Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

7-апрелде жаракат алгандардан Улуттук госпиталда абалы оор болуп жаткан Белеков аттуу жигит каза болду. 1-майга карата ВИЧ/СПИД менен расмий катталгандардын эсеби Кыргызстанда 2929 адамга жетти. Кыргызстанда куш тумоосун алдын алуу боюнча адистердин даярдыгы кандай? Соңку убакта Кыргызстанда бөйрөк дартына кабылгандардын саны өсүүдө.

1-майга карата Кыргызстанда ВИЧ/СПИДди жуктургандар катары расмий катталган 2929 адамдын 2767си кыргызстандыктар. Өлкө боюнча бул дартка кабылгандардын саны Чүй облусунда жогору. Бишкектеги “СПИД” борборунун директорунун орун басары Айгүл Исмаилованын айтымында, мурдагыдай эле баңгилердин арасында ийне жолу менен жугуу жогору:

- Акыркы убактарда ВИЧ менен расмий катталгандар да өсүп жатат жана бул дарт аялдар арасында да өсүүдө. Ал эми салыштырмалуу карасак, ВИЧти жуктургандардын 25 пайызын аялдар, ал эми 75 пайызын эркектер түзөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 7-апрелде жаракат алгандардан бүгүнкү күндө ооруканаларда 97 адам дарыланууда. Улуттук госпиталда реанимацияда 7-апрелден бери эсине келбей жаткан 2 оорулуунун бири Белеков каза болду. Ал эми катуу абалдагы экинчи оорулуунун саламаттыгы жакшыра баштады.

Башкы дарыгер Самат Тойматов чет өлкөлөрдө дарыланып жаткан апрель окуяларында жаракат алган оорулуулардын саламаттыгына токтолду:

- Москвада бир оорулуубузга ашказанына жана кекиртегине үч жолу операция жасалды. Ушул оорулуубуздун абалы да оор болуп турат. Ал эми Түркиядагы балабыз жакшы болуп, келүүгө камынып жатат. Чет өлкөдө бул экөөнөн башка оорулуу калган жок. Дагы үчөөн Орусиядан дарыланууга даярдап жатабыз. 43 киши Курортология жана калыбына келтирүү борборунда.

Кыргызстанда куш тумоосун алдын алуу боюнча даярдыктар кандай?

Кыргызстанда мындан эки жыл мурун куш тумоосун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү багытында STOP AI аталышындагы долбоор ишке киришкен. АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин колдоосу менен ишке ашкан бул долбоордун негизинде эки жыл ичинде куш тумоосун алдын алуу боюнча Кыргызстанда миңден ашык адис даярдалып, дары-дармектер да алынган. 2010-жылдын апрель айында аяктаган STOP AI долбоорунун алкагында Кыргызстандык мал догдурлар кандай тажрыйба алышты? Эми алар куш тумоосуна канчалык деңгээлде даяр?

Кыргызстан канаттуу-куш продукцияларын сатып алуу жана сатуу багытында буга чейин куш тумоосу катталган Кытай, Иран, Орусия, Пакистан жана Ооганстан өңдүү өлкөлөр менен кызматташып келет. Бул көрүнүш Кыргызстанга куш тумоосунун коркунучу бар экенин көрсөтүп турат. Айрыкча 2006-жылы Кыргызстандын коңшусу Казакстанда да бул тумоонун катталышы куш тумоосунун орчундуу коркунучунан кабар берет. Бул туурасында тумоону алдын алуу долбоорунун кеңешчиси Барат Умаров да билдирет:

-Куш тумоосу Кыргызстанда катталбаганы менен бизде коркунуч бар. Биздин Кыргызстан жапайы канаттуулардын, мисалы, Азия мамлекеттеринен Сибирь жакка бараткан миграциялык жолунда турабыз. Ошол Казакстандан канаттуулар кышташ үчүн Азия тарапка учуп барышат экен. Ошондо биздин көлмөлөргө күндүзү токтоп кетишет. Натыйжада оору бизде чыкпайт де эч ким кепилдик бере албайт.

Барат Умаров билдиргендей, куш тумоосу Кыргызстанда чыгып кетүү коркунучу абдан жогору болгондуктан буга кылдат мамиле кылуу керек. Бул маселени чечүү үчүн STOP AI долбоору жергиликтүү мал догдурларга чоң жардам бергенин Куш тумоосуна каршы Орто Азия боюнча борбордун башкы ветеринардык адиси Жолдошбек Дадыбаев билдирет. Ал куш тумоосуна каршы күрөшүү үчүн жергиликтүү мал догдурлар менен тыгыз иштөө керектигин долбоор көрсөткөнүн айтат:

- Ылаң чыккан жерлерде, мисалы, Таиландда, Индияда, Вьетнамда көрүндү. Бул улуттук план жарабайт экен. Бул жергиликтүү план болсо гана иштейт экен. Себеби ылаң министрдин кабинетинде болбойт экен. Ылаң жергиликтүү аймактарда, сарайларда болот экен. Бул план жазылганда аткаруучу адамдар эмес, академиктер түшүнгөндөй кылып жазуу эмес, жергиликтүү адистер түшүнө тургандай кылып жазуу керек.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агентигинин колдоосу менен ишке ашкан STOP AI долбоорунун алкагында республикалык деңгээлде 25 адис жана өрөөңдөрдө болсо миңге жакын адис даярдалып чыккан. АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин саламаттыкты сактоо боюнча адиси Нора Модригал, долбоордун негизинде окутулган адистер жергиликтүү аймакта башка мал догдурларды дагы үйрөтүшү керектигин айтат. Мындан сырткары куш тумоосун алдын алуу боюнча мал догдурлар менен саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кызматташуусу ийгилик жаратаарын белгилейт:

-Куш тумоосун алдын алуу боюнча STOP AI долбоорунун жыйынтыктары канааттандыраарлык. Менимче, буга чейин жасалгандар чындыгында эле чоң иш болду. Долбоордун алкагында мал догдурлары менен ден соолук тармагындагылардын бирге иштөөсү кыргыз эли менен Орто Азия элинин ден соолугун коргоого чоң жардам берет.

Ал эми Ысык-Көл мамлекеттик ветеринардык инспекциясынын башкы адиси Бактыбек Амантуров долбоордун негизинде жергиликтүү адистер так маалымат алганын, эгер тумоонун очогу чыга турган болсо, аны жок кылуу боюнча алгылыктуу иштер жасала турганын айтат:

- Негизи бул долбоор боюнча былтыр бүт райондордо окуу жүргүзүлүп бүттү. Куш тумоосуна каршы биринчи чаралар кандай көрүлөт, куш тумоосу деген эмне, айыл өкмөттүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, медициналык кызматкерлер менен чогуу иштештик.

Куш тумоосун алдын алууга багытталган STOP AI долбоору 2008-жылы ишке киришип, ушул жылдын апрель айында жыйынтыкталган.

Кийинки учурда бөйрөк оорулары өсүүдө

Изилдөөчүлөрдүн байкоосунда, дүйнө жүзүндө ар бир он жыл аралыгында бөйрөк ооруларынын эки эсеге өсүү коркунучу бар. Акыркы жылдары Кыргызстанда да бөйрөк оорулары өсүүдө. Ошондой эле өнөкөт бөйрөк оорусуна кабылгандардын да саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйгөн. Мындай ооруларга гемодиализ, башкача айтканда, «жасалма бөйрөк» аппараты менен дарылоо ыкмасы колдонулат. Учурда өлкөдө бул аппараттын жетишсиздигинен улам 146 оорулуу кезекте турат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө өнөкөт бөйрөк оорусу менен катталгандардын саны 2005-жылга салыштырмалуу быйыл 17 пайыза өскөн. Өкүнүчтүүсү өтүшүп кеткен түрдөгү бөйрөк оорулары менен айрыкча ишке жарамдуу курактагы адамдар көп катталып жатат. Алардын бири - 27 жаштагы Азамат аттуу бейтап, 2 жылдан бери гемодиализ, башкача айтканда, “жасалма бөйрөк” аппараты менен жашап келет:

- 15 жашымда бөйрөгүм ооруп Жалдагы балдар ооруканасында дарыланып жүрүп жакшы болуп кеткем. Анан эми 10 жылдан кийин кайра бөйрөгүм ооруп калып, ооруканага келсем бөйрөгүм иштейбей калганын айтышты. Эки жылдан бери жумасына 3 жолу ооруканага келип гемодиализ алып турам. Дем алыш күндөрү гемодиализ албай калган эки күндө кичине кыйналып калам, колдорум чымырайт, жүрөгүм айланат.

Кыргызстанда “жасалма бөйрөк” аппараты Бишкек шаарындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Улуттук энени жана баланы коргоо борборунда, ал эми Ош облусунда бириккен клиникалык ооруканада, Ысык-Көл облусунда болсо бириккен ооруканада гана бар. “Жасалма бөйрөк” аппараты өлкөдө жетишсиздигинен улам өтүшүп кеткен түрдөгү бөйрөк ооруларын дарылоо эң бир көйгөйлүү маселелердин бири болуп саналат. Учурда бул аппарат менен дарылануу үчүн 146 адам кезекте турганын айтат Улуттук кардиология жана терапия борборунун жасалма бөйрөк бөлүмүнүн башчысы Бектур Абдиев:

- Кыргызстан боюнча азыркы кезде 90 адам аппарат менен дарыланып турат. Ал эки 146 оорулуу кезекте турат бүгүнкү күнгө.

Заманбап “жасалма бөйрөк” аппараттары орточо эсеп менен оорулуунун жашоосун 20-25 жылга чейин узартат. Бектур Абдиев бул аппарат оорулуу адамдын организмде чогулган аптыктарды чыгарууга жардам берет дейт:

- Бөйрөктүн милдети көп. Ал эми негизги милдети кан тазалоо жана организмдеги аптыктарды чыгаруу. Бөйрөгү ооруган адамдын заара бөлүп чыгарган функциясы иштебей калат. Бул “жасалма бөйрөк” аппараты канды тазалайт, анан организмде чогулган зааранын уусун, аптыктарды чыгарат.

Улуттук госпиталдын №3 урология бөлүмүнүн башчысы Жуман Мырзалиев өлкөдө бөйрөк ооруларынын көбөйүп жатышынын себептерине мындайча токтолот:

- Жашоо шарттын экономикалык-социалдык оорчулугунан, жалпы экологиянын бузулушунан, андан тышкары радиоактивдүү заттарды бөлүп чыгарган аймактардагы жашаган адамдарда бөйрөк оорулары көп кездешет. Ошондой эле кемтиги менен төрөлгөн оорулуулар да көп кездешет.

Дарыгерлер бөйрөк ооруларынын көбөйүп жатышын бул дартка чалдыккандар ооруну өтүштүрүп жибергенинен да көрүшөт. Тилекке каршы, өлкөдө “жасалма бөйрөк” аппараты жетишсиздигинен ооруудан каза тапкандар да жок эмес. Бул көрүнүштү алдын алууда Убактылуу өкмөт тарабынан жаңы аппараттарды алып келүүгө акча бөлүнөөрүн, ага азыр оорукананын дарыгерлери даярдыктарды көрүп жатканын айтат Бектур Абдиев:

- Оорулары күчөп кеткендер да бар. Оорусу күчөп күтө албай калгандар да көп. Ошондуктан азыр биздин жаңы өкмөт бул аппаратарды алып келүүгө каражат бөлүп беребиз деди. Азыр биз ооруканада даярдык көрүп атабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG