Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Адамдын денесине чыккан сөөлдүн зыяны барбы? Гайморит же мурундун бүтүшү өнөкөткө айланып, ириңди пайда кылышы мүмкүн.

26-январда Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн жыйында 2008-2009-жылдары бул тармакта кетирилген бир топ кемчиликтер талкууланды.

Жыйында вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова 2004-жылдан бери саламаттык сактоо тармагында жүрүп келаткан реформанын жыйынтыктарын чыгарып, ошого жараша өзгөртүүлөрдү да киргизүү зарыл болгонун белгиледи.

Министр Т.Калимбетованын айтымында, саламаттык сактоонун айрым тармактарында акча каражаттар туура эмес жумшалууда:

- Кыргызстанда кургак учукка каршы 28 диспансер иштейт. Кургак учук абдан жугуштуу жана коркунучтуу дарт. Ошол эле учурда кургак учукту айыктырса болот. Бул тармакка бөлүнгөн акчанын 80 пайызы ооруканаларды оңдоого, коммуналдык төлөмдөргө кетип, 20 пайызы гана оорулууларга жумшалып жатат. Биз жакын арада кургак учук боюнча ооруканалардын бардыгын текшерип чыгабыз.

Айрыкча аялдардын, балдардын өлүмүнүн саны өсүп кеткендигине байланыштуу маселе өкмөттө, Жогорку Кеңеште талкууга алынып, кош бойлуу аялдардын өлүмү боюнча тергөө иштери учурда да жүрүүдө.


Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Бүмайрам Мамасеитова өзгөчө элет аймактарында адистердин билиминин төмөндүгүн айтып, аларды кыскартуу сунушу менен кайрылды. Себеби Бишкектеги медициналык борборлорго кайрылып жаткан бейтаптардын көбү элеттиктер болуп жатат. Ал бейтаптар дарттары таптакыр өтүшүп кеткенден кийин келишүүдө:

Айлык төмөн, талап жогору

- Ар кандай дартты туура дарылоо – диагноздун туура коюлушуна жараша жүрөт. Бул эң маанилүү. Айылдардан келген оорулууларга алгачкы дарылоо да ошол айылдык, аймактык дарыгерлер тарабынан жүргүзүлөт. Алар көбүнчө туура эмес диагноз коюп, туура эмес дарылашкандан улам, Бишкекке кишилер оорулары абдан өтүшүп келишүүдө. Туура эмес дарыланганы бул жакка келгенден кийин билинип жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн жыйында вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова дарыгерлердин айлык маянасынын аздыгын да белгилеп, бул маселе жарым жыл ичинде караларын айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиеванын айтымында, Кыргызстанда айына 3-4 миң сом тапкан дарыгерлер оорулуулардан акча албай коюшу мүмкүн эмес. Депутаттын белгилешинче, бул зарылдыктан улам келип чыккан көрүнүш:

- Эгер дарыгерлердин айлык маянасын өкмөт 20 миң сомго көтөрсө, ошондо биз дарыгерлерди элден акча алып жатканын айтып, айыптасак болот. Оорулуу чын дилинен берген акчаны алып атышат. Алардын да бала-чакасы бар да. Бүгүнкү күндө 3-4 миң сом айлык менен жашоо мүмкүн эмес. Дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүш керек.


Сөөлдүн канчалык коркунучтуу болгонун билесизби?

Адамдын саламаттыгы үчүн коркунучтуу деп саналган шишик, томук, жара жана дагы башкаларга караганда, кишинин денесиндеги сөөл тууралуу көп сөз кылбайбыз. Балким сөөлдүн ден соолукка зыяны аз деген мааниде ушундай мамиле болуп келсе керек.

Сөөл адам денесинин туш келди жеринде пайда болору айкын. Кийинки кездери айрыкча моюндун сөөлү менен кайрылгандар көбөйдү.

Адамдын ден соолугуна сөөлдүн тийгизген залалы жана анын пайда болушу илимий негизде аныкталган эмес. Мындан бир канча жыл мурдагыга салыштырганда кийинки учурларда сөөл жарасы менен жабыркап жүргөндөрдү көп учуратууга болот. Онкологиялык оорукананын дарыгери Абди Мырзаев буларды айтат:

- Соңку жылдары экологияда кескин өзгөрүүлөр болуп жатканын атайын адистер айтып эле жатышат. Себеби сөөл жарасы жугуштуу мүнөзгө ээ болгондуктан, миграциянын күчөшү да себеп дейт элем.

Абди Мырзаевдин айтымында, сөөл түзүлүшү боюнча бүртүкчө сыяктуу окшош болгону менен көлөмү жагынан чоң, кичине же майда болуп бөлүнөт. Дарыгерлердин сөзүнөн кийин сөөл жарасы менен жабыркап жүргөн бир айым мындай дейт:

- Сол көзүмдүн жанына пайда болгон сөөлгө көп болуп калды. Азыр эмнегедир чоңойгонсуп, сөөлдүн айланасы кычышып, тынчымды алат. Эмнеден пайда болгонун билбейм. Бычак тийгизип кестирип салгандан корком.

Айымдын айтымында, анын сол көзүнүн жанына пайда болгон сөөл адегенде тырмагандан пайда болгонун боолголойт. Алгачкы көлөмүнө караганда чоңоюп баратат дейт. Анан да буудайдан чоң болуп, түп жагы ичкерип териге жабышкан абалда илинип тургандай көрүнүштү берет.

Тери оорулар боюнча алектенген адистердин айтымында, сөөлдүн пайда болорун алдын ала билүү кыйын.

Бетке чыккан сөөл оорутпаганы менен бетке жабышкан бүртүкчө колго урунуп же бет келбетине терс таасирин тийгизип турары маалым. Кантсе да сөөл жугуштуу илдетке кирет экен. Аны туш келди үзүп салуу туура эместигин белгилеп, сөөлдү хирургиялык жол менен кесип салууну чакан операция деп аташат. Дарыгерлердин айтымында, ал үч түр менен жасалып, сөөлдөн сактануунун жолу - тазалык. Сөөл адам өмүрү үчүн коопсуз.


Сасык тумоонун кесепети - гайморит

Гайморит - көбүнесе кыш мезгилинде сасык тумоодон же суук тийгенден улам пайда болот. Гайморит болгон адамдын мурунундагы кеңилжээрлерге суу толуп, тешикчелер бүтөлүп калат да, анан ал ириңге айланат. Бул ооруну курч кармаган мезгилинде дарылабаса, ал өнөкөткө айланып кетет. Ал эми оору өтүшүп кеткен учурда ириң мээге чаап кетүү коркунучу бар.

Эгерде сасык тумоо эки аптадан ашык созулса, гайморит, башкача айтканда мурун көңдөйүнүн сезгенүүсүнө кабылып калуу коркунучу бар. Суукка урунганда мурун чел кабыгы көөп, кан тамырлар ичкерет.

Республикалык оорукананын Кулак, мурун, тамак бөлүмүнүн дарыгери Жолчубек Жумабеков гаймортти дарылоо жолдоруна токтолот:

- Биз алгач антибиотиктер, мурундун ичине куя турган суюктуктар менен дарылайбыз. Албетте булар жардам берет. Жардам бербей калган учурларда операция жасоого туура келет. Бирок өнөкөт болуп кеткенде ал толугу менен айыкпайт.

Гайморит курч кармаганда мурундун бир тараптуу бүтүүсү, былжырлуу суюктук же ириңдин бөлүнүп чыгуусу, жыт билүүнүн начарлоосу же такыр жоголуусу байкалат. Ошондой эле жаак, же чеке көңдөйү ооруп, денесинин табы көтөрүлөт. Көпчүлүк адамдар мындай учурда үй шартында дарыланып, мурунга куйуучу суюктуктарды колдонушат. Жолчубек Жумабековдун айтымында, аларды ашыкча колдонуу зыян:

- Мурунга куя турган "Натифизин" сыяктуу дарылар бар. Аны ашыкча, туура эмес колдонсо анын терс жактары бар. Ошондуктан аны дарыгердин көрсөтмөсү менен колдонуу керек.

18 жаштагы Асел гайморит оорусуна эки жыл мурун кабылган. Ал жылына бир жолу ооруканага жатып дарыланып турарын айтат:

- Мен гайморит болуп ооруганыма эки жыл болду. Көзүм, мурдум ооруп башталган. Ооруканага жыл сайын жатып турам. Сасык тумоо болуп ооруганда мурдум бүтөлөт да, сасык тумоодон айыксам да мурдум ачылбайт, башым ооруйт. Ошол себептүү ооруканга кайрылып турам. Азыр мурдумду тешип, ириңди сордурдум. Гайморит болгондо кулагым да ооруйт. Меники өнөкөт болуп калды.

Гайморит мурун аркылуу кулакка, тамакка өтөт. Өнөкөт гайморитти дарыгерлер пункция менен тештирип, ириңди тазалашат. Ал эми айрымдар өз убагында адистерге кайрылбай, өтүштүрүп жиберген учурлар аз эмес. Бул дартты алдын албаса, анын коркунучтуу экендигин дарыгер Жолчубек Жумабеков белгиледи:

-Мурундун көңдөйчөлөрүндө ириң болгондон кийин өтүшүп кетсе көзгө берилет, бет шишип чыгат, денеси өтө ысыйт, башы ооруганы күчөйт, көрүүсү начарлайт. Анан ириң мээге кетсе кабыкчаларына өтөт, мээнин өзүнө өтөт, анда оорулуунун акыбалы өтө начарлай баштайт.

Ошондой эле дарыгер мурун көңдөйүнүн сезгенүүсүн алдын-алууда “Азаттыктын” угармандарына мындай кеңешин берет:

-Сууктан сактаныш керек, өзгөчө буттан суук албаш керек. Сасык тумоого чалдыгып, биринчи симптому - мурду бүтүп, чүчкүрүп баштаса дарыгерге кайрылуу керек. Ал эми күчөп кеткен болсо ЛОР дарыгерлерге жөнөтүшөт. Анан ар бир оорулунун акыбалына карап дарылоо жүргүзөбүз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG