Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

Евробиримдик Кыргызстанга ДНК лабораториясын ачууга жардам көрсөтөт. Өлкөнүн түштүгүндө болгон кандуу күндөрдө дарыгерлер да жабыркады. Кандуу окуялар элдин психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизди. Сузакта күйдүргү менен бир адам катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин калк менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Самат Тойматов Кыргызстандын түштүгүндө тополоң башталган алгачкы күндөрү Жалал-Абад облусунун Саламаттык сактоо боюнча координатору болуп дайындалган.

Самат Тойматовдун маалымдашынча, Жалал-Абад облусунун ооруканаларындагы бейтаптардын катары азаюуда жана Кыргызстанга кайткан качкындардын арасында жаракат алгандары ооруканаларга жаткырылууда:

- Жалал-Абад облустук ооруканасында учурда 31 оорулуу жатат. Алардын абалдары коркунучтуу эмес. Ошондой эле жарадар болгон качкындарды да ооруканаларга жаткырып жатабыз.

Күйдүргү дарты катталды

Өткөн аптада күйдүргү дарты менен шектелип Базар-Коргон, Сузак райондорунун тургундары ооруканаларга жаткырылган. Бирок Самат Тойматовдун “Азаттыкка” билдиришинче күйдүргү бир адамдан табылган.

Учурда Жалал-Абад жана Ош аймактарында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү.

Ош, Жалал-Абадда болгон кандуу окуяларда дарыгерлер да жабыркады. Ар кандай себептер менен окко учуп, ур-токмокко кабылгандар, үйлөрү күйүп кеткен, тонолгон дарыгерлер болду. Тез жардам машинелерин аткылаган учурлар да кездешти.

Бишкектеги “Будь здоров” медициналык гезитинин баш редакторунун орун басары Базарбай Гапаров эки облуста тең болуп кайтты.

Базарбай Гапаров кандуу окуялар болгон жерлерде кыргыз дарыгерин өзбек жараны сактаганын же өзбек жаранын кыргыздар сактап калганын күбөлөрдүн өздөрүнөн угуп кайткан:

- Мисалы, белгисиз адамдар тез жардамды чакырып, дарыгерлерди үйгө камоого аракет кылган учурлар болуп качып кутулушкан.

Ош жана Жалал-Абадда болгон тополоңдордо жаракат алып, ооруканаларга жаткырылган бир миңден ашуун жабырлануучулар сакайып чыгышууда. Албетте алардын ичинде да кайрылып операция жасатуучулар, майып болуп калгандар жок эмес.

Москвадан дарыланууну улантууга сунушталган жабырлануучулардын тизмеси Москвага жөнөтүлдү. Алар канча оорулууну кабыл ала турганы тууралуу жооп күтүлүүдө.

Москвага бара турган оорулуулардын жол чыгымын кыргыз тарап, ал эми дарылоо чыгымын толук Орусия тарап көтөрөт.

4-июлда Кыргызстанга Евробиримдиктин эл аралык кызматташтык боюнча комиссары Кристалина Георгиева келип, президент Роза Отунбаева жана саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева менен да жолугушту.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Света Байтикованын “Азаттыкка” билдиришинче, министрлик тарабынан Евробиримдиктин комиссарына Кыргызстанга ДНК лабораториясын, Чукул медициналык жардам көрсөтүү клиникасын ачуу жана сөөктөр кармалчу медициналык борборго муздаткычтарды коюу зарылдыгы айтылды.

Бүгүн коом ооруп турган учур

Акыркы айларда өлкөдө орун алган кандуу окуялар калктын психикалык абалына таасирин тийгизбей койгон жок. Айрыкча түштүктөгү коогалаң ал жактагы элге өтө оор психикалык таасир тийгизди. Адистер депрессияга түшкөн адам сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылышы керек дешет.

Адамдын психикасы жана мүнөзү кылган ишинен, адамга жасаган мамилесинен, аны курчап турган айлана-чөйрөгө байланыштуу. Акыркы айларда өлкөдө болгон кандуу окуялар бир нече күн сыналгыдан көрсөтүлүп жатты. "Бул ар бир жарандын психикасына таасирин тийгизди", дейт Бишкек шаарынын тургуну Аида:

- Бул окуяларда канча деген адам өлүмгө дуушар болуп атат, канча жамандык болуп атат. Канча бир туугандарын, ата-энесин жоготту. Канча жетим бала калды. Булардын баарын сыналгыдан көрсөткөндө ар бир адамдын психикасына таасир этип атат.

Апрель, июнь айларындагы кайгылуу окуялар элдин басымдуу көпчүлүгүн өтө оор психологиялык абалга түшүрбөй койгон жок. Ал эми ошол окуяга өздөрү катышып, энесин, же атасын, баласын, же бир тууганын жоготкондорго мындан да оор таасирин тийгизди, дейт «Сезим» кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова:

- Травмадан кийинки синдром адамдын организмине ар кандай реакция берет. Биринчиден, эч себепсиз эле коркунуч-кооптонуу пайда болот. Бизге бир келин Оштон психологиялык жардам сурап келген, азыр тынч эле абал болуп атат, бирок машинанын "тарс" деген үнү чыкса 1-класстагы баласы керебеттин астына коркуп кире качат экен.

Жамийла Калиеванын уулу Бишкек шаарында 7-8-апрелде болгон кандуу окуяга туш болуп, ага ок тийген:

- Уулум "кан көргөн сайын күчөп чуркай бердик, атканда үч бала өлүп калды, анан мен да жыгылып калыптырмын" дейт. Башынан ок кирип, оозунан чыгып, анан мээсинде да ок калган.

Уулун ушундай абалда көргөн эне психикалык оор абалга түшкөнүн кошумчалады.

Психикалык травма алгандарга учурунда жардам көрсөтүлбөй калса, ал адам депрессияга түшүү коркунучу бар. Депрессиядагы адамда бара-бара кайдыгерлик, кооптонуу пайда болоорун айтат Бүбүсара Рыскулова:

- Депрессияга түшкөн адамга эч нерсенин кереги жок, баары маанисиз болуп калат. Мындай айтканда турмушка терс көз караш болуп калат, эч нерсени жактырбайт. Башы, ичи, ашказаны, бели ооруп, көңүлү ачылбай калат. Анан жини кайнап, эмне болсо да өзүнүн токтото албай, анан ичип кетет, же баңги заттарды пайдаланып калат.

Жабыр тарткандарга, анын ичинде дарыгерлерге да психологиялык жардам көрсөтүү үчүн «Сезим» кризистик борбору жакынкы күндөрү психиатр, психотерапевттердин тобу менен бирдикте түштүккө барууга даярдык көрүп жатышат.

Башаламандыктарда жабыр тарткандарга, жакындарын жоготкондорго психологиялык жардам сөзсүз түрдө керек. Ал эми бул абалдан чыгуу үчүн ооруканага жатпай эле, психотерапевт-дарыгерлердин жардамы менен бул абалдан чыкса болот, дейт Бишкек шаарындагы психотерапиялык жардам борборунун жетекчиси Кеңеш Үсөнов:

- Көңүл чөгүү, психикалык бузулуу, коопсуздануу сезимден дарыланыш үчүн ооруканага жатуунун кажети жок. Бул тармакта психотерапевдер иштешет, ошолорго кайрылуу керек. Алар ошого жараша ыкманы колдонуп, бул акыбалдан чыгууга жардам беришет.

Ал эми деперессияга кабылган адам адистердин жардамын албай жүрө берсе, ал бара-бара суицид, башкача айтканда өзүнүн өмүрүнө кол салууга чейин алып келүү коркунучу бар, дейт Бүбүсара Рыскулова:

- Адам уктай албай калат, уктагандан коркуп калат. Себеби уктаса эле түшүнө жаман нерселер кирет. Ошондон коркуп баштайт. Анан дагы бир реакция - суицид, өз өмүрүн кыйганга ой пайда болот. "Эгерде мен мындан кутулалбасам, мындай турмуштан көрө өлүм барынан куткарат" деп калат. Бул абдан кыйын жагдай.

«Парадай сан» психологиялык борборунун башчысы Айзада Танаева болсо психикалык травма алган адамга депрессиядан чыгууга дарыгерлерден мурун жакындары жардам бере алаарын айтат:

- Депрессиядагы адам бул абалдан жалгыз чыгуусу өтө кыйын болот. Аларга биз психолог дарыгерлер албетте болгон аракеттерибизди жасап, жардамыбызды беребиз. Бирок биздин жардамдан да жакындары, бир тууган, жакшы көргөн адамдары ал адамды курчап, ал жалгыз эмес экенин көрсөтүп, ага сүйүүсүн билдирип, жылуу сөздөрүн аябай турса ал адам депрессиядан бат чыгат.

Адистер айткандай депрессияга кабылган адам жалгыздыкта калбай, эртеңки күндөн үмүт кылуусу зарыл. Ал эми ушу тапта психологиялык кызмат көрсөтүү багытында адистер да иштеп жатышат. Аларга да сөзсүз түрдө кайрылуу керек:

- Жалгыз өзү проблемасын чечкенге кыйын болуп калат. Ошондуктан азыр биздин калк психолог, психотерапевттердин жардамына аябай муктаж. Түштүктө азыр иштеп атышат. 90-50-84 телефонуна чалышса, кайда кайрылуу керектигин айтып беришет. Ал эми «Сезим» борборунун 51-26-40 телефону күндүр-түндүр иштейт. Элдер кайрылса болот.
XS
SM
MD
LG