Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Айрым эксперттердин билдирүүсүндө, акыркы мезгилде өлкөгө генетикалык модификацияланган организмдерди импорттоо көбөйүүдө. Серепчилер андай продукция адамдын ден-соолугу үчүн зыяндуу экенин, андыктан аны алып келүүгө тыюу салуу керектигин айтышууда.

1970-жылдары окумуштуулар айыл-чарба продукциясынын айрым касиеттерин өзгөртүү менен анын ысык-суукка чыдамдуулугун жогорулатып, сырткы көрүнүшүн жакшыртса болоорун изилдеп чыгышкан. Мисалы, кадимки эле картошкага балыктын ДНКсын кошуп койсо, картошканын суукка чыдамдуулугу артып, аны курт-кумурскалар дагы жебей калышат. Ошондон тарта генетикалык жактан өзгөргөн продукцияны колдонуу барган сайын көбөйүүдө. Бирок айрым окумуштуулардын айтымында, мындай өзгөрүүгө дуушар болгон организмдер адамдын ден-соолугу үчүн заян. Андыктан кээ бир мамлекеттер андай товарларды өз өлкөсүнө киргизүүгө тыюу салган.

Кыргызстанда генетикалык жактан өзгөргөн продукцияны санитардык-эпидемиологиялык кызматы текшерет. Аталган кызматтын жетекечиси Калия Касымбекованын айтымында, генетикалык модификацияланган организмдер жергиликтүү продукциялардын ичинен да табылып жатат:

- Биздин кызматкерлер тарабынан жылына сексендей текшерүү жүргүзүлөт. Эгерде мурда генетикалык модификацияланган организмдер сырттан ташылат деп келсек, акыркы мезгилде алар жергиликтүү продукциядан дагы табылып жатат. Мисалы айрым колбаса, консерваларга генетикалык модификацияланган соя өңдүү заттар кошулат экен, анан жыйынтыгында даяр продукция дагы зыяндуу болуп калат.

Калия айымдын айтымында, ал жетектеген кызмат зыяндуу азык-түлүктү сатууга тыюу салуу укугуна ээ эмес. Андыктан дүкөн, базарларда генетикалык жактан өзгөргөн товарлар көбөйгөндөн көбөйүүдө.

Генетикалык жактан өзгөргөн продукция боюнча адис Михаил Матвиенко мунун айынан жергиликтүү дыйкандар жабыр тартып атышканын айтат:

- Аталган продукцияны негизинен Аргентина, АКШ, Кытай өңдүү мамлекеттер импорттошот. Бирок мындан жергиликтүү дыйкандар жабыр тартып атышат. Анткени кардарлар формасы жана өлчөмү менен көз жоосун алган мөмө-жемиштерге качырып атышпайбы. Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба продукциясы экологиялык жактан таза болгону менен чет элдик продукция менен атаандаша албай жатат. Мындай абалды оңдоо үчүн мыйзамдык база иштеп чыгуу керек.

Базарда сатуучу болуп иштеген Бакыттын айтымында, чет элден келген жер-жемиштердин “сырты жалтырак, ичи калтырак”. Бирок ага карабай, алар жакшы өтөт:

- Чет өлкөлөрдөн келген мөмө-жемиштерди жергиликтүү продукция менен салыштырып болбойт. Четтен алынып келинген жер-жемиш оңой менен бузулбайт, жакшынакай, бирок даамсыз. Мисалы, Кытайдан келген помидорлор айлап деле сонун бойдон тура берет, бирок жесең жөн эле кагаз жегендей болосуң. Менин угушума Караганда, аларды зыяндуу заттар менен иштетип коет.

Сөз болуп жаткан зыяндуу продукцияны өлкөгө алып келүүгө тыюу салуу аракети былтыр жасалган. Бир нече депутаттар “Адамдын ден-соолугуна зыян алып келчү уулуу, химиялык заттар сакталган тамак-ашты Кыргызстанга алып киргүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзамды иштеп чыгышкан. Алардын бири - Динара Исаеванын айтымында, учурда бул маселе алдыга жылган жок:

- Ооба, биз ошол маселени көтөрүп чыкканбыз. Бирок, тилекке каршы, ушул тапта бул иш токтоп калды. Анткени биздин бажыканаларда импорттолгон продукцияда зыяндуу заттар бар экенин аныктоочу жабдуу жок болуп атат. Ал жабдууларды кайдан сатып алуу керек, андай текшерүүнү кайсы кызматка жүктөө керектигин чечүү зарыл.

Динара айымдын айтымында, тез арада жогорудагы маселени чечүү керек. Анткени калк зыяндуу эмес, таза, сапаттуу жергиликтүү продукцияны колдонушу зарыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG