Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Орусиянын укук коргоочусун Оштон чыгарып жиберишти


Орусиялык укук коргоочу Бахром Хамроев
Орусиялык укук коргоочу Бахром Хамроев

Ош шаарында орусиялык укук коргоочу Бахром Хамроев укук коргоо органдары тарабынан кармалып, улуттук коопсуздук кызматына суралып, акыры Москвага кайтарылды.

Күбөлөрдүн айтымында, орусиялык укук коргоочу Бахром Хамроев 18-ноябрь күнү саат 18.00 чамасында Ош шаарындагы «Ысык-Көл» кафесинде «Азаттык» үналгысынын өзбек кызматынын кабарчысы Шерзод Юсупов менен тамактанып чыгып баратышкан эле. Ошо маалда аларга эки милиция кызматкери жолугуп, документтерин талап кылышкан. Анан экөөнү эки тарапка бөлүп кетишкен.

Журналистти шаардык ички иштер башкармалыгында жарым саатча кармап, кое беришкен. Шерзод Юсупов Бахром Хамроевден кабар алганы чалса, телефону жооп берген эмес. Ошондуктан, кабарчы кабатырланып, бул туурасында жергиликтүү укук коргоочу Изатилла Рахматиллаевге билдирген.

Изатилла Рахматуллаев
Изатилла Рахматиллаевдин эстешинче, Бахром Хамроев жайланышкан мейманканасы суук болгондуктан, акыркы эки күндөн бери анын үйүндө түнөп жүргөн. Ошондуктан, чый-пыйы чыккан оштук укук коргоочу шаардагы бардык укук коргоо органдарын кыдырып, издеген кишисин таппай, акырында калаадагы дарексиздерди бөлүштүрүүчү жайга баратканда, жубайы чалып, үйүн атайын кызматтын өкүлдөрү кирип тинтип жатышкандыгын маалымдаган. Жетип келсе, батири аңтарып-теңтерилген. Чекисттер эч нерсени түшүндүрбөстөн, Хамроев экөөнү Ош шаардык улуттук коопсуздук комитетине алып келип, сурак жүргүзүшкөн:

-Бахром Хамроевдин сумкаларын алып келдик. Сумкасынан «Хизб-ут тахрирге» тиешелүү болгон 2 диск чыкты, анан 4 баракча, анан Ноокат окуясы боюнча материалдар чыкты. Мени башка кабинетке алып чыгып кетишти. Аны башка бөлмөгө алып калды. Айрым суроолорду тактапганы саарга чейин мени 3-4 жолу Бахром Хамроев менен жолуктурушту. Таңкы тогуз жарымда мен күнөөлү болсом адвокат чакыргыла, болбосо чыгаргыла десем, мени чыгарып жиберишти. Ошол бойдон мен Бахром Хамроевди көрбөдүм, -деди Изатилла Рахматиллаев.

Орусиялык «Мемориал» уюмунун кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдурасуловага таянып Бахром Хамроев «Азаттык» үналгысынын Оштогу кеңсесинде тутулган деген билдирүүсүн Изатилла Рахматиллаев ушундайча төгүндөдү.

Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусу жана шаары боюнча комитети орусиялык укук коргоочуну кармоонун жана суракка алуунун себептерин түшүндүрүүдөн баш тартты.

Ошол эле мезгилде жергиликтүү укук коргоочулар Бахром Хамроевдин кармалып-тинтилишин кесиптик ишмердүүлүгүнө тыгыз байланыштырышууда. Анткени Бахром Хамроев ушул жылдын 10-ноябрында Алматыдан Кыргызстанга келип, түштүк жергесинде диний көз караштары үчүн куугунтукка кабылгандар туурасында маалыматтарды топтоштуруп жүргөн. Ага дейре 20-октябрда Москва шаарындагы кыргыз элчилигин алдында адам укугун бузууларга карата нааразылык акциясын уюштурган:

-Албетте, кесиптик ишмердигине байланыштуу деп эсептейм. Себеби Кыргызстандын аймагында хулиганчылык, же башка мыйзам бузууларды жасаган жок. Өзүнө тиешелү гана милдетти аткарып жүрдү, - деди «Мыйзам жана тартип» укук коргоо борборунун башчысы Изатилла Рахматиллаев.

Акыркы маалыматтарга караганда, Бахром Хамроев бүгүн Ош-Москва авиа каттамы менен Мекенине кайтарылгандыгы айтылууда. Муну «Мемориал» укук коргоо борборунун директору Виталий Пономарев да ырастады.

Бирок оштук бейөкмөт уюмдар кыргыз чекисттеринин кылыгын адам укугун чектеген жорук, дүйнөлүк коомчулук астында бет чымыраткан иш катары баалашууда. «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун жетекчиси Равшан Гапировдун баамында, орусиялык укук коргоочуну артына кайтаруу аркылуу Кыргызстан демократиялык нуктан тайыгандыгын дагы бир ирет айгинеледи:

-Депортация кылдыбы коомчулукка билдириш керек, эмне үчүн бандиттер жүрөт. Укук коргоочу биздин мамлекетибизде укук бузууларды, өкмөттүк органдар тарабынан кылынып аткан мыйзамсыз иштерди алар бүтүн дүйнө коомчулугуна жарыя салбасын, бул жерде жүрбөсүн, биздин иштерибизди көрбөсүн деген сөз.

Бахром Хамроев 42 жашта. Өзбекстандын Бухара облусуна караштуу Гиздубан районунда туулган. 1992-жылы жеке көз караштары үчүн куугунтукталып, Москва шаарына көчүп кеткен. Учурда Орусиянын жараны, «Мемориал» уюмунун мүчөсү, Борбор Азиянын саясий эмигранттары коомун жетектейт.

XS
SM
MD
LG