Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Кош бойлуу эне өзүн кандай алып жүрүшү керек?


Боюнда бар аялдар алгачкы күндөн тартып эле дарыгердин көзөмөлүндө болуп, алардын кеп-кеңешин алып турушу керек. Ал эми көпчүлүк кош бойлуулар 7-8 айга чейин кайрылбай жүрө беришип, өзүнүн да, ымыркайдын да саламаттыгына доо кетирип алышат.

Кош бойлуу кезинде болочоктогу эне оор көтөрбөй, көбүрөөк эс алуусу абзел. Себеби бою кат аялдардын организми өтө назик болуп, өзгөрүүлөргө учурайт. Ымыркай күтүп жаткан болочок энелер биринчи кезекте убактысында туура тамактанышы керек экендигин белгилейт №3 шардык дарыгерлер тобунун гинекология бөлүмүнүн башчысы Бурул Калиева.

Сүт, эт жеш керек. Балага жакшы заттар барыш үчүн, анемия, оорулары менен оорубаш үчүн этти көбүрөөк колдонуш керек. Буга уйдун эти, тили жакшы. Андан кийин чөп-чар өсүмдүктөрүн жана мөмө-жемиштерин жеш керек. Туура тамактанса бою кат аялдардын ден-соолугу да чың болот, түйүлдүктүн да жакшы өсүшүнө көмөк болот.

Боюнда бар кезинде апельсин, лимон, мандарин сыяктуу ысык жерде өсүүчү мөмө-жемиштерди жегенге болбойт. Себеби баланын аллергия болушуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле таттууну ченеми менен жеш керек.

Учурда үчүнчү наристесин күтүп жаткан кош бойлуу айым Таалайкүл Кыдырмышева экинчи баласы боюнда бар кезинде таттуу тамак-ашты ашыкча жеп, анын таасири тийгенин айтат:

-Мен эки уул төрөдүм, экөөндө тең оозумдан таттуну түшүргөн жокмун. Экинчи баламда көбүрөөк жеп, ошондон балам диатез болуп калды. Андыктан таттуу көбүрөөк жегенге болбосуна ишендим.

Боюнда болгон биринчи күндөн тарта эле кош бойлуу эне таза абага көбүрөөк чыгып, сейилдөө керек. Ошондой эле тиешелүү гимнастикалык көнүгүүлөдү жасоо да ашыкча кылбайт.

Гинеколог Бурул Калиева билдиргендей, эң негизгиси гигиеналык жактан өзүн таза алып жүрүү абзел:

-Азыр инфекциялар көп болуп жатат, жыныстык жактан бериле турган. Ошол оорулардын негизинде аялдарда көбүнчө бөйрөгүнүн сезгениши болуп атат, табарсыктын сезгениши болуп атат. Же болбосо ошол инфекциялардын негизинде боюнан козголуп түшүп же болбосо ичинен балдар мерттенип калып жатат.

Кош бойлуу учурунда балага зыян келтирүүчү нерселердин бири бул тамеки тартуу. Эгер бала курсакта жатканда энеси тамеки тартса, анда ал баланын дем алуу органдары жабыркашы мүмкүн. Ошондой эле дарыгердин кеңешисиз ар кандай дары-дармектерди колдонууга да болбойт.

-Биз 12 жумалыгына чейинки учурунда “Фолиевая кислота” деген дарыны беребиз, бул нерв түтүкчөлөрүнүн туура өсүшүнө көмөк көрсөтөт. Экинчиден бизде йод жетишсиз болгондуктан “Йодамарин” деген таблетканы беребиз. Аны төрөгөнгө чейин бир таблеткадан ичиш керек. Эгерде сасык тумоо менен ооруса, же жөтөлүп калган болсо сөзсүз түрдө дарыгердин кеңеши менен ичүү керек, - дейт гинеколог Бурул Калиева.

Боюнда бар мезгилде организм алсыз болуп, терс нерселерди бат кабыл алгандыктан көпчүлүк аялдар сасык тумоо менен ооруп калышат. Бул курсактагы ымыркайга өтө терс таасирин тийгизет. Андыктан кош бойлуу энелер болушунча бул илдеттен алыс болуш керек.

Эгерде биринчи 12 жумалыгына чейин сасык тумоо менен ооруган болсо, көпчүлүк учурда ичинен бала мерттенип калат же эрте эле боюнан түшөт. Же кийин бала өскөн учурда деле ошол балдар кандайдыр бир кемчилик менен төрөлөт.

Адистердин айтуусунда кош бойлуу аялдарга УЗИ апаратына тез-тез түшүүгө болбойт жана компьютерде көбүрөөк иштөөгө тыюуу салынат.

Кош бойлуу кезинде көңүл буруучу нерселердин бири бул - кийим. Башкача айтканда, кыспай турган, кенен кийим-кечелерди кийүү зарыл.

XS
SM
MD
LG