыз келип түшкөн жок.

Оппозиция өкүлдөрү менен биз телефон аркылуу сүйлөшүп көрдүк. Арыздарыңарды берсеңер болот эле, тилектериңер кандай десек, ойлонобуз, карап көрөбүз дешкен. Андан кийин “биз барбайбыз”, деген билдирүүлөр таратылды. Демек расмий түрдө арыз келбегенден кийин биз каттай алган жокпуз. Баарына тең эшик ачылып турган, арыздар келсе баары тең кирмек. Тилекке каршы, биз күтүп аткан биз күтүп аткан оппозициялык партиялардан арыздар келген жок.

"Азаттык": - Болжол менен канча партия, канча кыймыл, бейөкмөт уюм катталды?

Жаштар анча жигердүүлүктү көрсөтө алышкан жок

Султан Жумагулов: - Бул жободо айтылгандай, Кыргызстандагы баардык катмалардын, топтордун өкүлдөрү келатат да. Ошол эле көркөм өнөрдүн, адабияттын, маданияттын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, мурда Кыргызстанда мамлекеттик, партиялык иштерде жүргөн ишмерлер келатышат.

Жаштар өтө жигердүүлүктү көрсөтө алышкан жок. Акыркы гана күндөрү бирин-серин гана жаштар уюмдарынан келди. Бизнес өкүлдөрү абдан активдүү катышты. Партиялардан жана мен атап өткөн беш-алты партиялардан гана арыз келип түштү. Андан сырткары Кыргызстанды байырдаган башка улуттардын расмий катталган баардык уюмдарынын бирден-экиден өкүлдөрү келатат.

"Азаттык": - Сиз президенттик квота менен тизмеге кирбей калып капа болгондо бар деп айтып өттүңүз. Анан курултайдан кийин сөз тийбей сүйлөбөй калдык, деп нааразылангандар чыкпайбы?

Курултайдын дайыма иштеген Төркеңеши болот

Султан Жумагулов: - Курултай өзү эки күн болот. Мындай эсептеп көргөндө деле жети жүз элүү адам бул убакыттын ичинде сүйлөп бүтүшү мүмкүн эмес. Ал үчүн бир жума-бир жума убакыт керек да. Эми биз баардык региондордун, ошондой эле Ош, Бишкек, поселектордун, андан сырткары президенттик квотада айтылган баардык улуттун өкүлдөрүн, башка кесиптик жамааттардын, диний өкүлдөрдү, баардык тараптын үнүн укканга шарт түзөлү деген тилек болуп жатат.

Баардык тарапка сөз берүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок жети жүз элүү кишинин баары сүйлөшүү мүмкүн эмес. Таарынгандар болбой койбойт. Бирок мындай да нерсе бар: ал жерде курултайдын катчылыгы иштейт. Алар чыгып сүйлөй албай калган, бирок ойлору бар бүт делегаттардын баяндамаларын, сунуштарын, сын-пикирлеринин баарын чогултат.

Анан дайыма иштеген Төркеңеш болот. Сунуштардын баары ошол жерде каралып өтө керектүү, өтө олуттуу айтылгандардын баары мамлекеттик органдарга, президенттин институтуна, баардык тарапка таратылат. Айтор, бирдеме айткысы келген делегаттардын ою жерде калбайт.

"Азаттык": - Маегиңизге ырахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG