Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:47

Бишкекте төрт күн өткөн “Медицина – 2010” көргөзмөсүнө 140 компания катышты. Кыргызстанда 28 миң адам кант диабети менен ооруйт. Алардын 2 миң беш жүзү инсулинди күн сайын алып турууга муктаж.

30-марттан 2-апрелге чейин Бишкектеги Тарых музейинде “Медицина – 2010” деп аталган 7-ирет өтүп жаткан медициналык дары-дармектердин, техникалык жабдыктардын жана шаймандардын эл аралык көргөзмөсү өттү.

Эки жыл илгери өткөн мындай эл аралык көргөзмөгө дүйнөлүк 50 компания катышкан болсо, бул ирээт көргөзмөгө 140 медициналык компания катышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматовдун айтымында көргөзмө жакшы жыйынтыктарды берди:

- Дүйнөдө учурда чыгып жаткан соңку медициналык дары-дармектер, техникалык жабдык-шаймандар менен биздин дарыгерлер таанышып чыкты. Көргөзмөнүн жыйынтыктары да жакшы эле болду дейм. Себеби биздин дарыгерлик борборлорубуз менен дары-дармектерди, жабдык-шаймандарды сатуу боюнча эл аралык көп компаниялар келишимдерди түзүштү.

Буга чейин 2-3 жылда бир өтүп келген мындай көргөзмө эми жыл сайын өтүп турса, соңку медициналык-техникалык жабдык-шаймандарды пайдалануудан улам, Кыргызстандын медицина тармагынын да улам жакшырышына шарт түзөт:

- Мындай көргөзмөлөр жыл сайын өтүп турса, биздин медиктерибизге эң сонун болмок. Бул иш да барып-келип эле каражатка көз каранды. Бирок биз жолдорун издеп жатабыз. Эгер мындай эл аралык медициналык көргөзмөлөр жыл сайын өтүп турганда, биздин медицина кызматкерлерибиз жылда соңку жетишкендиктер менен таанышып, кыргыз медицинасынын улам өсүшүнө да жакшы өбөлгө түзүлмөк.

Баткенде суу тартыш, жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучу күч


Баткенде жаз алды менен дарыгерлер жыйын өткөрүп, суунун, оорукана имараттарынын жетишсиздигинен ар кандай жугуштуу оруулардын коркунучу болуп калчу болсо, башка оорукана имараттарынан бөлүмдөрдү ачуу чараларын көрүшүүдө.

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Сайпидин Төрөев аймакта ар кандай жугуштуу дарттарды алдын алуу, ага даяр туруу максатында жаңы иш-чараларды бекитти. Жыйында айылдык медицина комитеттерине тынымсыз иш алып баруу эскертилди.

- Көчөлөргө, айылдык чакан топторго атайын дарыгерлер бөлүнүп, эл менен санитардык иштерди алып барып жатышат. Бизде оорулуулар үчүн имараттар жетишпегендиктен, эгер кимдир-бирөө чукул ооруп кала турган болсо, аларды кошумча бөлүмдөргө жаткыруу камы көрүлгөн.

Баткен шаарынын тургуну Улукбектин айтымында, Баткендеги ооруканаларда орундардын тартыштыгынан жана тейлөө сапатынын начардыгынан дарыланууга Тажикстандын ооруканаларына жатышат:

- Чынында шаар башкармалыгы көчөлөрдү тазалап, санитардык тазалыкты сактоо боюнча жакшы иштерди алып барууда. Менимче, Баткенге жаңы ооруканаларды салуу керек. Ооруканаларда орун-жайдын тартыштыгынан, оорулуулардын көбү Тажикстандын Исфара шаарындагы ооруканаларга жатып дарыланышууда. Анан Баткендин ооруканаларында ансыз да сыркоолоп турган адамды дептер, самын-сумун, лампочка, дагы бирдемелерди “алып кел” деп кыйнай беришет.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозованын пикиринде, аймакта таза суунун тартыштыгы калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Депутаттын белгилешинче, аймакка келип-кетип жаткан саламаттык сактоо министри жана жетекчи кызматкерлери тек гана конок болуп кете беришпей, абал менен жакындан таанышуулары керек:

- Суунун тартыштыгынан Баткенде жаз алдынан каналдагы сууларга ар кайдан агып түшкөн кир суулар кошулуп кетет. Ошондон улам жайында аймакта ич өткөк, кургак учук, ичкелте жана дагы башка жугуштуу оорулар өсүп кетет.

Кош бойлуу энелердин көбүнүн каны аз. Аймакта боюнан түшкөндөр да көп. Ооруканаларда орун-жайдын тартыштыгы да, өзгөчө жаз-жай айларында оорулуулардын өсүп кеткенинен улам келип чыгууда.

Кант диабети өсүүдө


Кыргызстанда кант диабети менен ооруган адамдардын саны жыл сайын миң кишиге көбөйүүдө. Акыркы он жылда 18 миң адам бул дарт менен жабыркаса, бүгүнкү күндө алардын саны 28 миңден ашуун. Ал эми реалдуу статистика боюнча булардын саны 2-3 эсе көп.

36 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Андрей Ким ушул жылдын февраль айында анализ тапшырганда, дарыгерлер канында канттын деңгээли көтөрүлгөнүн айтышкан:

- Мен мурда спорт менен машыкчумун. Ал эми акыркы жылдары салмагым көбөйүп, кечкисин суусай баштадым. Февраль айында анализ тапшырсам, кант диабетинин экинчи түрү деген диагноз коюшту. Канымда канттын деңгээли 14-16га чейин көтөрүлүп кетиптир. Азыр "Диабетон" деген дары ичип атам. Бирок канттын деңгээли түшпөй атат. Дарыгер диета карма дегенинен, азыр тамакты азайтып, көп кыймылдап, жөө басканга аракет кылып атам.

Кант диабетине чалдыккандарда алсыздык пайда болуп, суусап, бат-бат заара ушатып, тамакка табити жоголуп, арыктай баштайт. Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансеринин дарыгери Кайыргүл Жоошбаева кант диабетинин келип чыгуусун шарттай турган себептерге мындайча токтолот:

- Эң биринчи тукум кууйт, анан май басуу, кан басымынын деңгээлинин жогорулашы, аялдардын 4 жарым килограммдан ашык бала төрөшү, стресс, инфекциялык оорулар - ушунун баары диабеттин келип чыгышын шарттайт.

Акыркы 15 жылда кант диабети менен жабыркагандардын саны кескин өсүүдө. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда учурда 28 миңден ашуун адам кант диабети менен ооруйт, анын 30 пайызы жаш балдар. 2006-жылга салыштырмалуу быйыл кант диабети Бишкек шаарында 8,6%, Талас облусунда -10,8%, ал эми Баткенде бир жарым эсеге өскөн.

Эндокринолог-дарыгер Кайыргүл Жоошбаева бүгүнкү күнгө кант диабети менен жабыркагандардын саны бул көрсөткүчтөн бир канча көп дейт:

- Кан диабети бар экенин билбей жүргөн адамдар абдан көп. Акыркы маалыматтар боюнча 130 миңге жакын болуп эсептелүүдө, Бишкек шаарынын өзүндө 8 миңге жакын адам.

Диабеттин биринчи түрү менен ооругандар таблетка түрүндөгү дары-дармектер менен дарыланышат. Ал эми экинчи түрү 30 жаштан жогорку адамдарда көп кездешет, буларда уйку без аркылуу инсулин бөлүнүп чыкпай калат да, дайыма ийне менен сайылчу инсулинди алып туруулары зарыл болот. Кыргызстанда алардын саны ушу тапта 5 миңден ашуун.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2009-жылы инсулинге 63 миллион сом, ал эми бул жылы 65 миллион сом сарпталган. Ага карабастан инсулин дагы деле жетишсиз. Диабеттик ассоциациясынын жетекчиси Светлана Момунова инсулин европалык фирмалардан алынып келинээрин, бирок оорулууларга керектүү түрлөрү жетишсиз болуп жатканын айтат:

- Фирмалардан келген инсулиндер убагында бизге жетпей калган учурлар болот. Биринчиден, кандай инсулиндер келсе ошол гана түрү ооруканага түшөт. Мисалы, оорулууга инсулиндин башка түрү керек болгон болсо, ал жок болуп калат. Дарыгерлер кайсы түрү келсе ошону бейтаптарга берүүгө туура келип атат. Экинчиден, инсулин белгиленген температурада сакталышы керек. Бизде болсо ошол норма сакталбайт. Бир мисалды айтайын, өткөн жылдын июль, август айларында инсулин Ош облусуна унаа менен 4-5 күн ичинде жеткирилген. Мындай учурда инсулиндин сапаты начарлашы мүмкүн. Ал эми 2009-жылдын жаз айында текшерүү болгондо, мөөнөтү өтүп кеткен инсулиндер Ошко келгени да белгилүү болгон. Экономикабыз начар биздин өлкөдө ушундай чоң акча бөлүнүп аткандан кийин мындай иштер болуп атканын кылмыш деп эсептейм. Биздеги эң чоң балекет - жооптуу адамдар жок. Буга жооп берчү адамдарды жоопко тартканда, кийинки жолу мындай учурлар кайталанбашына аракет кылмак деп ойлойм.

“Кыргызстанда кант диабети менен жашаган адамдардын турмушунун сапатын жакшыртуу жана тобокелдүү топтордо диабетти алдын алуу” долбоору учурда ишке ашырылууда. Аталган долбоордун максатына дарыгер Кайыргүл Жоошбаева мындайча токтолот:

- Карыя адамдардын диабеттин кесепеттерин алдын алууга жана өзүн-өзү кандай алып жүрүүсү керектиги жана башкарууга окутуп аларды үйрөтүү. Диабет менен ооруган карыя адамдардын медициналык жактан камсыздандыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, диабет менен жашаган адамдардын укугун коргоо жана алга жылдыруу.

Ал эми ооруну алдын алууда көбүрөк жөө басып, спорт менен машыгып, туура тамактануу керектигин эскертишет дарыгерлер.
XS
SM
MD
LG