Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

1-декабрь – СПИДке каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Өлкөдө ВИЧ СПИДге кабылгандардын расмий эсеби 1-ноябрга карай 1931 адамга жетти. Бул эсеп чындыгында мындан алда канча көп болушу мүмкүн.

Кыргызстанда буга чейин бул дартка кабылуу көбүрөөк баңгиликтен улам келип чыгып жаткан болсо, кийинки учурда жыныстык жол менен да көп жайыла баштады.

Республикалык СПИД борборунун директорунун орунбасары Айгүл Исмаилова ВИЧ СПИДге карата Кыргызстандагы соңку маалыматтарды мындайча келтирди:

-Быйылкы жылдын 1-ноябрына Кыргызстанда ВИЧ СПИДге кабылгандардын ырасмий эсеби 1931 адамга жетти. Ал эми иш жүзүндө катталбай жүргөндөрдү кошкондо ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандардын саны төрт жарым-беш жарым миңди түзөт. Буга карата бизде атайын изилдөө бар.

Ош, Жалал-Абат аймактарында бул дарт тездик менен өсүүдө жана аялдар, балдар арасында да көп болуп жатат.

Ош аймактык “Анти СПИД” борборунун баш дарыгери Түгөлбай Мамаев бул дарт боюнча Ош облусундагы абалга токтолду:

- Ош шаары боюнча 441 адам ооруйт бул дарт менен. Бул жалпы Кыргызстанда ВИЧ СПИДге кабылгандардын отуз пайызын түзөт. Ал эми Ош облусунда 285 адам, бул жалпы республиканын 19 пайызын түзөт. Облуста бул дарт менен катталгандардын 80 пайызын баңгилер түзүүдө. Ош шаарында жана Ош облусунда илдетке чалдыккан аялдардын саны 131ге, балдардын саны 69 га жетти. Булардын көбү негизинен Ноокатта. Медицина кызматкерлеринин арасынан төртөөнөн ВИЧ инфекциясы чыкты.

Ош облусунда ВИЧ СПИДдин жайылып баратышына көбүн эсе баңгилик, медициналык эмдөөлөр себеп болуп жатса, Жалал-Абад облусунда сойкулардын көбөйүшү көбүрөөк себеп болууда. Жалал-Абатта бул дартка кабылгандардын 60 пайызы ийне аркылуу жуктурса – алардын ичинде басымдуулары баңгилер, 40 пайызы жыныстык жол менен жуктуруп алышкандар.

Жалал-Абад облусунун СПИД менен күрөшүү борборунун башчысы Абдулла Жакыпов ВИЧ СПИДдин аялдар арасында өсүп баратышынын коркунучтуулугун мындайча белгилейт:

-Бизди өтө чоочулатып жаткан нерсе – ВИЧ СПИДдин аялдар арасында өсүп баратышы. Облуста бул дартка кабылгандардын 43 пайызын кыз-келиндер түзүүдө. Булар эми эртеңки энелер эмес беле... Кийинки убакта кыз балдар менен ата-энелер көп иштешпей калгандыктан, ушундай болуп жатат го деп ойлойм.

Ырасмий маалыматтарга караганда, аялдар арасында ВИЧ СПИДдин ачыкка чыгышына аялдардын өздөрүнүн дарыгерлерге текшерилүүгө кайрылуусу себеп болгон. Ал эми эркектер негизинен СПИД илдетин жугузуп алган аялдар аркылуу жана баңгиликтен улам ачыкка чыгышууда. Ал эми жаш балдарга бул оору ийне аркылуу жана оорулуу энеден жугууда.

Адистердин изилдөөсүндө, өзгөчө айылдык карапайым адамдардын, айылдык жаштардын ВИЧ СПИД илдети тууралу, андан сактануунун жолдору жөнүндө маалыматтары кеңири эмес.

ВИЧ СПИД илдети менен күрөшүүгө учурда көп тармактар тартылып келет. Анын баңгилик жол менен жугушун азайтуу максаты менен Кыргызстанда Борбордук Азияда биринчи жолу метадон терапиясы иштеп келатат.

Республикалык СПИД борборунун директорунун орунбасары Айгүл Исмаилова бул жугуштуу дарттын кийинки учурда жыныстык жол менен көп таралып атканын белгиледи:

-Учурда баңгилик жолу менен ийне аркылуу жугузуп алгандардын саны азайып, тилекке каршы жыныстык жол менен жугузуп алгандардын катары өсүүдө. Ошондой эле ВИЧ СПИДдин энеден балага жугуу жолу 2001-жылдан бери былтыркы жылга чейин эки жолу катталган болсо, кийинки убакта мындай көрүнүш дагы башталды. Кыргызстанда ВИЧ СПИДге учурагандардын 1 пайызын аталган дарт оорулуу энелерден өткөн наристелер түзөт.

1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүү күнүнөн тарта Кыргызстанда бул илдетке каршы күрөшүүнүн бир айлыгы башталат. Бул күн Бишкекте атайын жүрүштөр менен белгиленет.

Мындай жүрүштү уюштуруунун башкы максаты – ВИЧ СПИД дин коркунучтуулугуна жана андан этият болууга элдин көңүлүн буруу дейт, СПИД борборунун директорунун орунбасары Айгүл Исмаилова:

-ВИЧ СПИД тууралуу массалык маалымат каражаттары жакшы иш алып барып жатат бүгүнкү күндө. Ошентсе да мунун залалы тууралу кулакка угулуп, көзгө көрүнүп тура турган иш-чараларды уюштуруу таасирлүү.

XS
SM
MD
LG