Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Тамеки таткан кыз-келиндердин катары өсүүдө


31-май - Тамеки тартууга каршы күрөшүү күнү. Кыргызстанда кийинки мезгилде чылым чеккен жаштардын, аялдардын жана кыздардын катары өсүүдө. Андыктан быйыл бул күн “Гендердик фактор жана тамеки маркетинги” деген теманын алдында өтүп жатат.

40 жаштагы Жылдыз аттуу Бишкек тургуну чылым тартууга Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдарда көнүп кеткен. Жылдыз бүгүнкү күндө саламаттыгы кыйла начарлаганын байкап отурат.

- Эгемендиктин алгачкы нан-чайга жетпей калган күндөрүндө, бир жагынан күйөөм арактын артынан түшүп, балдарым жаш, тамекиге ыктап кеттим. Ошондон бери тартып келатам. Таштайын деп, таштай албай жатам. Бирок ден соолугумдун улам начарлап баратканын сезип жатам. Көкүрөгүм кысылып, бир аз бассам эле энтигип калчу болдум. Жаштарга, айрыкча кыздарга айтаарым, тамекиден алыс болгула. Мунун деги пайдасы жок экен. Ал эми турмуштук кыйынчылыктарды тамеки, арак менен эмес, өз саламаттыгыңа аео менен карап, өзүңдүн сабырдуулугуң менен жеңишиң керек.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму соңку мезгилде чылым чегүү аялдардын жана кыздардын арасында өсүп жатканына тынсыздануусун билдирип, быйылкы 2010-жылды “Гендердик фактор жана тамеки маркетинги” деген темадагы иш-чараларды өткөрүү менен белгилеп жатат.

Тамеки тарткандардын катары Кыргызстанда да жылдан жылга өсүүдө. Кыргызстанда эркектердин 50 пайызы, аялдардын 20 пайызы чылымга көз каранды. Тамеки тартуучулардын жаңы катары эркектерге караганда аялдар жана кыздар арасында тез өсүп жатат.

Кардиология жана терапия улуттук борборунун профессору Нурлан Бримкулов да Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун бул чакырыгы Кыргызстанга да толугу менен тиешелүү экендигин белгиледи.

Бишкекте бүгүн “Тамеки тартасыңбы, өпкөңдүн функциясын текшеребиз” деген аталыштагы акция жүрдү. Бул акция алдыда дагы уланат. Акциянын башкы демилгечиси профессор Нурлан Бримкулов чылымдын аялзатынын саламаттыгына тийгизген олуттуу зыянына токтолду:

- Кийинки убакта эркектерге караганда кыздар, аялзаттар тамеки тартууга эки-үч эсе көп тартылууда. Бул албетте адистерди кабатырлантууда.

Улуттун генефондунун келечеги да кыздарыбыздын саламаттыгынан көп көз каранды. Андыктан кыздар жана аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарыл.

Кыргызстандын тамеки чегүүгө каршы күрөшүү ассоциациясынын төрайымы Чынара Бекбасарованын “Азаттыкка” билдиришинче, июнь айында КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчи жолу Кыргызстанда тамекини таштагысы келгендер үчүн Бишкекте ишеним телефону иштей баштамакчы.

Себеби соңку мезгилде чылым тартуу дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмдары тарабынан “оору” катары каралууда.

Эки жылдан бери Кыргызстан шериктеш мамлекеттердин ичинен биринчи жолу тамекинин зыяндуулугун рекламалоонун Батышта кеңири жайылган жолун максатка ашырууга аракеттенип келет. Бирок бул аракет, Чынара Бекбасарованын айтымында, мурунку өкмөттүн тыюуларынан улам ишке ашпай келди.

Бул болсо – тамеки кутучасынын 50 пайыз көлөмүн, чылымдын адамдын саламаттыгына тийгизген зыяндары көрсөтүлгөн сүрөттөр аркылуу толтуруу аракети:

- Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы “Тамеки тартуу ден соолукка зыяндуу” деген жарнагы жакшы натыйжа берген жок. Ошондуктан биз эки жылдан бери өкмөткө тамеки кутучасынын жалпы көлөмүнүн жарымын ээлеген тамекинин зыяндуулугун жарнамалаган эрежелерди сунуш кылып келгенбиз. Бирок мурдагы өкмөт бул аракетибизди басып келди. Эми учурдагы Убактылуу өкмөт биздин бул аракетибизди колдоп жатат. Жакында бул аракетибиз жагдайында жылыштар болот.
XS
SM
MD
LG