Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

2009-жыл саламаттыкты сактоо тармагы үчүн оңой жылдардан болгон жок. Дал ушул жылы төрөттөн каза болгон аялдардын саны арбып, элди дүрбөлөңгө салган чочко ылаңы катталды. Мындан сырткары адистер 2009-жылы жаштар арасында жугуштуу оорулардын күчөгөнүн, ВИЧ/СПИДге кабылган адамдардын саны өскөнүн белгилеп жатышат.

Саламаттыкты сактоо тармагын 2009-жылы бир топ оош-кыйыштар менен бирге ийгиликтер да коштоду. Бир топ жетишпеген жабдуулар, тез жардам үчүн унаалар сатылып алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов “Азаттыкка” берген маегинде токтолгон:

- Ийгиликтер көп. Биринчиден, алты миллион долларга жабдууларды алдык. Жаңы жылдын башында алардын баары келет. Аларды аймактык ооруканаларга да бөлүп беребиз. Андан сырткары 50 миң долларга 50 тез жардам машине сатып алганга президент уруксат берди.

2009-жылы Кыргызстандын тез жардам станциясы 85 жылдыгын белгиледи. Ошондой эле И.Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академия да 70 жыл толгондугун чоң салтанат менен өткөрдү.
Айылдарда эле эмес, район, облустун борборлорунда акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер, хирургдар жетишпейт.


Салтанатка катышкан президент Курманбек Бакиев бул тармактагы кадрлардын жетишсиздигине токтолду. Ал акыркы мезгилдерде Кыргызстан өз кадрларын башка мамлекеттер үчүн гана даярдап жатканын айтып, мындан ары медицина тармагын каржылоого өзгөчө көңүл буруларын айткан эле.

- 2005-жылы өлкөдө жалпы оорулар 3 пайызга кыскарганы менен, кант диабети, нерв оорулары, кутурма, сибирь жарасы жана башкага кабылгандардын саны өстү. ВИЧ/СПИД боюнча абал оор бойдон калууда. Өлкөдө эне өлүмүнүн көбөйгөнү тынчсыздандырбай койбойт. Кыска убакыттын ичинде эле Бишкек перинаталдык борбордо алты, Ошто сегиз айда эле 21 аял каза болуптур. Булар медперсоналдардын айынан экени айтылып жатат. Мындан сырткары балдардын өлүмү көбөйүп жатат. Муну колго албасак болбойт.

2009-жылы төрөттөн каза болгон фактылар көбөйдү


Өткөн жылы Бишкектеги №4 перинаталдык борбордо төрт аялдын төрөттөн каза болгонуна байланыштуу төрт кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш иши дарыгерлерге карата Кылмыш жаза кодексинин 119-беренеси боюнча “Кесиптик милдетин тиешелүү деңгээлде аткарган эмес” деген айып тагылган. Буга байланыштуу атайын иликтөө жүргүзгөн Саламаттыкты сактоо министрлиги оорукананын башкы дарыгери Э. Исаев менен Е. Шиловду кызматтан алган.

Мындан тышкары Башкы прокурор Бишкек шаарындагы жана Ош облусундагы төрөт үйлөрүндө каза болушкан 58 аялдын ишин иликтөө алуу милдетин жергиликтүү прокуратура жетекчилерине тапшырган. Министр мырза энелердин төрөттөн каза болгону, тескерисинче, мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайгандыгын айтып келет:

- 2005-жылы 77, 2007-жылы 74, 2008-жылы 64, 2009-жылы 69 эне төрөттөн каза болгон. Мындай учурлар жылда эле болот. Болгону быйыл аз убакыттын ичинде бир жерде каза болгондугунан улам ызы-чуу чыгып кетти.

Кыргызстанды “чангандар”

2009-жылы төрт миңге чукул медицина кызматкери башка өлкөгө барып иштөө максатында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Министрликтин кадрлар жана уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Медер Исмаилов кеткендердин көбү региондордон болгонун белгилейт.
Анын айтымында, учурда айыл жерине жаш врачтар барышпайт. Ошондуктан ал жакта акушер-гинекологдор жана хирургдар жетишпейт.
Учурда формалдуу көп нерсени жасап жатабыз да, ички мазмуну ошол бойдон калууда.


- Врач, медициналык айымдар көбүнесе региондордон кетип жатышат. Ошонун айынан айылдарда эле эмес, район, облустун борборлорунда акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер, хирургдар жетишпейт. Соңку мезгилдерде анестезиолог-реаниматолог жетишсиз болуп жатат. Мисалы, Ысык-Көл облусунда облустук ооруканада бир эле анестезиолог-реаниматолог калды. Биз жаш врачтар үчүн депозитти киргизгенбиз. Бирок жаштар ага карабайт, бул да маселени чечпей жатат. Жаштарды айылдарга жөнөтсөк, жашаганга жери жок, болбосо ижара акысын төлөш керек.

Адистердин баамында, кеткендердин көбүнүн кайтып келүү планы жок. Алар бул тармакта айлыктын аз төлөнүшү кедергисин тийгизип жатканын айтып келишет. Ал эми өлкөдөн кетпей ушул тармакта иштеп жаткан кызматкерлер болсо, айлык акыны көтөрөт деген чоң үмүт менен иштеп келишет.

- Элдерге жардам берсең кандай жакшы. Айлыгыбыз аз, бирок келечекте көтөрөт деп үмүттөнөбүз, - дейт 2000 сом айлык алган саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенген Айганыш.

Чочуткан чочко тумоосу

2009-жылдын элди чочуткан оорусу – чочко ылаңы болду. Ушул күнгө чейин 300гө чукул адам ушул илдет менен катталган.

Мурда-кийин мындай ооруну укпаган кыргызстандыктар бир топ дүрбөлөңгө түшүп, дарыканаларда бет кап, айрым дарылар кадимкидей таңкыс болду.

Ал эми ушул арада Саламаттыкты сактоо министрлиги элди жоопкоотууга шашты. Министр Марат Мамбетов азыр абал стабилдешип калганын, жаңы жылга карата дары-дармектерге даярдыктар көрүлүп жатканын айтып, коомчулукту ынандырууда.

Жугуштуу оорулар көбөйүүдө

Адистер 2009-жылы СПИД жана түрдүү жугуштуу ооруларга кабылып катталгандырдын көбү жаштар экенине токтолушат. “Бейиш” медициналык боборунун урология бөлүмүнүн жетекчиси Акзам Шүкүров буларды айтат:

- 17 жаштан 25 жашка чейинки жаш жигиттердин арасында жугуштуу венерологиялык оорулар көп кездешип жатат. Биринчиден, аларда бул оору туурасында маалыматы жок. Экинчиден, учурда ички миграциянын көп болуп жаткандыгы. Көп жаштар айылдан келип, жаңы конуштарда өз алдынча жашап жатышат. Жашоо-турмушу начар. Алар сактануу жолдорун билишпейт.

Ал эми Медицина илимдеринин доктору, эксперт Рысбек Абдылдаев врачтардын жетишпестиги медицина тармагынын четиндеги гана маселе экенин белгилейт. Ал саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик системанын талкаланганын, студенттерге билим берүү эскиче жүрүп жатканын “Азаттыкка” айтты.
17 жаштан 25 жашка чейинки жаш жигиттердин арасында жугуштуу венерологиялык оорулар көп кездешип жатат.


- Кыргызстанда баягыдай эле эскиче билим берилип жатат. Борборлошкон, мамлекеттик деңгээлдеги системаны талкалап салдык. Бүгүнкү күндө окуп жаткан студенттердин, ал эле эмес айрым врачтардын да деңгээли абдан төмөн. Учурда формалдуу көп нерсени жасап жатабыз да, ички мазмуну ошол бойдон калууда. “Халва, халва десе, ооздун ичи таттуу болуп калат” дегендей болуп жатабыз. Бул маселе - бүгүнкү күндө медицинанын четиндеги эле маселе. Абдан татаал болуп, кризистин ичинен чыга албай жатабыз. Биз “реформа болуп, кошумча төлөмдөр болуп атат” деген гана сөз менен чыгып жатабыз. Негизинен бул тармакта маселе көп.

Адистер мындай маселелер өлкөдөгү социалдык, экономикалык абалдын начардыгынан улам чыгып жатканын белгилешет. Минтип отурса бир канча убактан кийин Кыргызстанда жалаң улгайган жана билим деңгээли төмөн гана врачтар калат деп болжошууда. Андыктан алар азыртан мамлекеттик чукул чаралар талап кылынарын кайталап келишет.

"Азаттыктын" архивинен: Чочко тумоосунан чочуган калк

Мурдакы Советтер Союзунун аймагынан тартып Балкан өлкөлөрүнө чейинки мейкиндикти каптаган чочко тумоосу кыргызстандыктарды да бушайман кылды. SA.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG