Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

“Улукман”: Жарадарлар Бишкектин ооруканаларында


Ошто бир топ имарат өрттөңүп кеткен.
Ошто бир топ имарат өрттөңүп кеткен.

14-июндан бери Бишкектин ооруканаларында түштүктөн жеткирилген 50гө жакын жарадар дарыланууда. Ош жана Жалал-Абад аймагындагы ооруканаларга Бишкектен 15 медициналык тез жардам унаалары жөнөтүлдү. Өзбектер тарабынан 16-июнда алынып кеткен балдар хирургу Касым Жусупакматов сүйлөшүүлөргө карабай, ушул күнгө чейин кайтарылбай жатат.

Өткөн апта ичинде Бишкектен өлкөнүн түштүк аймагындагы ооруканаларга өкмөт бөлгөн 14 жана бир жеке ишкерден, баары болуп, 15 медициналык тез жардам унаалары жөнөтүлдү. Аларга Бишкектеги жана башка аймактардагы ооруканалардын, медициналык жайлардын кызматкерлеринен гуманитардык жардамдар да салынган.

Медициналык тез жардам унаалары Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак, Базар-Коргон, Баткен ооруканаларына жетти.

Ошто башталган тополоңдон бери түштүк аймагындагы ооруканаларда негизинен Бишкектин бардык ооруканаларынан барган 100гө жакын дарыгер иштеп жатат.

Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага Жалал-Абаддан бир жарадар түшүп, ага операция жасалды. Бул тууралуу профессор, хирург Акылбек Мусаев билдирди:

- Көкүрөгүнө бир литр кан уюп калган экен, операция жолу менен ошону алдык.

Түштүк аймагына аталган ооруканадан 5 хирург жана мээрман айымдар жөнөп кетишти. Борбордун дарыгерлери түштүктө иштеп жаткан борбордун хирургдары менен дайыма байланышта:

- Биз Оштогу, Жалал-Абаддагы бул жактан барган кесиптештерибиз менен байланышып жатабыз. Жалал-Абаддан оор жарадарларды жакында жөнөтмөк болушту.

Бишкектеги Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда учурда тополоңдо жаракат алган эки наристе дарыланууда. Алардын саламаттыгы учурда жакшы.

Ал эми ушу тапта Ош облустук аймак аралык балдар ооруканасында болуп жаткан Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакпаев ал жактагы абалга токтолду:

- Бизге саламаттык сактоо министри да келип кетти. Дары-дармек баары эле жетиштүү. Бул жерде жаткан оорулуулар негизинен баары эле операция болушту. Учурда 3 баланын абалы оор болуп турат.

16-июнда кечки саат 5тер чамасында Оштогу аталган оорукананын хирургу Жусупакматов Касымды ооруканага жакын турган өзбек айылынын тургундары алып кетишкен. Сүйлөшүүлөргө карабай, Камчыбек Узакпаевдин айтымында, алып кеткен адамдар кыргыз дарыгерин бербей жатышат:

- Жусупакматов Касымдын туугандары да келип талап кылып жатышат. Бул иш комендатурага, өкмөткө чейин айтылды. Сүйлөшүүлөргө карабай, өзбек тарап кайрып бербей жатат.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Света Байтикованын билдиришинче, кыргыз жетечилиги балким кыргыз хирургун өзбек тарап дарыгер катары өз оорулууларын каратып жатат деген ишенимде:

- Бул хирург балдар хирургу, паталогоанотом. Мындай коогалаң учурда, жаракат алган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүгө мындай адис зарыл. Биздин илгери үмүтүбүздө, алар кыргыз хирургун дарыгер катары алып кетишкен.

Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда учурда 8 жабырлануучу дарыланышууда. Алардын абалдары тууралу аталган борбордун боор жирургия бөлүмүнүн башчысы Эрнис Тилеков билдириди:

- Учурда биздин борбордо түштүктөн алынып келинген 8 жабырлануучу жатат. Булардын бирөөсүнө эки жолу операция жасалды. Мына ушул жигиттин абалы оор болуп жатат. Калгандары палатада.

Оорулуулар ой бөлүшөт

Ош, Жалал-Абад окуяларынан жабыркагандардын айрымдары Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген. 48 жаштагы Жумакан Асанова Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулуп өскөн. Жумакан айымдын айтуусунда, 12-июнда дары-дармек алганы дарыканага чыгып бутуна ок тийген. Облустук ооруканадан эки окту операция жолу менен алдырып, андан кийин Бишкекке келгенин айтат:

- Он экиси күнү бутум ооруганынан дарыкана издеп эшикке чыккам. Ошол жерден бутума ок тийип калды. Балдар дароо облустук ооруканага алып барышты. Ал жерден бутумдагы эки окту алды. Эртеси Бишкекке жөнөтүштү. Үчүнчү окту бүгүн операция кылып алышты.

Улуттук травматология жана ортопедия борборуна Ош, Жалал-Абад окуясында жабыр тарткан дагы 30га жакын адам кайрылган. Алардын көбү октон жабыркагандар. Айрымдары оор абалда келгенин айтат аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков:

- Биздин борборго түштүк жергесинен келген туугандарыбыздан 30ка жакын адам кайрылды. Айрымдары дарыланып чыгып кетти, калганы 19 адам. Бирок күнүгө 2-3төн келип түшүп атат. Көбүнчөсү ок жеп, сөөктөрү сынып, жабыр тартып келгендер. Башында оор абалда келгендер да болду. Алардын баарын биз реанимацияга жаткырып, кан куюп, жакшы акыбалга алып келип, азыр бөлүмдөргө котордук. Көбүн экинчи операцияга даярдап жатабыз. Сөөктөрдү чогулутуп, бекитип, карматуу атайын аппараттардын жардамы менен жасалат.

Борбордун №2 травматология бөлүмүндө ушу тапта 6 оорулуу жатат. Аларга учурда кезек менен операция жасалып жатат, дейт бөлүмдүн башчысы Убайдылла Насыров:

- Ош, Жалал-Абад окуясынан кийин биздин бөлүмдө алты оорулуу жатат. Баары тең ок тийгендер. Бүгүнкү күндө ал-акыбалдары жакшы. Алты оорулуунун үчөөнө кийинки жумада операция жасалат. Бирөөнө бүгүн жасадык. Сөөккө кирип кеткен октордун баарын алып чыктык. Келгендердин көбүнүн бутуна ок тийген. Бирөө гана колуна ок жеген.

Ушу тапта аталган ооруканада дарыланып жаткан Рахматилло Маматов Жалал-Абаддан Бишкекке келе жаткан жеринен колуна ок тийгенин айтат:

- Өзүм Бишкекте турам. Түштүккө тугандарыма баргам. Жолдо ушул окуяга туш болдум. Жанымда үй-бүлөм бар эле, алардын баарына таш тийди, менин болсо колума ок тийди. Базар-Коргондун ооруканасында биринчи жардам көрсөттү. Анан бул жакка келип жаттым.

Ал эми Канат Айтбаевдин тизесине ок тийип, чыгып кеткен:

- Араванда “Алай” мейманканасынын жанында ок тизме тийди. Ок кайсы жактан келип тийгенин билбей калдым. Бул жерге келип ооруканага жаттым. Азыр операция боло элекмин. Бутумдун шишиги тарагандан кийин операция жасайбыз дешти дарыгерлер.

Ош, Жалал-Абад окуяларында жабыркап, ооруканага кайрылгандар бекер дарыланып жатышат. Бирок айрым ооруларды дарылоодо дары-дармек жетишпей жатканын айтат профессор Сабырбек Жумабеков:

- Кээ бир ооруларга толугу менен жардам бере албай жатабыз. Себеби бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Учурунда 7-апрелдеги окуядан кийин көп компаниялардан дары-дармекти алганбыз. Бирок бүгүнкү күнү министрлик тарабынан болобу, же мэрия тарабынан болобу бул жерден биз сарптаган дары-дармекти төлөп бергенге акча берилген жок. Ошон үчүн дагы башка сурап алганга бизде мүмкүнчүлүк жок. Ошого карабастан 99 пайыз түшкөн оорулардын бардыгын бекер дарылап жатабыз.

Бишкек шаарындагы дагы көптөгөн ооруканаларга кандуу окуяда жабыр тарткандар бүгүнкү күнгө чейин кайрылып жатышат. Улуттук хирургия борборунун жетекчисинин орун басары Асанбек Сыдыгалиевдин айтуусунда, борборго 8 жараат алгандар түшкөн:

- Бизге эки рейс менен келишти. Биринчи күнү төртөөнү алып келишкен, кечээ күнү да төрт адамды алып келишти. Төртөө көкүрөк, өпкөсүнө, төртөө ички органдарына ок жегендер. Үчөөнү келери менен операция кылганбыз, бүгүн экинчисине операция жасадык.

Ооруканага түшкөндөрдүн дээрлигинин абалы оор. Аларга экинчи ирет операциялар жасалып атканын кошумчалады Асанбек Сыдыгалиев:

- Ал-акыбалдары оор. Кечээ операция жасаган балага ок өпкөсүнө тийип, боор, ашказан, ичегисин тешип кеткен. Октун калдыктары тегерегин жабыркатып, ичегиси жакшы иштебей калган. Кечээ ичегисин кайра операция кылдык. Азыр экинчи дагы бир жаш баланы алдык. Анын ичегисине ок тийип, табарсыгы да жарылыптыр. Ичеги кайра барып табарсыгына жабышып калган. Ичегисинен эч нерсе өтпөй калып, кайра операция жасаганга туура келди. Буйруса жакшы болуп кетет деп ойлойбуз. Ооруканага түшкөндөрдүн ичинде кыргыздары да, өзбектери да бар. Колдон келген жардамыбызды жасап атабыз. Дары-дармек жетишээрлик, ооруларга берип атабыз.
XS
SM
MD
LG