Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:46

Кыргыз медицинасынын мүмкүнчүлүгү канчалык?


Түштүктөгү окуяларда жабыркагандардын бири.

Түштүктөгү окуяларда жабыркагандардын бири.

Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү түштүктө жабыркагандарды чет өлкөлүк аскер дарыгерлери караса деген кайрылуу менен чыгышты. Ал эми өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын жетекчилиги буга негиз жоктугун, андыктан түштүккө тополоң күндөрү Бишкектен барган 64 дарыгердин 48и борборго кайтканын белгилөөдө.

Айрым бейөкмөт уюмдар Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы тополоңдордо ок тийип жаракат алгандарды Орусиянын же башка өлкөлөрдүн аскер хирургдары карашы керек, антпесе каза болгондордун катары дагы көбөйөт деп Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага кайрылуу жасашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Света Байтикова мындай кабатырланууга негиз жоктугун жана айрым оорулууларга Кыргызстанда жок жогорку технологиядагы медициналык жабдыктар зарыл болсо Орусияга жөнөтүлөрүн билдирди:

- Ошто тополоң башталган алгачкы күндөрдө жарадарларды тейлөөдө тез жардам унааларынын жетишсиздиги, зарыл техникалык жабдыктардын жоктугу көрүндү. Абал оор болгондон улам биз Бишкектен 70ке жакын дарыгерди жөнөттүк. Азыр эми алардын 48и кайтып келди. Абал дале оор болсо алар ал жакта болуп турмак. Жогорку сапаттагы жабдыктар зарыл болсо аларды да 7-апрелдегидей Орусияга жөнөтөбүз.

7-апрелде Бишкекте болгон кагылышта бир жарым миңден ашык адам жаракат алып, 500дөн ашык киши ооруканаларда дарыланды. Ал эми чет өлкөлөргө айрым оорулуулар Кыргызстанда соңку үлгүдөгү айрым медициналык жабдыктардын жоктугунан улам жиберилди.

7-апрелде жаракат алган айрым жарандар дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, 10-июнда “Кабар” агенттигинде жыйын өткөрүшкөн. Анда Москвада операция жасалган Бакыт кыргыз хирургдарына москвалык дарыгерлер да баа бергенин айткан эле:

- Менин мойнума алгачкы операцияны Улуттук госпиталда жасашкан. Экинчи этаптык операцияны жогорку технологиядагы жабдыктын жоктугунан Москвага жөнөтүп жасатышты. Орус хирургдары Бишкекте мага жасалган операцияга жогорку деңгээлде баа беришти. Эгер бизде жогорку технологиядагы жабдыктар болсо биз чет жакка бармак эмес экенбиз. Менин Москвадагы операциям он миң доллар турду.


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башкы адиси Жаныбек Абдрасулов Ош жана Жалал-Абад аймактарында болуп, тополоң адеп башталганда тез жардам унааларынын, жарадарларды ташуудагы медициналык техникалык тейлөөлөрдүн мындай чукул жагдайларга даяр эмес экендигине күбө болгон:

- Мисалы, Ошто алгачкы күнү бир айылда бир эле учурда 97 киши жарадар болгон. Аларды райондун борборуна жеткиргенге тез жардам жетишпеди. Ошондой эле тез жардам унааларынын ичинде жарадарга алгачкы жардам көрсөтүүчү зарыл медициналык дары-дармектер да жетишсиз болуп жатты. Ошондой жетишсиздиктерден улам жолдо баратканда көп жарадарлар каза болуп кетти.

Жаныбек Абдрасулов кыргыз дарыгерлеринин жогорку кесипкөйлүгүн да, гумандуулугун да белгиледи. Операция учурунда кансырап кан жетпей жаткан оорулууга операция жасап жаткан кыргыз хирургу заматта өз канынан бере коюп, өлүмдөн алып калган. Мындай мисалдар ондоп саналат.

- Ушул күндөрдө кыргыз дарыгерлеринин өзгөчө талантын, кесипкөйлүгүн, гумандуулугун көрдүм. Мисалы, майы түгөнүп калган тез жардам унааларына кыргыз дарыгерлери ойлонбой туруп өз акчасын сунуп, май куйдуруп атышты.

20-апрелде Травматология жана ортопедия улуттук борборуна Кургандагы Елизаров атындагы институттун директору, дүйнөлүк атагы бар ортопед Владимир Шевцов келип, жасалган операцияларга жогору баа берген болчу.

Ошондой эле 7-апрелде сөөктөрдөн жабырланган 160ка жакын оорулууга жасалган операциялардын рентген сүрөттөрүнө америкалык адистер да жогору баа берген. Аталган борбордун директору Сабырбек Жумабеков буларга токтолду:

- Ооба, Кыргызстандын ооруканаларында октон жаракат алып массалык түрдө түшкөндөр болгон эмес эле. Ошондон улам биз 7-апрелдеги окуялардан кийин Орусиядан академик Владимир Щевцовду чакырганбыз, биз жасаган операцияларды көрсүн деп. Мактангандай болбойлу, ал киши операция болгон 160 кишинин рентген-сүрөттөрүн көрүп, "сөзүм жок" деди. Америкага өзүм алып барып көрсөттүм, алар да жогору баа беришти. Техникалык жактан күчүбүз жетпегендерин Орусияга, Түркияга жөнөтүп жаттык. Операция болгондордун бирөөнүн да кайсы бир жери ириңдеген жок.


Ошто жана Жалал-Абадда болгон тополоң күндөрү Бишкектен жогорку адистиктеги 70ке жакын дарыгер иштеди. Учурда аталган аймактарда 20га жакын Бишкектин ооруканаларынан барган дарыгерлер бар.

Бул күндөрү Травматология жана ортопедия улуттук борборунан түштүк жергесине 16 дарыгер барып, учурда ону кайтып, төртөө ал жакта болууда.

Өлкөнүн башкы ортопеди Сабырбек Жумабеков түштүк жергесиндеги хирургдар менен дайыма байланышта жана айрым жарадарлардын кыргыз дарыгерлеринин кесипкөйсүздүгүнөн каза болушу мүмкүн эмес:

- Тек гана өзбек туугандар ооруканаларга өздөрү түшпөй, түшкөндөрү качып кетип да жатышат. Балким ушундай жагдайлардан жанагыдай сөздөр чыкса керек. Антпесе дарыгерлерге өзбеги да, кыргызы да бирдей. Биздин борбордон да төрт өзбек жаран жашыруун качып кетишти.

XS
SM
MD
LG