Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

7-апрелдеги кандуу кагылышуулардан 91 адам каза болду. Учурда Бишкекте 78, Жалал-Абадда 20га жакын адам ооруканада. 20-майда Москвага жаракат алгандардан бешөө жөнөтүлдү. Бөйрөк дарттары Кыргызстанда жаш балдардын арасында да өсүп жатат.

7-апрелдеги кагылышууулардан жаракат алып, Бишкекте жана Чүй аймагындагы ооруканаларда 78 киши жатат. Алардын ичинен Чүй облустук ооруканасында жаткан бир оорулуунун абалы оор.

78 кишинин 52си Таш-Төбөдөгү кайра калыбына келтирүү борборунда дарыланууда. 12 киши травматология жана ортопедия улуттук борборунда дарыланып жатат. Ички иштер министрлигинин госпиталында 4 адам, Улуттук госпиталдын бөлүмдөрүндө 9 адам бар.

Айрым медициналык жабдыктардын жоктугунан кечээ жакында операция жасатууга Москвага 5 оорулуу жеткирилгенин Саламаттык сактоо министринин басма сөз катчысы Света Байтикова “Азаттыкка” маалымдады:

- Ооба, бизде айрым медициналык жабдыктар жетишпегендиктен, айрым оорулууларыбызга чет өлкөлөрдөн операция жасатуу үчүн чет жактарга өтүнүчтөр менен кайрылганбыз. Москва да беш оорулуубузга жардам бермек болду.

Жараат алгандардын абалын Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева да сураган.

Ал эми Маевкада жаракат алгандардан Ички иштер министрлигинин бир кызматкери ооруканада. Түркияга жөнөтүлгөн 6 оорулуунун баары кайтып келди. Адистердин айтымында, ал оорулуулар ал жакта дарыланууга көнбөй коюшуп, Бишкекте жана Москвада дарыланууну кайры улантышууда.

Ал эми 14-19-май күндөрү Жалала-Абадда болгон кагылыштардан жаракат алып ооруканаларга 71 адам кайрылды. Алардын ичинен эки киши каза болуп, 60 адам амбулатордук жардам алып, учурда 6 киши ооруканада.

14-майда Жалал-Абатта жаракат алгандардын 36сына ок тийген. Абалдары оор болуп турган 4 оорулуу Бишкекке жеткирилип, аларга жардам корсөтүлүп жатат.

Ал эми 19-майда Жалал-Абатта 74 адам жаракат алып, алтымыш бирине амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. 11 киши ооруканада, 3 киши каза болду. 19-майда Жалал-Абатта болгон кагылышта 5 жашар кыздын ичине ок тийген болчу. Кызга операция жасалып, учурда абалы жакшы.

Угарман сурайт, "Азаттык" жооп издейт

“Улукмандын” өткөн берүүсүндө Кыргызстанда бөйрөк дарттарынын өсүп жатканы тууралуу кеп кылган элек. Уктуруубузду уккан айрым угармандарыбыздан гемодиализге же болбосо жасалма бөйрөк аппаратына кезекке кимдер туруп жатканын айтышып, "кезекке да акча, тааныш менен колунда барлар туруп жатат го, бизге окшогон карапайымдар кезек күтүүнүн айкындыгына кантип ишенсе болот" деген суроолор менен кайрылышкан.

Угармандарыбыздын мына ушул суроолорунан улам, Саламаттык сактоо министринин басма сөз катчысы Света Байтиковага кайрылганыбызда, гемодиализге кезекке туруу Бөйрөк оорулуу адамдардын коому тарабынан көзөмөлдөнүп тураарын, көзөмөлдөө комиссиясына ошол бөйрөк оорулуу адамдардан да өкүлдөр киргенин маалымдады:

- Бөйрөк оорулуу адамдардын коомдук бирикмесинен оорулуулар комиссияга кирген. Оорулуулардын өкүлдөрү өздөрү кезекти карап турушат. Ошондуктан Убактылуу өкмөт да гемодиализден да жаңы аппарат сатып келүү керектигин айтууда.

Света Байтикова белгилегендей, 240 бөйрөк оорулуу адам гемодиализ аппаратынан 3 күндө бир жолу 4 саат бөйрөк тазалатуудан өтүп жатат. Демек, дарыгерлердин айтымында, бул жабдыктан өтүүгө 240 кишиден башка киши кире албайт. Себеби 3 күндө бир жолу бөйрөктү тазалатуудан өтүп жаткан оорулуу бир сеансты үзгүлтүккө учуратса, каза болуп калат.


Ошондуктан таңсык болуп жаткан гемодиализ аппаратынан Кыргызстанга дагы жаңыларын сатып келүү зарылдыгы турат.

15 жаштагы бишкектик кыз бөйрөгүнө операция жасатуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кипрге жөнөтүлүп жатат. Ошондой эле 7-апрелдеги кагылышта жаракат алган абалы оор болуп жаткан бир оорулуу Швециядан операция жасатат.

Апрель-май айларындагы кагылышта оор жаракат алгандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанга немис дарыгерлердин келиши күтүлүүдө.

"Бөйрөктү сактайлы!"


Учурда өлкөдө жаш балдардын арасында өнөкөт бөйрөк ооруусу менен катталгандар көп болууда. Адистердин белгилешинче, бул дартка мурда 6-7 жаштан өйдөгүлөр кабылган болсо, ушу тапта 1 жашка чейинки наристелер да ооруканага түшүп жатат. Ал эми дарыгерлер болсо оорулуулардын көпчүлүгү дарт өтүшүп кеткенден кийин келип жатышканын белгилешүүдө.

Бөйрөк ооруларынын ичинен пиелонефрит өтө кеңири тараган дарт болуп саналат. Бул дартка ар курактагы адамдар кабылышат. Акыркы учурда өнөкөт бөйрөк оорусуна жаш балдар көп чалдыгууда. Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун бөйрөк оорулар боюнча бөлүмүнүн башчысы Назира Бейшенбаеванын айтуусунда, бөйрөк оорусунун өтүшүп кеткен түрү менен бир жашка чейинки наристелер да катталып жатат:

- Мурда бөйрөк оорулары менен 6-7 жаштан өйдө балдарда пайда болсо, азыр 1 жаш, бир жашка чыкпаган балдарда пайда болуп атат. Бул оору жашарып баратат. Жылдан жылга бизге бөйрөк иштебей калды деген акыркы баскычтагы балдар көбөйүп атат. Мурда жылына 5 балага чейин, 2 пайызга жетпеген болчу. Азыр акырындап 7-8 бала болуп атат, 3 пайызга көтөрүлдү.

Баткен облусунун тургуну Кошмурат 3 жашаар Аяна аттуу кызы менен учурда ооруканада жатат. Дарыгерлер Аянага пиелонефрит деген диагноз койгонун айтат:

- Биз Лейлектен келдик. Кызым 1-июлда 3 жашка толот. Быйыл эки жолу приступ болуп, анан заарасы чыкпай калганынан бул жака алып келгенбиз. Дарыгерлер пиелонефрит деген диагноз коюшту. Азыр дарыланып атабыз. Бул жерден бекер дарылап атышат, бирок кээ бир жетишпеген дары-дармектерди сатып алып атабыз.

Бөйрөк оорулары туубаса, ошондой эле бактериалык жана иммундук түрлөргө бөлүнөт. Ушул тапта ооруканага көбүнесе пиелонефриттин бактериалык түрү менен кайрылгандар көп. Эмне себептен жаш балдарда бул дарт көбөйүп жатат деген сурообузга Назира Бейшенбаева мындайча жообун берет:

- Мүмкүн жашоо-турмуш менен байланыштуу. Анткени жылдан-жылга, күндөн-күнгө жашоо кыйындап баратат. 8 жаштан 13 жашка чейинки балдар ушул оорууга жакын болот. Айыл жергесинде кара жумуштун баарын ушул курактагы балдар жасашат.

Дарыгер ошондой эле ооруканага өз учурунда кайралбай, үйүндө каза тапкан балдар да жок эмес дейт:

- Биздин ооруканага шарт таап келген балардын 70-80 пайызы элеттик балдар. Ал эми шарт таап келалбаган, айылында уктап ойгонбой калды, каза болуп калды деген балдар көп болуп атат.

Пиелонефрит оорусуна кабылган баланын денесинде шишик пайда болушу мүмкүн, ошондой эле анын бели, ичи ооруйт. Балада ушундай белгилер пайда болгондо ата-энелер дароо дарыгерлерге кайрылуусу зарыл. Бул дартка чалдыккан балада андан башка да пайда болуучу белгилерге Назира Бейшенбаева мындайча токтолот:

- Биринчи белги - бала өспөй калат, өзүнө туура келген бою, өңү-түсү жакшы болбой калат. Экинчиси, каны азайып баштайт. Үчүнчүсү, маал-маалы менен башы ооруйт, мурдунан кан агат. Кан басымы көтөрүлөт. Көптөрү ага да көңүл бурбай калышат. Эң эле акыркы маалдарында бөйрөгү күч алып баратканда, кусуп, кыйналып, табити жоголуп, заарасынын чыкканын азаят, же өңү өзгөрүлүп баштайт.

Ооруканада 5 жашка чейинки балдар бекер дарыланууга тийиш. Бирок ушу тапта бөйрөк оорусунун оор түрү менен балдар катталып жаткандыктан, аны дарылоодо кымбат дары-дармектерди колдонууга туура келип жатат дейт дарыгер:

- Жылдан жылга дарынын баасы өтө чоң болуп баратат. Анча-мынча биздеги оорулардын каражаты такыр жетпейт. Биздин ооруканада дарылоочу дары-дармектер жардам бербей атат оорулуларга. Ошон үчүн өтө оор, кымбат дарыларды колдонууга туура келип атат. Бөйрөк оорулары өз кебетесин өзгөртүп атат.

Өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыккан балдарды дарыгерлер диспансердик каттоого алып, ар үч жылда заарасын текшерип турушат. Бул дартка чалдыккан балдарды өз учурунда дарыласа 80 пайызга жакыны толук айыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Ал эми бул дартты алдын алууда Медицина академиясынын проректору Рысбек Калиев мындай кеңештерин берет:

- Ооруну алдын алуу үчүн балдарды бензинден алыс кылыш керек, колдон келишинче жугуштуу оорулардан убагында дарыланыш керек. Андан тышкары убагында келип бөйрөктүн ишин текшерип туруш керек. Себеби кандай гана оору болбосун бөйрөккө таасир берет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG