Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

ВИЧ/СПИДке кабылгандарды басмырлоо күч


Расмий маалыматтар боюнча ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын саны Кыргызстанда 2500дөн ашуун. Бейрасмий маалыматтарга караганда, бул көрсөткүч он эсе көп.

ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүүгө арналган Борбор Азия жана жана Азербайжан парламенттер аралык жыйынында ушул илдетке кабылгандарды басмырлоо күч экендиги, андан айрыкча аялдар көп жабыркашаары айтылды. Жыйында бул илдетке каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолдору талкууланды.

Бириккен улуттар уюумунун Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн ВИЧ/СПИД боюнча координатору Ирина Савченко Борбор Азияда ушул илдетке кабылгандардын саны жылдан жылга өсүп жатканын белгиледи:

- Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун иликтөөсү боюнча дүйнө жүзүндө ВИЧ/СПИД илдетин жуктурган адамдардын саны 33 миллионго жеткен. Анын ичинен Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймагында 1,5 миллиондон ашуун адам ушул оору менен жашайт. Булардын ичинен Орусия менен Украина алдыда турган менен, Борбор Азия өлкөлөрүндө да жылдан жылга ВИЧ жуктургандардын саны өсүп жатат. Бирок өтө эле пессимисттик көз карашта караганга болбойт. Анктени башында бул илдеттен арылуунун жолун билбей, дарысын таппай келсек, азыр дарылоого мүмкүн болуп калды. Бул оору менен жашаган адамдардын жашоосу жакшырып, өмүрү узарууда.

Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева “Азаттыкка” боюнда бар аялдарды ВИЧ боюнча сөзсүз текшерүүдөн өткөрүүнү шарттаган мыйзам керек, деп билдирди. Анын айтымында, абакта ВИЧ илдетине чалдыккан адамдардын сексен пайызы бул ооруну ийне аркылуу жуктуруп алышат жана Кыргызстандагы үч абакта ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандарды метадон менен дарылоо жүргүзүлүп жатат.

Дамира Ниязалиева эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ/СПИДди азайтуу боюнча мыйзамдык базаны чыңдоо зарылдыгын да баса белгиледи:

- Бизде ВИЧ/СПИД боюнча жакшы эле мыйзамдар кабыл алынган. Башкысы, алар жакшы иштеши керек. Эмгек мигранттары арасында аны жоготуу боюнча көп иштерди жасаш керек. Ошондой эле кош бойлуу аялдар каттоого турганда сөзсүз түрдө ВИЧ боюнча анализ тапшырышы зарыл. 225 миңден ашуун кош бойлуу аял текшерилип, анын ичинен 54 аялда ВИЧ илдети табылган. 42 миңдей бала текшерилип, эки жүздөй бала ВИЧти алып жүргөнү анык болгон.

Адистердин айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүндө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын санынын көбөйүшүнө миграциянын күчөшү да себеп болгон. Ошондуктан мигранттарды кабыл алуучу өлкөлөр Казакстан менен Орусия да ушул багытта мыйзамын өзгөртүү керек деп белгилешет. ВИЧ инфекциясын жуктурган адамды дароо өз өлкөсүнө жибербей дарылоо жагын эске алуу маанилүү, дешет бүгүнкү жыйындын катышуучулары.

Азербайжан да бул багытта мыйзам кабыл алып, учурда коомчулуктун көз карашы өзгөргөн. Бул тууралуу Азербайжандын Милли Межлисинин социалдык саясат комитетинин жетекчисинин орун басары Муса Гулиев билдирди:

- 1996-жылы Азербайжанда ВИЧ/СПИД илдетин жуктурган адамдардын саны үчөө гана болчу. 2009-жылы алардын саны 2 миңден ашты. Кабыл алынган мыйзамдарга байланыштуу коомчулукта ушул ооруга чалдыккандардга болгон көз караш өзгөрдү. Бир топ гумандуу мамиле талап кылынып, оорулууларды басмырлоого тыюу салынды. ВИЧ менен жашаган адамдарга мамлекеттин кепилдиги жана социалдык коргоо күчөтүлдү.

ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча Борбор Азия жана Азербайжан парламенттери аралык жыйыны 7-сентябрда да уланат. Анын жыйынтыгында бардык сунуштар эске алынган резолюция кабыл алынмакчы.

XS
SM
MD
LG