Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Пластикалык операциянын оң-терс жагы


Кыздар эле эмес эркектер да бой-келбетин операция аркылуу өзгөртүүнү каалашат

Кыздар эле эмес эркектер да бой-келбетин операция аркылуу өзгөртүүнү каалашат

Азыр пластикалык операция аркылуу келбетин өзгөртүүнү каалаган кыздар эле эмес эрекектер да көбөйгөн. Бирок адистер аны текшерүү, изилдөөдөн өтүп жасатпаса ден соолукка коркунучтуу экенин айтышат.

Бишкек шаарынын тургуну Мээримдин кызына сөөл жугуп, аны алдыруу үчүн жеке медициналык борборлордун бирине кайрылган. Сөөл кызынан Мээримдин өзүнө жугуп, ал да жулдуруп салууну туура көрөт. Бирок, биздин маектеш медицина кызматкерлеринин кайдыгер мамилесине нааразычылыгын “Азаттыкка” айтып берди. Анын айтымында, врачтар эч кандай анализ тапышрууга кеңеш берген эмес жана дароо эле акчасын сураганга шашкан.

- Кызыма бала бакчадан, андан мага сөөл жугуп экөөбүз жеке борборго эле баралы, жакшы карайт болуш керек деп жеке эле медициналык борборго бардык. Ал жактан кеңеш сурасак, анализ тапшыр деп деле айткан жок. Дароо эле алыш керек, баланча акча бересиңер деди. Ал жакта ооруну басуучу дарыларын деле колдонууну унутуп коет, эптеп эле акча алуунун аракети болуп калыптыр. Сөөлдү алдырып салгандан бери эле ар жерим кычышып, аллергия болуп жатам, - дейт Мээрим.

Улуттук онкология борборунун жетекчиси, медиция илимдеринин доктору Рысбек Абдылдаев, түрдүү пластикалык опрерация жасатаардан мурда сөзсүз түрдө онкологдун кеңеши зарылыдыгын белгиледи. Анын айтымында, пластикалык операциялар дайыма эле жакшы натыйжа бере бербейт.

- Пластикалык операциялар кийинки жылдары Кыргызстандын медицина тармагында кеңири колдонулуп келатат. Пластикалык операциялар дайыма эле жакшы натыйжа бере бербесине биз өзүбүз да күбө болуп жатабыз. Пластикалык хирургия коммерцияга абдан жакын медициналык тармак болуп эсептелет. Мисалы, мэңди алганда сөзсүз түрдө онкологго кайрылып, бир канча этап менен анализ тапшыруусу зарыл. Анткени, туура эмес операция жасалып калса жарым жылга жетпей адамдын өмүрүн кыйып коюшу мүмкүн. Ал эми селикондун да адамдын организмине терс таасири жокпу, аны да изилдеш керек.

Ал эми пластикалык хирург Кылычбек Кенжебаев барган сайын өлкөдө пластикалык операция жасатууну каалагандардын саны өскөндүгүн тастыктап, бардык шартта онколог менен кеңешип анан операция жасаларын айтты. Анын айтымында акыркы кездерде айрыкча кыздар арасында операция аркылуу сурма коюп көзүн чоңойтууну, арыктоо жана жашарууну каалагандардын саны арбыды.

- Операция жасагандан мурда текшеребиз. Анкологиялык оорусу болгондор, күчөп кете тургандар дароо эле билинет. Анколог кеңешин бергенден кийин гана операция жасалат.

Кыргызстандагы пластикалык оперция борборлордо күнүнө жок эле дегенде бир операция жасалат. А мындай борборлор ондоп саналат.

Кылычбек Кенжебаев пластикалык операция жасатуу кыздар эле эмес эркектер арасында да чоң кызыгууну жаратып жатканын кошумчалады.

- Эркектер деле пластикалык операция жасатат. Акыркы кездерде корей улутундагы балдар да сурмасын жасатууга келип жатышат. Бир жолу бир корей улутунадгы балага ушундай операция жасагандан кийин атасы да келип, жасатып кеткен. Кыргыз жигиттер деле келет. Бирок, алар көбүнчө мурду сынып калганда ж.б. шарттарда кайрылышат.

Пластикалык операция жасатуу Батышта, акыркы кезде Орусияда да чоң модага айланган. Айрыкча, эстрада жылдыздары, актер, актриса, теле алып баруучулар медицинанын бул түрүн кеңири колдонуп келишет. Адистердин айтымында, Кыргызстанда да элге таанылып калган адамдар арасында пластикалык операция жасаткандар бар, бирок келишимге ылайык алардын атын айтууга болбойт. Биз да айрым эстрада ырчыларынын бул багыттагы пикирин билүү максатында кайрылган өн элек. Маселен, белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева пластикалык операцияны өөн деле көрбөй турганын, бир канча убакыт өткөн соң ал деле бул маселеге кайрылып калышы ыктымалдыгын билдирди.

- Албетте, Кудай берген көрккө, өңгө эч нерсе жетпейт. Бирок өзгөчө аялзаты кээ бир шарттарда пластикалык операциянын кызматын колдонуунун эч кандай жаман жагы же уяты жок. 50-60 жашка келгенде мен деле ошондой ойго барышым мүмкүн, ал оюман баш тартышым да мүмкүн. Аны эми убакыт көрсөтөт.

Ал эми жаш эстрада ырчысы Замир Арыкбаев өз келбетине нааразы эмес экенин айтты.

- Бул маселе деле адамдын мүмкүнчүлүгүнө жараша болот болуш кеерк. Ашып-ташып аткан каражаты барлар ойлонбосо, башкалар ал тууралуу деле ойлонушпайт го дейм. Мен болсо Кудайга шүгүр өзүмүн келбетими нааразычылыгым жок. Кудай берген табийгый нерсесин жасалма нерсеге алмаштыргым келбейт.

XS
SM
MD
LG