Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Балдарды коргоонун эл аралык күнү быйыл дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда 60-ирет белгиленүүдө. Кыргызстанда балдардын оорулары жана ымыркайлардын өлүмү жогору болуп жатканына карабастан, төрт жыл илгери иштелип чыгып өкмөткө сунушталган Балдардын саламаттыгын коргоо программасы кабыл алынбай келатат.

Бишкектеги Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда бул күн жыл сайын балдардын, дарыгерлердин жана демөөрчүлөрдүн катышуусунда белгиленип келет. Учурда борбордо 500гө жакын бала дарыланууда.

Рамиля аттуу бир жашар кызы менен борбордо жаткан Гүлнара айым дарыгерлердин жардамы менен кызы жакшы болуп калганын айтат:

- Кызымдын бутунун жамбаш сөөк менен туташкан жеринде боштук бар экен. Ошону дарылап жатышат. Азыр жакшы.

Борбордо дарыланып жаткан балдарды куттуктоо үчүн бүгүн бир топ демөөрчүлөр келишти.

Кыргызстанда балдар арасында оорулардын тизмесинде эң жогорку тепкичинде анемия же аз кандуулук, андан кийин психикалык-неврологиялык оорулар турат. Жыл сайын балдардын тубаса кемтик дарттары да өсүп жатат. Ымыркайлардын өлүмү да Кыргызстанда жогору бойдон калууда.

Андыктан Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, профессор Камчыбек Узакпаев, өкмөт балдардын саламаттыгын коргоону кечиктирүүсүз колго алууга тийиш деген пикирде:

- Тилекке каршы, эң өкүнүчтүү нерсе – биздин өлкөдө 4 жыл мурда иштеп чыгып сунуштаганыбызга карабастан, ушул кезге чейин балдардын саламаттыгын коргоо боюнча программа кабыл алына элек. Ал эми Кыргызстанда балдардын үчтөн экисинин ден соолугунда ар кандай деңгээлдеги көйгөйлөр бар.

Өзгөчө өткөөл жылдар ичинде балдарга байланышкан өтө көп проблемалар келип чыкты. Мисалы, азыр Кыргызстанда балдардын алгылыктуу санаторий же эс алуу лагерлери калган жок. Мектептерде балдар дарыгерлери иштебейт. Мурда бардык облустарда балдар ооруканалары болгон болсо, азыр баары бейтапканаларга бириктирилип кетти. Андыктан айрыкча аймактарда балдардын саламаттыгы өз деңгээлинде терең изилденбей калды.

650 балдар дарыгери өлкөнүн саламаттык сактоо тармагында жетишпейт. Эки жыл илгери Медициналык академиянын педиатрия факультети жабылып да калган болчу. Союз учурунда жылына медициналык институтта 350 педиатр даярдалчу болсо, учурда Медициналык академиядан жылына 50 педиатр гана даярдалууда.

Андыктан балдар дарыгерлерин деңгээлинде даярдоо жана бул адистикке бюджеттик билим берүүдөн көп орун бөлүү маселеси учурда Убактылуу өкмөткө коюлууда.

Энени жана баланы коргоо борборунда өткөн майрамдык иш-чарага катышкан Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева аталган борбордо июнь айында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды акысыз жана кезексиз кароо акциясы уюштурула турганын кабарлады.
XS
SM
MD
LG