Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

Чочко ылаңынын экинчи толкуну февралда күтүлүүдө. Быйыл Бишкекте кокустан өлүмгө алып барчу жүрөк дарты жана Кыргызстанда трансплантологияны өнүктүрүүгө арналган эл аралык эки ири форум өтөт. Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын саны өсүүдө.

2009-жылдын 31-декабрына карата берилген расмий маалымат боюнча чочко ылаңы менен Кыргызстанда 288 адам катталды. Алардын бардыгы сакайып, өлүмгө учурагандар болгон жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн жетекчиси Абдыкадыр Жороевдин айтымында, чочко ылаңынын экинчи толкуну февралда күтүлүүдө:

- Дүйнөлүк практикада чочко ылаңынын толкуну бир айдан экинчи айга жылып турат. Биз азыр бул дарт токтоп калды деп тынч алып калган жокпуз. Учурда кайрадан республиканын бардык ооруканаларына чочко ылаңына тийиштүү дарыларды берип, дарыгерлерди окутуп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

- Вакцина 2009-жылдын ноябрь айынан бери эле күтүлүүдө. Качан келет?

- Ооба, кечигип жатат. Биз вакцинаны Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу менен гана алалабыз. Ошондуктан анын Кыргызстанга келиши январдын аягына же февралдын башына күтүлүүдө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанга биринчи этапта 108 миң доза вакцина келет.

- Эгер непаада чочко ылаңына кабылгандар болуп калса, "Тамифлю" дарысы сиздерде барбы?

- Ооба, учурда бизде 38 миң курска жете турган "Тамифлю" дарысы бар. Мындайча айтканда, чочко ылаңына кабылган 46 миң оорулууну толук дарылай турган каражаттар бар. Бул каражаттар республиканын бардык аймактарына бөлүштүрүлүп таркатылды.


Жүрөктү сактайлы!

Бишкектеги жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борборунун директору, профессор Калдарбек Абдрамановдун айтымында, быйыл Бишкекте жүрөк дартынын проблемаларына арналган эки ири форум өтөт. Форумдун ишине Орусиянын Жүрөк хирургиясы институтунун директору, академик Лео Бокерия да катышарын билдирген.

Форумдун башкы максаты – Кыргызстанда жалпы өлүмдүн жарымын түзгөн жүрөк дарттарын азайтуу жана Кыргыз кардиохирургиясын жакшыртуу. Калдарбек Абдраманов "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Быйыл биздин планда эки ири эл аралык форумду өткөрүү турат. Бири – жүрөк дартынан кокустан келип чыккан өлүм проблемасы жана Кыргызстанда трансплантология кызматын өнүктүрүү маселеси. Форумдарда биз ушул маселелерди дүйнөлүк окумуштуулар менен талкуулап, алардан жардам алуу жолдорун да иштеп жатабыз.


Баланын саламаттыгы - эненин колунда

Акыркы он жылда дүйнө жүзү боюнча ара төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Кыргызстанда да айына жетпей, салмагы 2500 граммга чейин төрөлгөн наристелер көп болууда. Буга болочоктогу энелердин ден-соолугунун начардыгы, жугуштуу оорулар менен көп оорушу, туура эмес тамактануу, ички миграциянын өсүшү, ошондой эле экологиянын бузулуусу себеп.

Шаардык Перинаталдык борбордун ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Аида Кулубаева буларды айтат:

- Жылдан жылга ара төрөлгөн балдардын саны көбөйүп баратат. Мунун себеби кош бойлуу кыз-келиндер бейтапканага өз учурунда каттоого турбайт. Өз ден-соолугуна карабагандыктан, аялдардын кан басымы көтөрүлүп кетүүдө.

Айзада аттуу айым ушу тапта аталган борбордо жатат. Анын баласы 7 айлык болуп төрөлгөн:

- Үч күн бою балам вакуумда жатты. Бүгүн өзүмө беришти, азыр эмизип баштадым. Кудай буйруса кичине торолуп калды.

Өзгөчө 18-20, же 35 жаш курактан кийинки айымдардын арасында балдары айына жетпей төрөлүү көп катталууда. Ошондой эле бойдон алдыруу да, кийинки наристелердин ара төрөлүшүн шарттайт. Ал эми жашы 18ге жете элек кыздардын арасында да боюна бүтүп, каттоого турбай ооруканага кайрылгандар жок эмес, дейт шаардык Перинаталдык борбордун кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Алина Исакова:

- 18 жаштан балалуу болуу туура эле деп эсептелинет эмеспи. Ага чейинки жаштар бар, жок эмес. Алардын көбү учурунда ооруканага кайрылган эмес, же ата-энеси билген эмес, ошолордун көбүнүн балдары ара төрөлөт. Андан тышкары шаарга айылдардан келген айымдар каттоого турушпайт, дарыланбайт. Оор абалда келишет.

Жети айлык балдардын салмагы 1 килограммдан 2 жарым килограммга чейин болот. Көпчүлүк учурда болочоктогу энелердин ден соолугунун начардыгы, алардын психикалык жаракат алышы, айрымдарынын боюна бүткөн учурда тамеки тартып, же спирт ичимдиктерин колдонушунан улам да ара төрөлгөн балдардын саны өсүүдө дешет адистер. Аида Кулубаева буларды белгиледи:

- Кош бойлуу аялдын жатын инфекциясы болсо, ал балага өтөт. Болбосо сасык тумоо болуп ооруп калса, ошондой эле кан аздуулук да баланын айына жетпей төрөлүшүнө алып келет. Мындайда бала өпкөсү, жүрөгү, териси, булчуң эттери жакшы өнүгө электе төрөлөт. Ошондон улам балага аба жетпей кыйналып төрөлөт.

Ара төрөлгөн наристелердин дем алуу, аш-казан, ичеги-карын органдары жетилбегендиктен, аларды дарыгерлер бир канча күн атайын вакуумда багышат. Педиатр Сапар Ашакеев мындай балдарды жакшы багуу керек дейт:

- Ара төрөлгөн балдарды төрөлгөндөн кийин жакшы караса алар жакшы өсүп, өнүгүп кетет. Биздин медицина жетишкен, аларды жакшы дарылап кетсе болот. Кыргызда "жети айлык баланы калпакка салып чоңойткон" деген сөз бар.

Айына жетпей, салмагы аз болуп төрөлгөн наристелер алсыз болгондуктан алар узак убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Ара төрөлгөн балдардын көпчүлүгү жакшы чоңойгону менен, алардын ичинде ар кандай ооруларга дуушар болуп калгандар да аз эмес, деди дарыгер Аида Кулубаева:

- Биздин ооруканадан балдар чыккандан кийин, биз үй-бүлөлүк дарыгерлерге өткөрүп беребиз. Алар үйлөрүнө барып карашат. Кээ бир балдар жакшынакай болуп өсүп кетет, ал эми айрымдары ооруулу болуп калат. Биз үч жыл мурун 900 грамм төрөлгөн баланы чыгарган элек ооруканадан. Ал али баса элек экен, көзү да жакшы көрбөйт экен. Мына ушундай балдар болуп жатат.

Ара төрөлүүнү алдын-алууда адис айымдарга мындай кеңеш берилет:

- Ар бир ата-эне үй-бүлөнү пландаштырышы керек. Аялзаты баланы ойлошу керек, "убактысына чейин жакшы көтөрүп, анан төрөйүн" деп. Ал үчүн каттоого өз учурунда турушу керек. Катоого турганда дарыгерлер анализ алат, каны аз болсо канын көбөйтө турган дары-дармек берет, кан басымы туура эмес болсо, аны ылайкташтырып дарылайт. Андан тышкары кош бойлуу айымдар туура тамактанып, туура көнүгүүлөрдү жасап, өзүн жакшы карашы керек.

XS
SM
MD
LG