Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Балдардагы нышандык же балдардын ар кандай тубаса кемтиктер менен төрөлүшү союз учурунда бир калыпта акырындык менен өсүп келген болсо, соңку 10 жылда өтө тез темп менен өсүүдө жана акыркы 5 жылда Кыргызстанда балдардын тубаса жетишпестиктер менен төрөлүшү 30 пайызга өскөн.

Бишкектеги №3 Балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Өмүрбековдун белгилешинче, наристелердин жүлүнүнүн сыртта жайгашып төрөлүшү, көтөн чучугунун, кызыл өңгөчүнүн, ичегилеринин бүтүн болуп туулушу жана мээге кан уюп төрөлүү өтө көп кездешип жатат:

- Бир күндө эле эки-үч нышан болуп төрөлгөн балага операция жасалат биздин борбордо. Ар күнүбүз операциясыз өтпөйт. Нышандыкты биз азыр этап-этап менен операциялап калдык. Андыктан этаптык биринчи операцияны бала төрөлөр замат жасайбыз. Илгерки заманда нышан балдар аз кездешчү экен. Азыр болсо аялдар жугуштуу жыныстык дарттар менен көп ооруп жатышат. Бул курсактагы балага залалын тийгизип жатат. Ар кандай кемтиктерден балдардын өлүмү да жогору болуп жатат.

Дарыгерлердин айтымында, балдардын нышан болуп туулушунун эң башкы жана негизги себеби – энелердин ар кандай жыныстык жугуштуу дарттар менен оорушу жана дарыгерлерге көрүнбөй, дарыланбай жүрө бериши.

Бишкектеги Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин доктору профессор Камчыбек Узакбаевдин изилдөөлөрдүн жыйынтыгын белгилешинче, аталган борборго оорукчал балдары менен катталган кош бойлуу аялдардын 30 пайызы гана төрөгөнгө чейин дарыгерлерге барып көрүнүп жүргөн болбосо, 70 пайызы толгоо келген маалда гана төрөш үчүн төрөтканаларга барышкан:

- Айрыкча өткөн жылы балдардын өлүмүнүн көп пайызы ушул нышан болуп төрөлгөн балдардын арасында болду.

Эгер аялдар кош бойлуулуктун алгачкы айларында эле дароо дарыгерлерге көрүнсө балдардын нышан болуп туулушунун алдын алууга болор эле. Жыныстык жол менен жугуучу дарттардын балдардын нышан болуп туулушуна түздөн түз таасир этишинин себеби – бул жерде вирустар плацентардык барьерден же болбосо түйүлдүктү каптап, коргоп турган тоңдон өтүп кетип, келечектеги балага зыянын түз тийгизгендигинде.

Профессор Талант Өмүрбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, кош бойлуулардын 5 гана пайызы дарыгерлерге алгачкы айларда кайрылат, андыктан балага алдын ала кам көрүү, жагымсыз жагдайлардан сактануу өңдүү профилактикалык иштер Кыргызстанда, дегеле Борбордук Азияда жакшы жолго коюлган эмес:

- Балалуу болгусу келген аялдар алдын ала дарыгерге көрүнүшү керек. Оорусу болсо дарыланып, анан балалуу болуу пландарын коюш керек. Бизде андай болбой жатпайбы. Статистикалык маалымат боюнча аялдардын 5 пайызы гана алдын ала көрүнөт экен. 95 пайызы бала боюна бүткөндөн кийин, көпчүлүгү төрөөр мезгил келгенде гана дарыгерге барышат.

Талант Өмүрбеков жетектеген №3 Балдар клиникалык ооруканасынын хиругдар тобу айрыкча соңку 10 жылда жогоруда белгиленген балдардын тубаса кемтик дарттарын иликтеп, себептерин изилдеп отуруп, бул дарттарды операция жолу менен жоюунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгышты. Бул ыкмалардын негизинде нышан болуп туулуп, өлүм коркунучунда турган балдардын көпчүлүгүн сактап калууга мүмкүнчүлүк ачылды:

- Жаңы ыкмалардын негизинде жаңы операцияларды киргиздик. Борборубузда жаш окумуштуулар өсүп чыкты. Биз биргелешип ишке киргизген операциялардын негизинде азыр жанагы көтөн чучугу туюк туулган балдардан бирөө да чарчап калбайт. Мурда мындай балдардын 15 пайызын гана аман алып калчубуз, 75 пайызы чарчап калчу.

Албетте балдардын нышан болуп, тубаса кемтиктер менен төрөлүшү аймактарда жогору. Биринчиден, балдардын нышан болуп туулушуна жана андан ары майып болуп калышына аймактардагы дээрлик көпчүлүк аялдардын төрөгүчө гинекологго көрүнбөгөнү себеп болсо, экинчиден, айылдарда жогорку кесипкөйлүктөгү балдар дарыгерлеринин негизинен жоктугу.

Ал эми аймактагы дарыгерлердин көпчүлүгү балдардын дарттарын туура аныктай да алышпайт. Диагноз учурунда туура коюлбаса, дарылоо учурунда жүрбөй, балдардын майып болуп калуу коркунучу жогору болууда.

Андыктан дарыгерлер энелерге, кош бойлуулуктун алгачкы айынан баштап гинекологдорго көрүнүүнү эскертишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG