Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Казакстандык качкын макамын издеген келин кайда жоголду?


Кыргызстанда убактылуу башпаанектеп жүргөн казакстандык жаран Самал Кесметова дайынсыз жоголду. Бул тууралуу билдирген анын күйөөсү Диянат Ердешев буга чейин Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы тарабынан диний көз караштарынан улам куугунтуктоого кабылып, 2009-жылы Кыргызстанга баш паанек издеп келишкендигин белгиледи.

Жыйырма сегиз жаштагы Диянат Ердешев Кыргызстанга үй-бүлөсү менен өткөн жылы Казакстандын Атырау облусунан келген. Диянаттын айтымында аны жана анын келинчегин мекенинде жергиликтүү коопсуздук органдары салттуу эмес диний агымга киргенсиң деп куугунтукташкан. Айтымда бул үй-бүлө жети айдан бери БУУнун Бишкектеги качкындар иштери боюнча башкармалыгынан каттоодон өтүп, качкын макамын алууну күтүп жатышкан. Ушул жылдын 13-июль күнү эрте менен жубайы Самал Кесметова Кант шаарындагы бейтапканага көрүнгөнү кеткен боюнча кайра үйүнө кайрылып келген эмес:

- Саат үчтөрдө телефонуна чалсам, жооп бербейт. Анан бир аздан соң өчүп калды. Кеч кирип кеткенден кийин аны издей баштадык. Ар кайсы тааныштардан сурадык.Жок. Ооруканага, моргко чейин бардык дайын жок. Түнкү сегизден кырк беш мүнөт өткөндө кол телефонума смс-кабар келди. Анда таза казак тилинде “сен аялыңдын сөөгүн таба албайсың, издеп убара болбо, эмки кезек сенин жана сага жакын боорлоруңдун балдарында, күткүлө” деп жазып жиберишиптир.

Буга чейин Казакстандын Атырау облусунун коопсуздук органдары бул үй-бүлөнү салттуу эмес салафилер агымы менен байланышы бар деген кине менен бир канча жолу суракка чакырышкан. Диянат Ердешев андай сурактардын биринде анын хиджаб кийген аялы Самал Кесметова каршылык көргөзгөнү үчүн катуу токмоктошкон болчу деп билдирди:

- Ошондо уруп-согуп жатышканда “силер вахабитсиңер, ар бириңерге материал бар, биз каалаган учурда олтургузабыз, бул жактан кет, болбосо момундай хиджабчан жүрбө” деп анын үстүндөгү кийимин сыйрып, ушундай кийимчен сени көрбөй турган бололу деп урушкан экен. Ал жакта эки жолу операция болду. Бул жака келгенден кийин үчүнү ирет операция жасаттык. Негизи биз кылмыштуу эч нерсе жасаган жокпуз го. Салафинин жалпы мааниси бул - тазалыкка, тууралыкка умтулуу эле да.

Мындан сырткары дагы өткөн жылы Казакстандан үч үй-бүлө бала-чакасы менен Кыргызстанга качып келишкен. Алардын бардыгы ислам дининдеги салафиллер агымына тиешеси бар деген шек менен куугунтукка кабылышкандыгын айтышты.
Ошолордун бири Маңгыстоолук Канат Ускимбаев Самал Кесметова жоголуп кеткенден бери, алар бардыгы бир үйдө баш калкалап жатышкандыгына токтолду:

- Эми балдар үчүн ким коркпойт. Коркуп жашап жатабыз.Түндө баардыгыбыз бир үйдө жатабыз. Эшиктерди бекитебиз, терезелерди жабабыз. Жаныбызга балта,күрөк, кетмен-чот бардыгын коюп жатабыз. Эми дагы алар бир нерсе кылбасын деп. Эми ушинтип жазып, смс жөнөттүп жатышкандан кийин алардан ар нерсени күтсө болот.

Бул казакстандык качкындар Самал Кесметованын Чүй облусунун аймагынан жоголуп кеткендиги боюнча Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкандыгын айтышты. Бирок Кыргызстандын ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Бакыт Сейитов казакстандык жарандын жоголгондугу боюнча арыз менен эч ким кайрылбагандыгын тастыктады:

- Ысык-ата райондук ички иштер бөлүмүнө же Чүй облустук ички иштер башкармалыгына же башка милиция бөлүмдөрүнө аталган
фамилиядагы казакстандык жарандын жоголгондугу боюнча арыз түшкөн эмес мына ушул саатка карата.

Адистердин айтымында салафилер жана вахабилер фанаттык агым катары салттуу исламдан радикалдык багыты менен айырмаланат. Ошондой эле бул агымды тутунгандар исламда адашкандар катары мүнөздөлөт. Жергиликтүү дин таануучу Бакыт Мурзубраимов ал агымдарды ооздуктоодо күч колдонуу усулу жыйынтык бербейт деп эсептейт:

- Салафиллик менен вахабилликти так айырмалоо дагы кыйыныраак маселе. Себеби экөө бири-бирине кирип аралашып кеткен. Вахабийликтин башаты салафиликке барып такалат. Биз учурунда ошолордун бардыгы ислам экен деп кабыл ала бердик да. Бир салафи, бири вахаби экен деп анда түшүнгөң эмеспиз да. Ар кимиси өздөрүнүн очогун ар жерге куруп алгандан кийин аларды токтотуш кеч болуп калды да. Эми жарандарыбызга таза динди түшүндүрүү менен гана маселени чечсе болот. Анан камап, куугунтуктоо менен бул чечилбейт.

Бир катар КМШ өлкөлөрүндө салафиддер жана вахаббиттер мыйзамдан тышкары агым катары алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Талдоочулар бийлик органдарынын катуу каршылыгына карабастан Борбордук Азияда бул диний агымдарды жактоочулардын санынын кескин көбөйүп жаткандыгын айтышууда.
XS
SM
MD
LG