Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Орус психологдору түштүктө жабыркагандарга социалдык-психологиялык жардамдарды көрсөтүүдө. Таанылбаган 201 сөөктү изилдөө Москва шаардык соттук-экспертизалык бюросунда жүрүп жатат. Ичкелте жана башка жугуштуу ичеги-карын оорулары – эң биринчи өздүк тазалыкты талап кылат.

Саламаттык сактоо министрлигинде калкты Коомдук кабыл алуу мурункудай эле жумушчу графиги боюнча күн сайын жүрүүдө. Кайрылуулардын көпчүлүгү Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан болуп, негизинен элдер дарыланууну уюштуруп берүү, дартты алдын ала текшерүү, кеп-кеңеш берүү, майыптыкты аныктоо, дары-дармектерди табууга көмөктөшүү сыяктуу өтүнүчтөр менен кайрылышат. Алардын арасында сапатсыз дарылоо, саламаттык сактоо мекемелеринде ыңгайлуу шарттын жоктугу, дарыгерлердин оройлугу, оорулуулардан акча талап кылуу өңдүү дооматтар да бар.

Демек республиканын калкы медициналык ар кандай суроо-талаптары менен Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кабыл алуу бөлүмүнө иш күнүндө кайрылса болот.

19-августтан бери Москва шаардык соттук-медициналык-экспертизалык бюросунда түштүктө болуп өткөн кайгылуу күндөрдө каза таап, таанылбай жаткан 201 сөөктөн алынган биологиялык материалдарды изилдөө жүрүп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, азырынча Москвадан эч кандай кабар боло элек:

- Изилдөө Москвада бир ай жүрөт, бирок азырынча ал жактан тастыкталган маалымат келе элек. Москвадагы изилдөөгө учурда Кыргызстандан бир адис катышууда.

Орусиядан жардам

Бир жумадан бери Кыргызстанда Орусиянын Сербский атындагы Мамлекеттик социалдык жана соттук психиатриялык борборунун директорунун орун басары профессор Зураб Кекелидзе жетектеген адистери жүрүшөт. Өзгөчө орусиялык адистердин Кыргызстандын түштүк жергесинде дарыгерлер менен ар кандай улуттагы оорулуулар ортосунда ишеним жаратууда, элге психо-социологиялык колдоо көрсөтүүдө жардамы чоң болмокчу.

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов өлкөнүн бардык аймактарынын медициналык мекемелерин кыдырып чыгып, тармакты өнүктүрүүнүн негизги жети багытын белгиледи:

- Алар: Энени жана баланы коргоо, айыл медицинасы, тез жардам кызматын өнүктүрүү, адистерди жеринде бекитүү, коомдук саламаттык сактоо менен айылдагы медициналык комитеттердин байланышын чыңдоо, улуттук “Манас таалими” программасын жыйынтыктап, жаңы концепцияны иштеп чыгуу жана оорулуулардын укугун коргоо.

Сабыржан Абдыкаримовдун кыдыруусунун жыйынтыгында бардык эле аймактык медициналык мекемелерде жабдыктар жетишпегени, көпчүлүк мекемелер эскирип, жаңыртууга муктаж экендиги анык болду.

Таза суу - улут саламаттыгы


Жалал-Абад облусунда быйылкы 7 ай ичинде ичкелте менен 27 киши катталган. Ал эми өткөн 2009-жылда бул дарт менен 57 адам ооруган болчу. Соңку 5 жылда ичкелтеге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга карабай, жыйынтыгы жакшы болбой жатат.

Ооругандардын көпчүлүгү негизинен таза суу менен камсыздандырылбаган Майлуу-Суу шаарынан жана Ноокен районунан болуп жатат. Анткен менен коңшулаш Аксы, Базар-Коргон, Сузак райондорунда деле таза суу жетишпейт.

Мындай абалга карата учурда да бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Негизи Самат Тойматовдун пикиринде, ичкелте өңдүү жугуштуу дарттардын алдын алуу, таза сууга жетишүү – бул мамлекет башында турган көп тармактуу иш:

- Биринчиден, мамлекет элди таза суу менен камсыздашы керек. Экинчиден, мындай жугуштуу оорулар менен күрөшүү жалгыз эле Саламаттык сактоо тармагынын жумушу эмес. Бул маселени чечүүгө көптөгөн тармактар бирге тартылып, чогуу аракеттенгенде гана майнап чыгат.

Ич өткөк - коркунучтуу илдет

Жылда жай мезгилинде дизентерия, башкача айтканда ичеги карындын курч мүнөздөгү жугуштуу оорулары менен адамдар көп катталып келет. Ушу тапта Республикалык ооруканага күнүнө 150-160тай адам кайрылууда, алардын 80 пайызы жаш балдар. Бул ооруну адистер «кир кол оорусу» деп аташат. Дүйнө жүзүндө бул дартка каршы вакцина жоктугуна байланыштуу ооруну алдын алууда бир гана гигиенаны сактоо керектигин эскертишет адистер.

Жай мезгилинде курч мүнөздөгү ичеги-карын жугуштуу ооруларынын күчөп турган мезгили. Булардын ичинен аябай көп тараганы дизентерия оорусу. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуевдин айтуусунда, бул дарт менен ооруканага кайрылгандардын көбү жаш балдар:

- Бүгүнкү күндө биздин ооруканага күнүнө 130-140 адам кайрылып атат. Алардын кырктан-алтымышка чейинин биз жаткырып атабыз. Анын арасында 30-40 адам курч мүнөздөгү ичеги карын жугуштуу оорулар менен келип атышат. Жалпы санынан анын 70-80 пайызы жаш балдар.

Дизентерия оорусун тамак-аш, өзгөчө жуулбаган жер-жемиштер, таза эмес суу чакырат. Эндотоксин аттуу уулу зат ичеги карын аркылуу канга өтөт дагы, адамдын организмин уулантат. Ушу тапта жаш балдардын арасында курч мүнөздөгү ичеги-карын жугуштуу оорулары көп болуп жатканын Нарынбек Айткулуев ата-энелердин кош көңүл мамилесинен көрөт:

- 3-4 айлык балдарын алып алышып, тойлорго, Ысык-Көлгө чейин эс алып кеткен энелер бар. Мен буларды жоопкерсиздик мамиле деп эсептейм. Себеби өздөрү да ар түрдүү тамак-аштарды колдонушат, кээде жолдо, же санитардык гигиенага туура келбеген шарттарда жүрүшөт, күндүн ысыгында. Балдары да жакшы каралбай калат. Ошонун натыйжасында бир жашка чейинки балдардын арасында курч мүнөздөгү ичеги карын жугуштуу оорулар менен кыйын акыбалда келип биздин ооруканга жатып аткан балдар аз эмес.

Бурул айым 10 айлык уулу дизентерия дартына чалдыгып ушу тапта ооруканада жатат. Ал айылга барып, уулу ошол жактан ооруп келгенин айтат:

- Биз Лейлекке барып, ошол жерде бир жума турдук, ал жерден уулум ооруп калып, алтынчы күнү тик учак менен Бишкекке кайра келип, ооруканага түшүп калдык. Уулума он ай болду. Айылда арыктан суу ичишет экен, кичинекей кыздар жер-жемиштерди да жуубай берип койсо керек, байкабай да калыптырмын. Кечке чейин ичи өтүп, 4-5 күнгө чейин денеси ысыды. Азыр, буйруса, жакшы болуп калды.

Бул дартты жуктурган адамда алгачкы белгилери 3 күндөн жети күнгө чейинки аралыкта байкалат:

- Ичеги карындын курч мүнөздөгү жугуштуу оорулар менен ооругандарда дененин табы көтөрүлөт, уулануунун белгилери пайда болот, бала эмчек эмбей калат, шалдырап уктап жатып калат. Кээде дүүлүгүп, ыйлап калат. Уйкусу бузулуп, кусуп, анан ичи өтө баштайт.

Ооруган ымыркайдын заңы менен кошо минералдык туздар жана суулар чыгып, ошонун натыйжасында организмдеги зат алмашуу бузулат. Дизентерияга дуушар болгон балдарды ата-энелери өз учурунда ооруканага алып келбестен, ооруну өтүштүрүп жиберишүүдө. Нарынбек Айткулуев мындай учурда мээде шишик пайда болорун айтып, ушу жайда эле 50гө чукул бала каза тапканын кошумчалады:

- Күчөп кеткенде балада шок, кома пайда болот. Ошонун натыйжасында ымыркай балдарда мээнин курч мүнөздөгү шишиги пайда болот. Кээ бир мезгилдерде балдарды ооруканага кеч алып келишет. Ушул жайда эле тилекке каршы 50гө чукул балдар каза тапты.

Учурда бул ооруга каршы дүйнө жүзү боюнча атайын вакцина иштелип чыга электигине байланыштуу аны алдын алуу кыйын. Андыктан ооруну алдын алууда гигиенаны сактоо зарыл дейт №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жугуштуу оорулар боюнча дарыгери Айнура Сыдыкова.

- Дааратканадан чыккандан кийин, тамак-аш ичүүнүн алдында колду жууш керек экенин баары билет, бирок бардыгы эле ал эрежелерди сактай бербейт. Колду бат-бат самындап жууп туруу керек, ошондой эле тамак-ашка чымындарды, тарактандарды жолотпоо зарыл. Мына ушундай санитардык-гигиенаны сактоо менен бул ооруну алдын алса болот.

Ооруган адамдын заңында миллиондогон микробдор болот. Тамак-аштарга вирусту көбүнчө чымындар алып келет. Ар бир адам тазалыкты сактоо менен гана ооруну алдын алса болорун Нарынбек Айткулуев да эскертет:

- Өздүк гигиенаны толук сакташ керек, чийки сууну эч качан ичпеш керек, кайнаган сууну муздатып анан ичиш керек, жер-жемиштерди таза жууп анан жеш керек. Ар дайым колду самындап жууп, туура тамактануу керек. Чымындар вирусту ташып жүрүүчү фактор болуп саналат. Ошондуктан чымындарга каршы аесуз күрөшүш керек. Чымындар болбошу үчүн үй, короо жайдын санитардык акыбалы да таза болушу керек. Ушул эрежелер сакталса, бул оорунун санын кескин түрдө төмөндөтсө болот.
XS
SM
MD
LG