Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

24-апрелде кыргыз өкмөтү менен канадалык “Cameco” корпорациясы, “Centerra Gold Inc.” компаниясы менен түзгөн келишимдерге Бишкекте кол коюлду. Жаңы келишимдерге ылайык кыргыз өкмөтүнүн “Centerra Gold Inc.” компаниясындагы акциялары 33% көбөйөт, салыктан түшчү кирешеси арбыйт.

Өткөн жылы өкмөт тарабынан түзүлгөн ведомстуктар ортолук комиссиянын жетекчиси “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев канадалык ишкерлер менен мамиле-катышты аныктоонун үч жолу турганын эскертип өттү.

Биринчиси, эл аралык арбитраждык соттогу териштирүүлөрдү улантуу, 2003-жылкы Николай Танаевдин өкмөтү кол койгон келишимди жокко чыгаруу аракетин көрүү болчу.

Экинчиси, антип соттошуп убакыт кетирбей Кыргызстан үчүн пайдасы аз ири ишкананы улутташтырып салуу. Бирок мындай шартта канадалык компания алалбай калган кирешесин көрсөтүп кайра эле эларалык арбитраждык сотко кайрылмак. Андайда сот тарабынан Кыргызстанга 300 миллиондон 1 миллиард долларга чейин айыппул салынып калышы толук ыктымал эле.

Үчүнчүсү, албетте, мунасага келүү. Кыргыз өкмөтү ушул үчүнчү жолду тандап, бир жарым жыл эларалык укуктук нормаларды мыкты билген компаниянын көмөгү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Алексей Елисеевдин айтуусунда, 2003-жылкы келишим боюнча Кыргызстандын үлүшү өтөле азайып кеткен. Эми ал жаңы келишимге ылайык 33% көтөрүлүп, Кыргызстан “Cameco” корпорациясынан кийинки ири акционердин бири болуп калат. Канадалык корпорациянын “Centerra Gold Inc.” компаниясындагы акцияларынын үлүшү 52% түзөт.

Дагы бир өзгөчөлүк “Кумтөр” алтын кен компаниясы киреше алган-албаганына карабастан сатылган алтындан түшкөн каражаттын 18% салык катары түшөт. Компания кыйыр салыктардан бошотулбайт.

- Үстүрт эсептей келгенде деле “Кумтөр” “Centerra Gold Inc.” компаниясынын активдеринин 62% түзөт. Компанияга Монголиядагы “Боро” , “Гаатсурт” алтын кендериндеги акциялардын 100% тиешелүү. АКШдагы “Рен” алтын кенинин 63% “Центеррага” тийиштүү,- дейт А.Елисеев.

“Centerra Gold Inc.” компаниясындагы эң ири алтын кендеги Кыргызстандын үлүшүнүн аздыгы буга чейин деле айтылып келген. 2003-жылкы “Кумтөр” алтын кен долбоорун өзгөртүү жөнүндөгү өкмөт токтому өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына кайчы келерин эскертип, парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков экинчи ирет экономикалык сотко кайрылган. К.Исабеков жаңы келишимдерге кол коюлгандан кийин сотко берген доо-арыздарынын баарын кайтарып ала тургандыгын билдирди.

- Өкмөттү сотко берген арыздарымды алам. Андан сырткары жанагы лицензиялоо тууралуу сотко бергендеримди алам. Мындан башка жер салыгы боюнча азыр Жогорку сотто жаткан арызымды кайтарып алам. Себеби жер салыгын өткөн жылдык үчүн 1 миллиардга жакын сом төлөнүп жатат. Ошонун ичинен райондук бюджетке түшө турган акча да бар.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы И.Чудинов келишимдерге кол коюлган соң Жогорку Кеңешке ратификация үчүн жөнөтүлө тургандыгын ырастады.

- Өкмөттүн бардык мүчөлөрү келишимдерди бир добуштан колдошту. Мен учурдан пайдаланып ведомстуктар ортолук комиссияга ыраазычылык билдире кетким келет.

Кол коюу аземинен кийин “Centerra Gold Inc.” компаниясынын президенти Стивен Ленг да ыраазылык билдирди.

- Биз жетишкен келишимдерге канааттанып олтурабыз. Келишимдерге жетиш үчүн узак убакыт иштегендерге ырахмат айткым келет. Эми баарысы жакшы болот го, деген ойдобуз.

Жаңы келишимдер парламенттен жактырылып калса “Centerra Gold Inc.” компаниясы Кыргызстанга өткөн жыл үчүн 1 миллиардга жакын сом акча төлөп бериш милдетин алган. Адистердин болжолунда “Кумтөрдөн” дагы 2026-жылга чейин 425 тонна алтын казып алынмакчы. Алардан салык жана башка төлөмдөр боюнча Кыргызстан 3 миллиард 432 миллион доллар акча пайда табышы болжолдонууда. 1997-жылдан 2007-жылга чейин канадалык компания “Кумтөрдөн” 191 тонна алтын казып алып, андан 2 миллиард 200 миллион доллар киреше тапкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG