Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

Кыргызстандыктардын алды кийинки аптада Меккеге аттанат. Бийлик ажылыкка барчулар үчүн ойдогудай шарт жаратылгандыгын билдирүүдө. Бирок ошол эле учурда зыяратчылардын саны кескин түрдө азайгандыгы, буга түштүктөгү жаңжал таасирин тийгизгени айтылууда.

Мекеге даярсыңбы, мекендеш?

Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабы маалымдашынча, быйыл кыргызстандыктар үчүн Мекеге 4500 орун ажыратылган. Зыяратчылардын так саны келерки дүйшөмбүдө толук аныкталмакчы.

Ошентсе да ыйык сапарга аттангандардын чыгымдары былтыркы жылга салыштырганда кыйла азайтылып, аларга жалпы жонунан ойдогудай шарт жаратылды. Республикалык штабдын мүчөсү, дин боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Болотбек Абдырахманов буларды айтат:

- Зыяратчылардын коопсуздугун камсыз этүүнү, унаа маселесин жайгарууну, визасын эртелетүүнү өкмөт өзү такай көзөмөлдөп атат. Былтыркы чыгымдар кыйла жогору эле. Мисалы, 2400 доллар жана 1500 сом көптүк кылчу. Быйыл ал 2200 долларга, 1000 сомго түшүрүлдү. Бул накта жеңилдик эмей эмне? Бул сапар бардыгы учак менен барат. Мында проблема болбойт. Бизге ыйгарылган квоталар толбосо да, Мекеге Кыргызстандын гана жарандарын жөнөтөбүз. Башка мамлекеттердин кишилери бизге кошула албайт.

Мындан тышкары зыяратчыларды төрт адистен турган медициналык топ такай коштоп жүрөрү күтүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов:

- Ага чейин зыяратчылар бүт вакцинациялоодон өтүшү абзел. Бардык облустарда жана шаарларда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун алкагында атайын штабдар уюштурулган. Менингитке каршы эмдөө бекер жасалат. Анткени анын дарыларын Сауд Аравия гуманитардык жардам иретинде жөнөткөн. Мындан тышкары сарык жана полиомиелит ооруларына каршы эмдөө да жүргүзүлүүдө.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өлкө боюнча эки миң мусулман ажылыкка барарын билдиришкен. Бирок алардын жүз он жетисине гана коркунучтуу ооруларга каршы эмдөө жүргүзүлгөн. Калгандары тийиштүү медициналык мекемелерге эмдигиче кайрылыша элек.

Бөлүштүрүлгөн квотага ылайык, Бишкек шаарына – 400, Чуй облусуна – 1000, Нарын облусуна – 50, Талас облусуна – 50, Ысык-Көл облусуна – 100, Ош шаарына – 300, Ош облусуна – 1100, Жалал-Абад облусуна – 1100, Баткен облусуна 400 орун ажыратылган. Анткен менен түштүк аймактарында зыяратчылардын саны кескин түрдө азайгандыгы, буга июндагы жаңжалдын кесепети тийгендиги айтылууда. Муфтийдин орун басары Убайдулла Сарыбаев:

- Ошол каргашалуу окуядан көп адамдар запкы жеди. Былтыркыга салыштырмалуу жол кире, тамак-аш арзандады, ошого карабастан каалоочулардын саны аз болуп атат. Эми болушунча чогултабыз да. Квотаны толтуруу максат эмес. Башка нерсе башыбызды оорутууда. Мына бул эски паспортторду Сауд Аравия жаратпай, жаңы үлгүсүн талап кылууда. Ушул жагынан абдан кыйналып атабыз. Өкмөт тиешелүу органдар аркылуу паспортторубузду бир күн ичинде бүткөрүп берүүгө жардамдашпаса абал чындап чатак.

Ажылык бизнеспи?

Укук коргоочу Акин Токталиев ажылыкты уюштуруунун Өкмөткө жүктөлүшү жемкорлукка кайрадан жол ачты деп эсептейт:

- Беш парыздын бирин мусулмандар өздөрү аткарууга милдеткер. Бирок биздин атеисттер акчага азгырылып, тандоону өздөрү жүргүзүшүүдө. Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаев бул ишке тикеден тике кийлигишип жатат. Себеби ажыга аттангандардан эптүү эмес акча түшөт. Мисалы, бир түшкөндө он миллион сом жөн эле түшөт. Андан сырткары Кыргызстанга бөлүнгөн 4500 орундун эки миңдейи гана араң толот. Калгандарын бийликтегилер бөлүшөт. Маселен, 500 орун президенттик администрациянын, 50 орун өкмөттүн энчисине тийет. 500 орунду Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматы бөлүшөт. Ал эми дагы 500 орун чек арачыларга, дагы 500ү тиешеси бар органдарга ыйгарылчу. Ошентип алар ашкан квоталарга чет өлкөлүктөрдү жөнөтүшчү.

Акин Токталиев бул сапар деле толбой калгандардын ордуна Тажикстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын жарандары жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Эмил Каптагаев
Президенттик администрациянын жетекчиси Эмил Каптагаев айтылган дооматтарды четке кагып, көпчүлүктүн өтүнүчүнүн негизинде тармактагы жемкорлукту тыюу максатында мекемелер аралык өкмөттүк комиссия уюшулгандыгын, аны биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев жетектеп, бардык маселелерди ачык-айкын чечип жаткандыгын билдирди:

- Роза Отунбаеванын, Эмилбек Каптагаевдин бул ишке кымындай тиешеси жок. Анан кайдагы кызыкчылык? Ал жерде ар бир кишини мекемелер аралык комиссия караштырып, бардык көйгөйлөрдү коллегиалдуу чечип жатышат. Кур дегенде ошолор айтышат эле да, “мына бизден акча талап кылып жатышат” деп.

Эмилбек Каптагаевдин баамында, жогорудагыдай жалган кептерди муфтийликке өтпөй жана ажы башчылыкка уруксат кагазын ала албай калган кишилер таратышы мүмкүн.

Бир катар адистердин пикиринде ажылыкты уюштуруудагы жаңылыштыкты оңдогонго дале мүмкүнчүлүк бар. Дин боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Каныбек Осмоналиев:

- Бул жерде квоталарды бөлүштүрүп, дин ишине мамлекеттин кийлигишкенге акысы жок. “Койчусу көп болсо, кой арам өлөт” дегендей, албетте, ажылыктагы бүгүнкүдөй башаламандык мындан ары деле тыйылбайт. Менимче, бардык жоопкерчиликти муфтийдин мойнуна илип, бардыгын анын абийирине коюш керек эле. Бүт дүйнө жүзүндө ушундай. Биз Кыргызстан жөн эле өзгөчөлөнүп атабыз.

Каныбек Осмоналиев тармактагы тартипти жөнгө салуу иретинде ажылык боюнча көз карандысыз агенттикти түзүү зарылдыгын белгиледи.

- Канчалык тез түзсөк, ошончолук жакшы болот. Ошол эле агенттиктин алдында өкмөттүн колундагы ресурстарды пайдалануунун механизмдерин ойлоп табыш керек, андан ары ажылык боюнча туристтик фирмаларды ачып, аларды туруктуу иштетүу абзел. Ошондо гана тармак оңдолот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG